Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Казакстан Кыргызстанга мөөнөтү аяктап бараткан ок-дарылар бергени айтылууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстан Кыргызстанга кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөткөнү тууралуу inform.kz агенттиги маалымдады. Тагыраак айтканда, 5 миллион ок-дары, түтөтмө граната жана башка куралдар бар.

Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бул маалыматты төгүндөй да, бышыктай да элек. Бирок расмий билдирүү даярдалып жатканын маалымдашты.

Аскердик-техникалык кайтарымсыз жардам көрсөтүү боюнча 2015-жылдын 24-июнунда Астанада макулдашуу түзүлгөн. Анын шарты боюнча, Кыргызстанда ок-дарыларды үчүнчү мамлекетке өткөрбөшү керек.

Быйыл февралда Казакстандын коргоо министринин орунбасары Окас Сапаров кандай гана ок-дары болбосун, сактоо мөөнөтү бар экенин айтып, Кыргызстанга өткөрүлчү каражаттардын мөөнөтү аяктап баратканын билдирген.

XS
SM
MD
LG