Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

"Азаттыкты" УТРК 9 аптадан бери “жерип” келет


УТРКнын баш кеңсеси реформа талабын көтөргөн нечендеген пикеттердин күбөсү болду. 2006-жылдын 26-октябры.

УТРКнын баш кеңсеси реформа талабын көтөргөн нечендеген пикеттердин күбөсү болду. 2006-жылдын 26-октябры.

“Азаттыктын” берүүлөрүнүн УТРК аркылуу обого чыгарылбай калганына 2 айдын жүзү болду. Деги, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө өрнөк болгон үзүрдүү кызматташтыкты калыбына келтирүүгө үмүт барбы?


Баарын коюп, башатты айт

Кыргызстандын Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК, мурдагы КТР) ыңкылапка чейинки жылдары (мурдагы президент Аскар Акаевдин режиминин соңку учурунда) объективдүү эмес маалымат каражаты катары эл оозунда “кара куту (жашик)” атыккан.


2005-жылдын 24-мартындагы Элдик ыңкылаптан соң ишмердүүлүгүн таптакыр жаңы деңгээлде жүргүзүүгө талаптанган бул компаниянын жамааты аны коомдук сыналгы каналы катары реформалоо өздөрүнүн башкы мүдөөсү экенин байма-бай жар салып айтып келди.

Ыңкылаптын алгачкы сааттарынан тартып УТРК өз эшигин эл аралык шериктерине, анын ичинде эң оболу “Азаттык” үналгысына ачты жана бул кызматташтык аркылуу өз реформасына да олуттуу кадрдык жана каржылык көмөк алып келди.

2005-2008-жылдары “Азаттыктын” эл аралык деңгээлде таанымал сыналгы жана үналгы адистери Прагадан Бишкекке келип, УТРК жамааты үчүн устаттык дарстарды жана семинарларды акысыз өткөрүп да жатышты.

УТРКнын каналы аркылуу “Азаттыктын” үналгы берүүлөрүнөн тышкары, 2005-жылдын май айынан тартып “Ыңгайсыз суроолор”, ал эми 2006-жылдын январынан – “Азаттык+” жаштар берүүсү да жалпы улутка жетип жатты.

УТРК жетекчилери да өз реформалары байсалдуу улантылып жатканын баса белгилөө үчүн компаниянын “Азаттык” менен тыгыз кызматташтыгына улам шилтеме кылып келишти.

Ошол эле учурда бул шериктештик эки тарап үчүн гана эмес, эң оболу – Ала-Тоодогу жалпы угармандарыбыз жана көрөрмандарыбыз үчүн үзүр берди жана жалпы Борбордук Азиядагы өрнөктүү көрүнүш болуп калды.

Олуттуу сыноо октябрда башталды

Алтын күз. Тогуздун айынын (октябрдын) 8и. Кечки саат 06дан 21 мүнөт өткөн кез. “Кечки Азаттык” берүүсү демейдеги рекламаны обого чыгарып жатты.

Рекламада ошол күнү кечки саат 09:05те “Азаттык” менен УТРКнын биргелешкен “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсү обого чыгаары, бул жолу 05-октябрда өткөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы талдоого алынаары, ага шайлоо бийлиги тарабынан БШКнын өкүлү Самат Бөрүбаев, ошондой эле оппозициядагы “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев катышаары тууралуу маалымат камтылган.

Бирок көгүлтүр экранга кадалган ала-тоолуктар ошол кечте улуттук каналдан өздөрүнүн сүйүктүү берүүсүн көрө алган жок.

Ал эми эртеси эртең менен “Азаттыктын” таңкы берүүлөрү да, андан соң анын башка үналгы берүүлөрү да УТРКнын экинчи каналынан демейдегисиндей чыкпай калды.

Бул бир тараптуу чечим үчүн УТРКнын жетекчилигинен эч кандай алдын-ала расмий эскертүү түшкөн жок.

УТРК менен келишимди “Азаттык” үчүн ким түзгөн?

Айтмакчы, “Азаттык” үналгысынын (тактап айтканда, “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” Кыргыз кызматынын) сыналгы жана үналгы берүүлөрүн УТРК аркылуу обого чыгаруу тууралуу келишимге “Азаттыктын” директору да, анын Бишкектеги бюросунун башчысы да кол койбойт.

АКШнын чет өлкөлөр үчүн берүүлөрдү уюштуруучу атайын агенттиги – “Берүүлөр Башкармалыгынын Кеңеши” (ББК - the Broadcasting Board of Governors, BBG) - АКШдан сырткаркы өлкөлөргө үналгы жана сыналгы берүү уюштурган компаниялардын (анын ичинде “Азаттыктын”) берүүлөрүн уктуруу үчүн тигил же бул чет өлкөлүк шерик компаниялар менен кызматташтык келишимдерин түзө турган атайын мекеме негиздеген. “Азаттыктан” көз каранды эмес болгон жана түздөн-түз ББКга баш ийген бул агенттик же мекеме “Эл аралык Берүүлөр Бюросу” (ЭББ - the International Broadcasting Bureau, IBB) деп аталат.

УТРК менен ЭББ (IBB) “Азаттыктын” сыналгы жана үналгы берүүлөрүн УТРКнын каналдары аркылуу обого чыгаруу тууралуу 2005-жылы түзүлгөн келишимди жыл сайын узартып келишет. Алар келишимди быйыл январда да жаңы мөөнөткө узартышкан.

Адатта, келишим түзүлгөн учурда, аны токтотуунун жол-жоболору да жазылат

Эл аралык келишимге ылайык, ага кол койгон тараптардын бири келишимди токтотуу тууралуу өз ниетин алдын-ала билдирип, анын себебин көрсөтүшү абзел.

Биздин колубуздагы эң соңку маалыматка караганда, УТРКнын жетекчилиги “Азаттыктын” берүүлөрүн убактылуу же биротоло токтотуу ниети тууралуу ЭББга эч кандай расмий кат жолдой элек. Бир чети, УТРК тарабынан “каалга ачык бойдон” кала берүүдө.

Экинчи чети, бул каалга бейрасмий түрдө жана бир тараптуу негизде убактылуу жабылып турганы да турмуш чындыгы.

Маалымат каражаттарында “Азаттыктын карызы” тууралуу айың кеп таркоодо

Ошол эле учурда, айрым массалык маалымат каражаттары белгилүү журналист жана публицист, мурдагы депутат, УТРКнын азыркы директору Мелис Эшимкановго шилтеме жасоо менен “Азаттык” (тактап айтканда, “Азаттыктын” атынан шериктик келишимге кол койгон жана келишимдин каржылык жүгүн аркалаган ЭББ) ушул кезге чейин УТРКга болгон “карызын төлөй электигин” “Азаттыктын” берүүлөрүн бир тараптуу токтотуунун себеби катары көрсөтүп жазып чыгышты.

М. Эшимканов 2006-жылдын 29-апрелинде оппозициянын ири нааразылык жыйынын алып барып жаткан кез. Бишкек, Ала-Тоо аянты.

Чынында эле ушундайбы?

“Азаттыктын” жамаатында УТРК менен кызматташтыкты мындан ары да жигердүү улантуу үмүтү өчө электигин баса айтуу менен бирге, айрым жагдайларды калайыкка ачыктап коюу ылайык деп айтаар элек.

Биринчиден, УТРКга ЭББ тарабынан учурунда жөнөтүлгөн акча каражатынын дарекке кечеңдеп жетиши УТРКнын жетекчилигинин өз компаниясынын банк эсеби тууралуу так эмес маалыматты Вашингтонго бир нече ирет жибергендигинен улам болду. Ал тууралуу тастыктаган тийешелүү документтер бар.

Көрсө, мурдагы КТР, андан соң МТРК, кийинчерээк УТРК аталган компаниянын банк реквизиттери Орусиянын ордо калаасында жайгашкан ортомчу банкта эски аталышы боюнча калган экен, ошол себептүү учурунда жиберилген акча каражаты ЭББнын Вашингтондогу эсебине бир нече аптадан соң улам кайтып келип жатты.

Акыры УТРК ортомчу банкка туура, так реквизиттик маалыматты жөнөткөн соң гана, ЭББ жиберген акча Бишкектеги шеригибизге аман-эсен жетти.

Бул тууралуу ал түгүл УТРКнын бухгалтериясынын өкүлү ЭББга: “Сүйүнчү! Акчаңар толук келди”, деген шаттанган куттуктоо катын да жазды. Бул жылуу кабар Бишкектен өткөн айдын башында жиберилген.

Ошого карабастан, УТРК “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарбай келет. Ушундан улам төмөнкүдөй суроо туулбай койбойт.

УТРКнын “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарбай коюусунун саясий өңүтү барбы?

УТРКнын жетекчилиги айрым маалымат каражаттары үчүн курган маектеринде “Азаттыктын” берүүлөрүн убактылуу токтото туруунун артында тек гана келишимдик милдеттерди аткаруу талабы тургандыгын билдирип келет.

Би-Би-Синин кыргызча берүүлөрүн да 1-декабрда убактылуу токтоткон соң, 5-декабрдагы “Азаттык” үчүн курган маегинде Мелис Эшимканов мырза бул кадамда саясий жүйөө жоктугун, чарбалык талаптар аткарылган соң, Би-Би-Синин берүүлөрүн кайра 10-декабрдан тартып обого чыгара баштаарын тастыктады.

“Азаттыктын ” берүүлөрүн кайра улантуу датасы тууралуу, бирок, УТРК жетекчилиги так кесе билдире элек. Кыргыз өкмөтү да бул тууралуу эч кандай расмий комментарий айта элек.

Үмүтүбүздө, элдик ыңкылаптын жеңиши менен бийликке келгенине 4 жыл да толо элек, кеңири демократиялык реформаларды элине убада кылган Кыргыз бийлиги жана анын карамагындагы УТРК “Азаттыктын” бейтарап, калыс берүүлөрүн кеңири калайыкка жеткирүүнү саясий максат менен аксатуу жолуна түшпөсө керек. Үмүттөнүп туралы...

Шериктикке көлөкө түшүргөн айрым учурлар

Албетте, “Азаттык” менен УТРКнын ортосундагы 2005-жылкы ыңкылаптан кийин өнүгүп келген байсалдуу кызматташтыкка бир тараптуу коркунуч туудурулган учурлар да буга чейин катталганы ырас.

Маселен, “Ала кушту” атынан чакырсак, 2007-жылкы парламенттик эрте шайлоодон кийинки 19-декабрдагы “Ыңгайсыз суроолордун” коногу, мурдагы Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун берүүгө капысынан келбей койгонун шылтоо кылып (чынында, башка коноктор деле бар болчу), ал эми быйыл апрелде жана сентябрда берүүгө конок катары оппозициячыл саясатчы, мурдагы парламент спикери Өмүрбек Текебаев чакырылган чакта, УТРК жетекчилиги эч бир себеп же шылтоо айтпастан туруп эле “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүн көгүлтүр экранга чыгартпай койгон.

Ал эми формалдуу түрдө азыр да күчүндө болгон келишимге ылайык, УТРК “Азаттыктын” берүүлөрүнө эч кандай редакциялык көзөмөл жүргүзбөөгө тийиш.

УТРКдагы реформа үчүн жана ага каршы ички күрөш

Учурда УТРК жетекчилиги реформа жүргүзүүгө аракеттенип жатканын билдирип келет.

Албетте, мурдагы КТРда – азыркы УТРКда тээ совет доорунан бери топтолгон эски өнөкөттөрдү жоюу - өтө оор жана түйшүктүү иш экендиги, реформа үчүн убакыт жана жигердүү жаңычыл кадрлар талап кылынып жатканы анык.

Бирок кыргыз коомчулугу бул ишти маалкатпастан, тез арада жүргүзүүнү, УТРКны чыныгы коомдук сыналгы жана үналгы каналына айлантууну талап кылып келди. Ошондой талапты нааразылык демонстрацияларында калайыкка жарыялагандардын арасында УТРКнын азыркы жетекчиси да болду.

Эми азыркы жетекчиликтен ошол мүдөөнү коомчулук жана УТРК жамааты жаңы күч менен талап кылууда. УТРК кызматкерлеринин айрымдары Мелис Эшимкановду реформа жүргүзө албаган жетекчи катары кызматтан кетирүү талабы менен президент Курманбек Бакиевге кайрылышты.


КТРды коомдук сыналгы катары реформалоо талабын көтөргөн пикетчилердин бири. 2006-жылдын 2-февралы. Эски аянт.



Эшимканов мырза болсо, тескерисинче, өзүнө каршы чыккандарды УТРКдагы соңку реформаларды каалабаган жана ага тоскоол болгон өзүмчүл күчтөр катары баалоодо.

“Азаттыктын” угармандары менен көрөрмандарынын соңку каттарынан:

Айжаркын: Азаттык+ сыналгы программасын көрүп турчу элек. Бирок кийинки күндөрү эфирге чыкпай калды.

Тазагүл Кудайбергенова: Мен Азаттык үналгысын дайыма угуп турам. Кээде радио тартпай калган учурда, окууга барып интернеттен укчу болдум.

Максат. Мен айылда жүргөндө Азаттык радиосун укчу элем. Азыр уга албай калдым.

“Азаттыктын” башка жергиликтүү шериктери кимдер?

Кыргызстандын элет жериндеги жүз миңдеген угарман жана көрөрмандар “Азаттыктын” берүүлөрүн уга албай жана көрө албай кыйналып жаткан кез. Бирок, жогорудагы каттардын айрымдарынан айгинеленгендей, “Азаттыкты” дагы эле угуп жаткандар да бар.

Эмесе, биз менен кызматташтыкты ырааттуу уланткан Кыргызстандагы башка шериктерибизди да атай кетели.

“Азаттык” үналгысынын тигил же бул берүүлөрүн Бишкекте - “Алмаз” жана “Парламент” радиолору аркылуу, Таласта - “Мост” радиосу, Караколдо – L-W (Эл-Дабл-Ю) радиосу, Нарында – “Алмаз-Нарын” радиосу, Баткенде – “Салам” радиосу аркылуу уктуруу улантылууда.

Дагы бир шеригибиз – Жалал-Абаттагы “Сентябр” сыналгы каналы азырынча берүүлөрүн токтотуп турат.

Биздин берүүлөрдү интернет жана сателлит аркылуу да ээн-эркин угууга болот

2002-жылдын ноябрынан бери “Азаттыктын” кыргызча маалыматтары ырааттуу камтылган интернет барагыбыздан тышкары, Жердин жасалма жандоочусун (сателлитти) да берүүлөрүбүздү элге учурунда жеткирүү жаатында көмөккө чакырдык.

Ошентип, УТРК “Азаттыктын” берүүлөрүн (бир тараптуу) токтотконуна байланыштуу, 27-ноябрдан тартып кошумча сателлиттик үналгы каналы (HotBird-8) “Азаттыкты” уктуруунун жаңы каражаты катары колдонула баштады.

AsiaSat3-D жасалма жандоочусу да “Азаттыкты” уктуруу үчүн кызмат кылууда.

Сателлит менен байланыштырчу параболалык антенна сатып алган миңдеген ала-тоолуктар эми “Азаттык” обого түз чыгып жаткан чакта анын берүүлөрүн “ханга салам бербестен” ээн-эркин кармап уга баштады, ал түгүл анын жыштыгы таза кармалып жатканына маашырланышууда.

“Азаттык” менен УТРК мамилеси – калайыктын курч талкуусунда

Белгилүү укук коргоочу жана массалык маалымат каражаттары боюнча адис Шамарал Майчиев “Бишкек басма сөз клубунун” (Бишкек пресс клуб) интернет барагы үчүн маек куруп жатып, “Азаттык” үналгысы УТРК тууралуу комментарий берүүдөн узакка чейин баш тартуу аркылуу бул шериги менен алакасын бузбоого аракеттенген го деген жоромолун айтты жана УТРК үчүн “Азаттыктай” шерик менен кызматташтыкты улантуу каржылык жактан да пайдалуу экендигин баса белгиледи.

Ал эми Кыргызстандын президенти ачыктан-ачык колдогон бийликтеги “Ак Жол” Элдик партиясынын мүчөсү, депутат Гүлнара Дербишева болсо “Бишкек басма сөз клубу” үчүн курган маегинде Мелис Эшимканов мырза менен жакын арада эле сүйлөшкөнүн, Эшимканов ага “Азаттыктын” берүүлөрүнүн токтотулуп жатышынын бирден-бир себеби которула элек акча бөлүгү экенин айтты.

Дербишева айымдын оюнча, мындай шартта “Азаттыктын” берүүлөрүн УТРКда тез арада калыбына келтирүү өтө алгылыктуу иш болоор эле. Анын оюнча, “Азаттык” коомчулукту толкундаткан курч көйгөйлөрдү тайманбай козгогон маалымат каражаты жана бул үналгы калайыкты ар кыл партиялардын, анын ичинде оппозициячыл партиялардын ишмердүүлүгү тууралуу да таасын жана эң жаңы маалымат менен жабдып турат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Иса Өмүркулов болсо жогорудагы интернет басылмадагы маегинде “Азаттыктын” берүүлөрүнүн УТРКдан чыкпай калышын жергиликтүү коомчулукту объективдүү маалыматтан ажыратуу аракети катары мүнөздөгөн.

Талас шаарында 18-ноябрда болуп өткөн Элдик жыйында да “Азаттыктын” берүүлөрүнүн УТРК аркылуу чыкпай жатышы тууралуу сөз болуп, бул кадам саясий мүнөзгэ ээ болгону жана өлкөдөгү сөз эркиндигине каршы чабуулдун бир көрүнүшү катары каралаары белгиленген.

УТРК жетекчилиги менен сүйлөшүү күтүлөт

Жакынкы апталарда “Азаттыктын”, “Берүүлөр Башкармалыгынын Кеңешинин” (ББК - BBG) жана “Эл аралык Берүүлөр Бюросунун” (ЭББ - IBB) биргелешкен өкүлчүлүгү Бишкекке келип, УТРК менен мамилелерди шериктер такалган учурдагы убактылуу “жардан” чыгаруу үчүн бул Кыргыз улуттук сыналгы жана үналгы компаниянын жетекчилиги жана Кыргыз бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзөөрү күтүлүүдө.

“Азаттыктын” берүүлөрүн УТРКда калыбына келтирүүнү тездетүү, Ала-Тоодогу айрым серепчилердин оюнча, УТРКнын жетекчилигинин гана эмес, Кыргызстандын президенти менен өкмөтүнүн да саясий эркине таандык, себеби ушул тапта УТРК демократиялык өлкөлөрдөгүдөй көз каранды эмес коомдук кеңештин башкаруусуна өтпөстөн, түздөн-түз президенттик көзөмөл астында кала берүүдө.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG