Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

Кытайдагы уйгур аял боюндагы баласын бийликтерден сактап калды


Шинжаң-Уйгур автономиялык районундагы мектептердин бириндеги башталгыч класстын окуучулары

Шинжаң-Уйгур автономиялык районундагы мектептердин бириндеги башталгыч класстын окуучулары

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономикалык районундагы Кулжа шаарында жашаган уйгур аял Арзыгүл Турсундун азырынча төрөлө элек баласынын өмүрүн эларалык коомчулук сактап калды. Бирок бийликтер муну жөн койбойт деген кооптонуу бар.

Кытайдагы “бир үй-бүлөгө бир бала” саясаты кытайлардын өздөрүнө гана тарайт. Ал эми башка улуттагылар шаарда жашаса экиден, айылда турса үчтөн бала көргөнгө укуктуу.

Арзыгүл Турсун болсо азыр эки баласы менен Шинжаңдагы Кулжа шаарында жашайт. Ага кошумча, боюнда алты айлык баласы бар. Бирок Арзыгүл айымдын күйөөсү шаардан болгону менен ал өзү айылдан. Ошондуктан алардын балдары кайсыл статустун негизинде каралышы керектиги татаал маселе.

Кытай бийликтери аны эрежени буздуң деп, күчтөп ооруканага алып келип, боюнан алдырабыз дешкен. Уйгур аял буга каршы болуп, айылга кетип калса, ал жерде айыл акимияты кармап, үй-бүлө мүчөлөрүн суракка алат. Акыры Арзыгүл айымды ооруканага жаткырат да аскерлердин көзөмөлүндө калтырышат.

Анын бул окуясы заматта дүйнөгө тарап, адам укугун коргоо жаатында иштеген уюмдар адам укугунун орой бузулуп жатканы тууралуу айтып, коңгуроо кагып чыгышты. Алар Кытай бийликтерин өлкөнүн батышындагы региондордо бул саясат көп учурда туура эмес жүргүзөт деп айыптай башташты.

Германияда жашаган уйгур жазуучусу Көреш Атахан бул боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, аны жумурияттагы башка улуттагыларга каршы жүргүзүлүп жаткан саясат катары сыпаттады.

“Кытай өкмөтү уйгурларга карата кемсинтүү, кыруу, маданиятын жок кылуу максатында уйгур элинин санынын өсүшүнө чек коюп келди. 1980-жылдардан бери кытай бийликтери уйгурлар жана аларга боордош улуттар жайгашкан жерлерге кытайлардын өздөрүн отурукташтыруу планын ишке ашырып келатат. Арзыгүл айымдын боюндагы баласын алдыртууну талап кылып жатышы да – мына ушул саясаттын далили”.

Жазуучунун айтымында, соңку 20 жылда Чыгыш Түркстанда 10 млн.го жакын баланын төрөлүшүнө бөгөт коюлган.

“Кытайлардын бул саясатынын негизги максаты – Кытайдын түштүк-чыгышындагы түрк тилдүү улуттар отурукташкан аймакты толугу менен ээлөө. Анткени 2 млн.квадрат чакырым аймакка жайылган бул жер баалуу кендерге өтө бай деп эсептелинет”, - дейт жазуучу.

Арзыгүл айымдын окуясына адам укугун коргоочу эларалык уюмдардан сырткары, АКШ өкмөтү, сенаты, Евробиримдик да тынчсыздануу билдирип, кытай бийликтерине басым жасай башташты. Акыр аягында Арзыгүл Турсунду баласына эч тийбей, ооруканадан чыгарышты. Бирок жазуучу Кореш Атахандын ишениминде, кытай өкмөтү муну баары бир жөн койбойт.

“Бул өңдүү маселелерди кытайлар буга чейин кантип чечип келишкенине карасак, алар ушинтип эле тим болуп калышпайт. Эми Арзыгүл айымдын өзүнө да, анын боюндагы баласына да, жалпы урук-туугандарына да зор кысым көрсөтүлүшү мүмкүн. Кытай бийликтери мыйзамды бузган уйгурларды түрмөгө отургузуп, керек болсо, өлүм жазасына буйрушат. Адатта, андай окуялар эч жерде айтылбай кала берет”, - деди Германиядагы уйгур жазуучусу Көреш Атахан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG