Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Януковичтин жеңишинен соң украин-грузин алакасы кантет?


Януковичтин көк желек көтөргөн жактоочулары анын жеңишин майрамдашты.
Януковичтин көк желек көтөргөн жактоочулары анын жеңишин майрамдашты.

Украинадагы президенттик шайлоодо буга чейин орусиячыл турумду карманып келген саясатчы Виктор Янукович жеңишке жетишти. Бул жеңиш акыркы беш жылдан бери расмий Киевдин эски совет аймагындагы эң башкы өнөктөшү болуп келген Грузия үчүн эмнени туюндурат?

Түстүү ыңкылаптарды Кыргызстанга караганда бир аз мурдараак башынан кечирген Украина менен Грузия 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардан кийин анда идеялаш болот деп үмүт арттырган кыргыз бийлигине колдоо көргөзүү үчүн тышкы иштер министрлерин дароо Бишкекке жөнөтүшкөн эле. Бирок артта калган беш жыл далилдегендей, кызматташтык ошол сапардан көп деле ары кете алган жок. Болгону кыргыз бийлиги өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүгүнүн таасири астында, Украинадан совет доорунан мураска калган калган карызын өндүрүүгө жетише алды.

Батышты көздөй көпүрө

Ал эми Украина менен Грузия түстүү ыңкылаптардан кийин ич ара айырмачылыктарына карабай, Батыштын баалуулуктарын көздөй бекем тандоо жасаган мамлекеттер ирээтинде каралып келди. Бул тандоонун өзү да эки мамлекеттин тең мисалында аларга таасир көргөзүүгө абдан аракеттенген, саясий багыттарын өзгөртүүгө мажбурлаган Орусия менен душмандашуунун контекстинде туруп жатты.

Эми Украинадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин алардын ушул байланышы үзүлчүдөй. Грузиянын Илья Чачавадзе атындагы мамлекеттик университетинин саясий илимдер боюнча профессору Гия Нодианын көз карашында, Украина акыркы жылдары Грузия үчүн Батышты көздөй жалгыз эле эмес, маанилүү көпүрөнүн да милдетин аткарып келди. Анткени анын геосаясий жана экономикалык салмагы Грузияга караганда кыйла оор. Анын үстүнө географиялык жактан да Европанын борборуна жакын жайгашкандыктан, Европа өлкөлөрүнө Грузиядан арылууга караганда, Украинанын НАТОго жана Евробиримдикке кошулуу мүдөөсүн жээрүү кыйынга турмак:

Гиа Нодиа
- Украинадагы президенттик шайлоодо Виктор Януковичтин жеңиши - Грузия үчүн жагымсыз жыйынтык. 2003-2004-жылдардагы түстүү ыңкылаптардан кийин калыптанган байланыш, президенттер Ющенко менен Саакашвилинин жеке достугу символикалык гана эмес, чыныгы да мааниге ээ эле. Ыңкылаптан кийинки алтын күндөрдө Грузияда адамдар атүгүл Саакашвилинин учагы автопилот менен иштейт, Киевге өзүнөн-өзү эле учуп кетет деп шакаба чегишчү.

Профессор Гиа Нодиа атайы “Азаттык” радиосу үчүн жазган комментарийинде белгилегендей, кокус премьер-министр Юлия Тимошенко жеңишке жетишкенде, ар бир өлкөнүн өзүндөгү кыйынчылыктарга, оңунан чыкпай калган иштерге карабай, кызматташтык мурда тандалган багытта уланат, Грузия менен Украина стратегиялык өнөктөш бойдон калат деп айтууга болот эле. Эми Грузия геосаясий жоготууга кабылганы анык, бирок бир нече факторлорду эске алганда, ал жоготуу канчалык маанилүү, ордун толтуруу канчалык оор экендиги али алдыда байкалуусу керек.

Окшош кызыкчылыктар ойт бердирбейт
Президенттер галстуксуз жолукан жерде, эл дамбалсыз калары эзелтен бери эле маалым.

Борис Беспалый


Украин саясатчысы, парламенттин мурдагы үч жолку депутаты Борис Беспалый Украинада президент алмашып жатканына карабай, Грузия менен кызматташтык мурдагы эле нукта уланат деген ишенимде:

- Менимче, биз Грузия менен мындан ары деле стратегиялык өнөктөш бойдон калабыз. Анткени бул эки тарап үчүн тең маанилүү. Грузия да, Украинада постсоветтик мамлекет, Кара деңиздин боюнда турат. Бизди достук жана кызматташтык үчүн бириктирген көйгөйлөр жетиштүү жана объективдүү факторлор субъективдүү факторлор менен президенттердин ысымына караганда күчтүүрөк. Балким президенттер лыжаны мурдагыдай бирге теппей калат. Мен өзүм мамлекеттер ортосундагы расмий алаканын жактоочусумун. Анткени президенттер галстуксуз жолукан жерде, эл дамбалсыз калары эзелтен бери эле маалым.

Тбилисилик профессор Гиа Нодиа да алдыда Грузия менен Украинаны стратегиялык болбосо да эки тараптуу кызматташтыкты улантууга алып баруучу жагдайлар бар экенин белгилейт. Анын көз карашында, Янукович талапкер катары электораттын орусиячыл катмарына таянды, бирок президент катары ушул эле багытын уланта албайт.

Украинанын президенти ким болбосун өлкөнүн жана коомдун түрдүү катмарлары ортосунда тең салмактуулукту кармоого аргасыз. Украиндердин жаңы президенти НАТО менен тыгыз мамилеге умтулбаары турган иш. Бирок Орусия менен чыгышы ыктымал конфликт аны Евробиримдик менен тыгыз алакага мажбурлоосу мүмкүн.

Анын үстүнө Украинадагы шайлоонун өзү парадокс жаратты. Орусиячыл талапкер жеңди, бирок нукура атаандаштык шартында өткөн, демократиялык шайлоодо. Ушул фактор да профессор Нодианын пикиринде, Украинаны Орусияга эмес, Европага ыктатып тургандай. Буга кошумча ишкер чөйрө да расмий Киевди европалык багытты карманууга түртчүдөй. “Бул жагынан алганда да, Украинанын Орусияга караганда, Грузия менен жалпы кызыкчылыгы көп”,- дейт грузин профессору Гиа Нодиа.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG