Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Столтенберг: Орусияга басымды күчөтүү зарыл


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Москва Украинанын чыгышындагы жаңжалды токтотууга багытталган 2015-жылкы макулдашууну сыйламайынча Орусияга каршы басымды күчөтүп, чектөөлөрдү уланта берүүгө чакырды.

“Эл аралык коомчулук Орусияга басымды күчөтө берүүсү зарыл, өзгөчө Украинанын чыгышындагы абал олуттуу жана өзгөрүүсүз калып жаткан маалда” - деди Столтенберг Украина жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Брюсселде 7-декабрда өткөн жыйынында сүйлөгөн сөзүндө. Ал Москвага каршы экономикалык санкцияларды узартуу маанилүү экенин кошумчалады.

Столтенбергдин пикирин Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер да колдоду.

Өткөн жумада Орусия, Украина, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери жолугушкан. Анда да жыйын майнапсыз аяктаган.

Украинанын чыгышындагы өкмөттүк күчтөр менен Орусиянын колдоосуна ээ козголоңчулардын ортосундагы 2014-жылы башталган куралдуу кагылышууларда 9600дөй адам мерт кетти.

XS
SM
MD
LG