Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан “Freedom House” эл аралык уюму дүйнөдөгү мамлекеттердин эркиндик деңгээлин иликтейт. Ал уюмдун акыркы изилдөөсүнө караганда, Украинанын көрсөткүчтөрү Чыгыш Европа аймагына өрнөк катары каралса болот. Бирок “Freedom House” уюмунун изилдөөлөр боюнча жетекчиси Кристофер Уолкер “Азаттыкка” курган маегинде Украинага байланыштуу тынчсыздануулары менен бөлүштү.

- Сиз Украинадагы демократиялаштыруунун ийгиликтүү же ийгиликсиз болушу, анын жарандык коомунун өнүгүүсү мамлекеттин өзү менен гана чектелбей тургандыгын айтып кеттиңиз. Анын кеңири чөлкөмдөгү болжолдуу таасири кандай?

Кристофер Уолкер: Украинанын демократиялык мамлекет катары ийгиликтери же мүчүлүштүктөрү өтө маанилүү. Анткени бул аймакта Украина сыяктуу өлкөлөр арбын эмес, анча-мынча гана бар эмеспи. Украинанын өрнөгү мисал катары олуттуу мааниге ээ.

Балтика өлкөлөрүн албаганда, мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен Украина бир топ алдыда турат. Бирок эгер анын калыптана баштаган демократиялык институттары начарлап, демократиялык жараяндын солгундашы байкалса, бул тез эле аны өрнөк туткан коңшу мамлекеттерди терс жакка үндөгөн мисал катары кабыл алынышы ажеп эмес.

- Украинанын акыркы он жылдын ичинде жасаган демократиялаштыруу аракеттерине кандай баа бересиз? Алар туруктуу институттардын ишке ашырылышы жана саясий системасынын калк таразасына кабылышы жактан тийешелүү деңгээлге чыга алдыбы?

Кристофер Уолкер: Эгерде Советтер биримдиги ойрон болгондон кийинки доорго кылчайсаңыз, бул учурда кырдаал турукташып, өлкө бат эле бутуна туруп калат деген ишенич чоң болгон. Бирок андай натыйжа дароо эле жетишилген жок. Өзгөчө президет Леонид Кучманын убагында басма сөзгө, маалымат каражаттарына ачык кысым көрсөтүлгөн. Журналист Георгий Гонгадзе өлтүрүлгөндөн кийин, Украинадагы саясий кырдаалды өзгөртүү, маанилүү реформаларды жүргүзүү өтө кыйын деген жалпы маанай үстөм болуп келген.

Андан кийин айтылуу “саргылт ыңкылап” жүзөгө ашып, ал ачык жана конкуренттүү шайлоого жол ачкан, атуулдук коомдун, массалык маалымат каражаттарынын коомдогу ролун кеңейткен. Өтө кеңири аймактагы өлкөлөрдө эркиндик жок болуп жаткан шартта Украинада басма сөздүн эркин болушу өзгөчө байкалып турду. Дал ушул артыкчылыкты эми бул өлкө сактап калышы керек.

- Азыр расмий Москвага ыктап жаткан президент Виктор Януковичтин өкмөтү демократиялаштырууга, жарандык коомдун өнүгүүсүнө коркунуч тийгизеби? Эгерде ал коркунуч туудурса анда кандай усул же арга менен ушундай кадамга барат?

Кристофер Уолкер: Биздин кесиптештерибиз жана өзүбүздүн серепчилерибиз буга чейин айтып келгендей, Украинада ушул жылдын биринчи айларында өткөн шайлоодон кийин келген бийлик, кандай болбосун, бизди тынчсыздандырып турат. Айрым бир тармактарда мурдараак жылыштар байкалса да, кийинки тоскоолдуктар Украинанын узак мөөнөттүү демократиялык өнүгүүсүнө, мыйзамдуулуктун, ачык саясий системанын орношуна кедерги тийгизиши мүмкүн. Мисалы, жарандык коомго жана массалык маалымат каражаттарына бир кыйла кысым көрсөтүү башталганы сезилип турат.

- Батыштагы демократиялык өлкөлөр Украинага кандай жардам көрсөтө алат?

Кристофер Уолкер: Биринчиден, алар Украина соңку жылдары жүзөгө ашырууга жетише алган ийгиликтерди сактап калууга жардам бериши керек. Мен ойлойм, европалык жана америкалык расмий өкүлдөр демократиялык илгерилөө менен байланышкан ушул маселелерди ырааттуу козгоп, талкууга алып турушу керек. Ошондой эле Украинага көрсөтүлгөн ар тараптуу жардам кыска мөөнөттүү эмес, узак мөөнөткө багытталгандыгына жетишүү керек. Улам жаңы чыгып жаткан ар кыл милдеттер жана чакырыктар Украинага саясий, экономикалык жана башка тармактарда колдоону уланта берүү зарылдыгын тастыктап турат ко дейм.
XS
SM
MD
LG