Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Украинадагы улуу ачарчылык геноцидби?


Украинадагы 33-жылдары болгон ачарчылык.

Украинадагы 33-жылдары болгон ачарчылык.

Улуттар уюмунун Геноцид боюнча конвенциясы кабыл алынганына 9-декабрда туура алтымыш жыл толот. Мындан улам постсоветтик өлкөлөрдүн көбүндө коммунисттик доордун кайсыл бир улутка каршы багытталгандай көрүнгөн депортация, ачарчылык, тазалоо өңдүү көрүнүштөрү боюнча кызуу талкуулар жүрүүдө.

Коммунисттик доордун депортация, ачарчылык, улуттук тазалоо өңдүү ошол трагедиялуу окуяларынан аман калгандардын мууну көп учурда аларды "унутулган геноцид" катары мүнөздөшөт. БУУнун Геноцид кылмышын алдын алуу жана ал үчүн жазалоо деп аталган конвенциясы Башкы ассамблея тарабынан 1948-жылдын декабрында кабыл алынып, 1951-жылдын 12-январында күчүнө кирген.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосу Украинада 1930-жылдары орун алган ачарчылыкты иликтеген адис, британиялык тарыхчы Роберт Конквестке (Robert Conquest) айрым суроолор кайрылган.

"Азаттык":- Украин парламенти кызуу талкуулардан кийин 2006-жылдын ноябрында 1932-33-жылдардагы ачарчылыкты украин элине карата геноцид катары тааныган мыйзам кабыл алган. Буга каршы чыккандар - Коммунисттер жана Региондор партиясы ачарчылыкты "геноцидге" теңөө Орусияга каршы маанай жаратарын белгилешкен. Украинанын өз тарыхынын ушул бөлүгүнө карата жасаган мамилеси тууралуу кандай ойдосуз?

Роберт Конквест: - Мен Украинанын ички саясаты жөнүндө жана адамдарды ушул сыяктуу маселелер боюнча мындай же тигиндей добуш берүүсүнө эмне мажбурлаганын жакшы билбейт экенмин. Бирок ачарчылык жөнүндөгү "Азалуу түшүм" (The Harvest of Sorrow) деген китебимде мен геноцид маселесин талдап, Улуттар уюмунунун кароосуна берилгенде, геноциддин анактамасы жөөттөрдөн башка да кеңири чөйрөнү камтыганын белгилегем.

Мен бул жерде геноцид деген сөз абдан эле жарактуу деп ойлобойм. Эгер сиз бул сөздү колдонгуңуз келсе, колдоно аласыз деп айтар элем, бирок ал бир канча башка максаттар үчүн жаратылган.

Бирок мен бул Орусиянын украин элине кол салуусу болгон эмес деп ойлобойм. Дискриминациялык мамиле жасалгандан, арты өлүм –житимди алып келгенден улам бул -аларга каршы чабуул экени анык. Бирок бул сиз орус болсоңуз эле Сталиндин доорунда жыргап-куунамаксыз дегенди да туюндурбайт.

"Азаттык": -1987-жылы сиздин "Азалуу түшүм" деген китебиңиз жарык көргөндө, "Азаттык жана Эркин Европа радиосунун украин кызматы китептин бөлүмдөрүн которуп, анын негизинде берүүлөр түрмөгүн обого чыгарып турду. Украиндердин көбү ачарчылык жөнүндө чыныгы маалыматты, биринчи ирээт ошол берүүлөрдөн укса керек. Ачарчылыкты тануу азыр да кандайдыр бир деңгээлде уланууда. Эмне үчүн деп ойлосуз?

Роберт Конквест: -Менимче баардык жерде тигил же бул нерсени туура эмес деп эсептеген адамдар бар. Бул ушул эле маселеге эмес, ондогон башка маселелерге да тиешелүү. Бул жерде жалпысынан Сталинди тангандар, Холокосту жокко чыгаргандар бар. "Адамдар эмне үчүн өзгөчө саясий же башка көз карашка ээ",- деп сураш, башка китептерге кире ала турган узак окуя.

"Азаттык": - Тарыхтын бул үзүмү тууралуу дагы кандай иликтөөлөр жүргүзүлүшү керек деп эсептейсиз. Украинадагы ачарчылык тууралуу толук маалымат канчандыр бир кезде ачыкка чыгабы?

Роберт Конквест: - Менимче ачарчылык тууралуу түшүнүк азыр кыйла эле орун-очок алып калды. Аны эч ким мындан ары тана албайт. Менимче аны саналуу гана адамдар жокко чыгаруусу мүмкүн. Бул жерде жогору жактан, Москвадан Украинаны камалоо, ачарчылыкты Украина менен Кубандан ары жайылтпоо жөнүндө буйрукту ким бергени билинбеген тендеция бар. Ачарчылыкка башка аймактар Казакстан жана Волга боюу да кабылган. Башка аймактарда да ушул өңдүү чаралар колдонулган.

Бирок Украина менен Кубань камалоого алынганы анык. Бирок бул бир жагынан өлгөндөрдүн саны тикелей ошол жердин улуту эмес, калкы менен гана чектелгенин билүү үчүн жасалган. Анткен менен бул иш жүзүндө улуттук дегенди да туюндурган. Бирок Сталин өзүн антиукраинчылмын деп атаган эмес.

Сталин Украинанга каршы болгонун Андрей Сахаров жана башкалар айтышкан. Бирок Сталиндин Украинага каршы болгону - алар анын тынчын алганында эле. Сталин башка көптөгөн калктарды да жек көргөн.

Атүгүл 1953-жылы жөөттөргө каршы ири тазалоо учурунда ал "жок мен антисемитист эмесмин, биз дарыгерлердин кутуму үчүн болгону он жөөттү жана жөө эмес төрт-беш кишинин көзүн тазалап жатабыз. Демек мен антисемитист эмесмин",-деген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG