Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Советтик режимдин “жасалма ачарчылыгы” толук ачыктала элек


Голодомордун курмандыктарын эскерүү. Киев, 24-ноябрь, 2007-ж.

Голодомордун курмандыктарын эскерүү. Киев, 24-ноябрь, 2007-ж.

Быйыл Украина Улуу Ачарчылыктын 75 жылдыгын белгиледи. Советтик коллективдештирүүнүн күчтөп киргизилиши миллиондогон адамдарды ачарчылыктан өлтүргөн. Бирок советтик режимдин тукум курутчулук саясатынын башка мисалдары азырга чейин ачык айтылбай келет.

1930-жылдардагы Борбор Азиядагы “жасалма ачарчылыктын” көрүнүштөрүн жазып, тартып калууга аракет кыла баштаган учурда Татьяна Невадовская эми эле бойго жеткен кыз болчу. Ал кезде Татьяна сүргүнгө айдалган профессор атасы менен Казакстандагы Чымдаулет айылында жашаган. Ошол кезде ачкачылыктан эмне кылаарын билбей калган бир казак менен жолугушуп калат.

1933-жылдын жаз айлары. Мен көчөдө адистердин бирөөсү менен бараткам. Колумда фото-камера. Жолдо ачкачылыктан араң эле олтурган казак кишини көрүп калдым. Ал талаадагы жумуштан кийин араң жылып бараткан экен. “Ичкенге, жегенге бир нерсе барбы?” - деп жалбарды. Мен жанымдагы адамга камерамды бере коюп, ал казак кишиге суу алып келейин деп шашылып калдым. Ал деми кыстыгып, шашылып ичип жатты. Досум ошол учурда мени кантип сүрөткө тартып калганын көрбөй калыптырмын. Жанагы кишиге бир сындырым нан менен кант алып келейин деп, кайра үйгө чуркадым. Нанды алып келгенче, ал киши өлүп калыптыр”, - деп эскерет Невадовская.

Арадан 50 жыл өткөндөн кийин Невадовская Алматыдагы борбордук архивге келип, анын досу ошол учурда тарткан сүрөттү “1932-33-жылдардагы каардуу ачкачылык” деген сүрөт-документтердин катарына кошот. Ал сүрөттөр көчмөн казактардын мал-мүлкүн тартып алып, күчтөп киргизилген коллективдештирүүдөн чыккан жасалма ачарчылыкты көрсөткөн сейрек кездешүүчү документ болуп калды.

19 жаштагы Невадовская тасмага: “Алар белгисиз жоокерге эстелик тургузгандай эле, мен да каат замандагы ачарчылыктан кырылган улутка эстелик койом”, - деп жазган эле. 1992-жылы Невадовскаянын ал үмүтү актала баштагансыды. Казак бийликтери жергиликтүү тарыхчы, интеллектуалдардын басымы астында Улуу Ачарчылыктан курман болгондорго арнап эстеликтин жайын аныктады.
Бул жерде дале эстелик тургузула элек


Ошондон бери 16 жыл өтсө да, ал жай дагы эле бош турат, эстелик дале тургузула элек. Ачарчылыктан набыт болгондордун күнү деп белгиленчү 31-май азыр “саясий репрессиянын курмандыктарын” эскерүү күнү катары айтылып жүрөт.

Талас Омарбеков – ошол ачарчылык тууралуу изилдөө жүргүзгөн белгилүү казак тарыхчысы. Казак жетекчилиги, анын пикиринде, Москва менен алакасын бузуп албаш үчүн өз элинин тарыхындагы ал кайгылуу окуяларды унутта калтырганга даяр экенин көрсөтүүдө.

Казакстандагы мисал Украинадагыдан такыр айылмаланат. Анткени украиндер өздөрүндөгү 1932-33-жылдардагы ачарчылыкты – же Голодоморду - өткөн айда жалпы эларалык деңгээлдеги талкууга чыгарып, белгилешти. Театрларда Улуу Ачарчылык тууралуу спектаклдер коюлду, кино тасмалар тартылып, китептер жазылууда. Ал окуялар Батыштагы маалымат каражаттары тарабынан кеңири чагылдырылды.

Украинанын президенти Виктор Ющенко, Грузиянын президенти Михаил Саакашвили, Латвиянын президенти Валдис Затлерс, Литванын президенти Валдас Адамкус, Польшанын президенти Лех Качински Голодомордун 75 жылдыгында. 22-ноябрь, 2008. Киев
Ватиканда болсо Рим папасы Бенедикт Он Алтынчы улуу ачарчылыкта ("Голодомор") каза болгондорго арнап, украин тилинде таат окуду. Ал эми Украин президенти Виктор Ющенко Киевдин борборунда Голодомордун курмандыктарына арналган эстеликти ачып жатканда, жанында Грузиянын, Польшанын, Латвия менен Литванын президенттери жана толтура чет өлкөлүк коноктор турушту.

АКШнын Улуттук демократиялык институтунун Украина боюнча директору Марта Коломаетс -Голодоморду бир топ жылдар бою изилдеген адистерден.

Мындан он эле жыл мурда, 1998-жылдын этек чендеринде, Украинада чынында эле Улуу Ачарчылык болгонуна, ал Украинага каршы тукум курут сясаты (геноцид) болгонуна украиндердин 40 эле пайызы ишенчү. Украина эгемендик алган 1991-жылдан тарта ачарчылыктын фактыларын ачыктоо аракеттери көрүлө баштады. Мамлекеттин Коопсуздук кызматы Голодомор тууралуу документтерди ачыктады. Бул өңдүү окуялар экинчи кайталанбашы үчүн, менимче, азыркы президент Виктор Ющенконун өкмөтү да үлкөн иштерди жасай алды”, - дейт Коломаетс.
1920-жылы Фритьоф Нансен Улуу Ачарчылык маалында Саратовдо тарткан бул сүрөт 2006-жылы көргөзмөгө коюлган.


Улуу Ачарчылыктан ("Голодомор") улам 3 миллиондон 10 миллионго чейин адам мерт болгон деп айтылып жүрөт. Болгондо да, Украинадагы Голодомор - Иосиф Сталиндин тушундагы советтик режимдин коллективдештирүү аракетинин алкагында жасалган тукум курут саясатынын бир гана мисалы. Украина, Казакстан, Волга бою жана Түндүк Кавказдагы, ошондой эле, Борбор Азиянын башка аймактарында да орун алган “жасалма ачарчылыктан” 14 миллиондой адам көз жумган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG