Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Украинада жаңы өкмөт түзүлдү


Мыкола Азаров Украинанын премьери болуп дайындалды. Киев, 11-март, 2010-ж.
Мыкола Азаров Украинанын премьери болуп дайындалды. Киев, 11-март, 2010-ж.

Украин парламенти өлкөнүн жаңы премьер-министри кылып Региондор партиясынын лидери Мыкола Азаровду дайындады. Негизинен Януковичтин саясий өнөктөрүнөн куралган коалиция саргылт ыңкылаптын жетекчилерин бийликтен сүрүп чыгарды.

Өткөн айдагы президенттик шайлоодо жеңген Виктор Янукович парламентте жаңы коалиция түзүлгөнүн жарыялап, бийлигин бекемдеш үчүн өкмөттү тезинен курап бүтүрдү. Жаңы коалиция Януковичтин Региондор партиясынын тегерегинде куралып, ага кирген күчтөр өлкөнүн мурдагы каржы министри Мыкола Азаровду премьер-министрликке тандашты.

Орусияда төрөлгөн Мыкола Азаров – Януковичтин көздөй ишенген шериги. Ал Украинанын саргылт ыңкылапка чейинки президенти Леонид Кучманын тушунда алты жыл мамлекеттик салык инспекциясын башкарган. Сынчылар Азаровду жогорудагылардын тилин тапкан амалдуу, коррупцияланган адам катары сыпатташат.

Украинанын жаңы премьери бейшембиде парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкө азыр өтө татаал кырдаалга туш болгонун белгилеп, ага чейин иштеген Юлия Тимошенконун өкмөтүн жөөлөй кетти.

- Биздин милдет – калыс жана натыйжалуу башкарууну камсыздоо. Украинадагы кырдаал тууралуу чындыкты айтып, аны оңдош үчүн эмне кылаарыбызды ачык айтышыбыз керек.

Тимошенко өзү парламенттеги сын пикирлерди четке кагып, жаңы өкмөт мүчөлөрү чогула калып, акчаны өз ара бөлүштүрүүгө ашыгууда деп кошумчалады.

Украин парламентинде жактырылган башка өкмөт мүчөлөрүнө келсек, белгилүү бизнесмен Борыс Колесников вице-премьерликке дайындалды. Ал убагында саргылт ыңкылапка катуу каршылык көрсөткөн адамдар арасында убактылуу абакка отуруп чыккан. Башка да Януковичтин ишеничтүү өнөктөрү ээлеген кызматтарды айтпаганда, тышкы иштер министрлигине Константин Хрышенконун бекитилиши күтүүсүз кадам болду. Украинанын Орусиядагы экс-элчиси батышчыл саясатчы саналат.

Добуш берүү аяктагандан кийин украин парламентинин төрагасы Володымыр Лытвын жаңы түзүлгөн коалициялык өкмөт стабилдүүлүк жана реформалар алып келет деп ишендирди.
“Коалиция Региондор партиясы, коммунисттер, Лытвындын блогу жана Элдик партиянын фракция жетекчилери кол коюп макулдашкандан кийин түзүлдү”, - деп белгиледи ал.

Лондондогу Чатам Хаус клубунун серепчиси Жеймс Шер Украинадагы коалиция көп жагынан Януковичтин тарапкерлерине көз каранды болорун болжойт.

- Бул коалиция акчасын Украинанын өзүндө иштеп тапкан ишкерлер, ал үчүн жанын үрөөгө кепилдик бере турган бюрократтардан куралып калды. Жаңы украин администрациясына Орусиянын таасирин күчөтүү жолдору кеңейди.

Премьер-министрликти өткөрүп берген Юлия Тимошенко бириккен оппозицияны башкара турганын жарыялады. Виктор Януковичтин коалициялык өкмөтү парламенттеги 450 орундун 235инин колдоосуна ээ. Мындай шартта ал өзү айткандай, Украинаны терең экономикалык кризистен чыгарууда парламентти таркатып, аны коркутуп-үркүтпөй, андагы көпчүлүктүн колдоосу аркылуу ишин алдыга жылдыра алат. Азырынча ал Украинанын НАТОго кошулуу аракетин токтотуп, Москва менен жаратылыш газы боюнча жаңы келишим түзүү эң алгачкы иш максаты экенин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG