Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Францияда чукул кырдаал дагы жарым жылга созулат


Париж
Париж

Өлкөнүн коопсуздугу үчүн киргизилген чукул кырдаал 2017-жылдын, июль айына чейин созуларын премьер-министр Бернар Казнёв маалымдады. Анын айтуусунда, өкмөттүн бул сунушу 13-декабрда бекитилет.

Францияда чукул кырдаал өткөн жылы 13-ноябрдагы теракттан кийин киргизилип, бир нече жолу узартылган. Бул убакытта исламчы-террористтер Францияда дагы бир нече жолу чабуул жасашты.

Чукул кырдаалдар массалык демонстрацияларды өткөрүүгө тыюу салып, коомдук жайларды жабууга жана айрым аймактарда кыймылды чектөөгө мүмкүнчүлүк берет. Франциядагы шаарларды аскер кызматкерлери көзөмөлдөшөт.

XS
SM
MD
LG