Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Бишкекте жана Кара-Балтада добуш сатып алуу фактылары аныкталды


Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматта айтылгандай, Бишкек милициясына борбор калаанын тургуну бир саясий партиянын мүчөсү добушун миң сомго сатууну сунуштаганын айтып, кайрылган. Бул факт боюнча чогултулган материалдар шаардык ИИБнын тергөө башкармалыгына берилген.

Дагы бир бишкектик тургун бир саясий партиянын ишенимдүү адамы добуш сатып алууга аракет кылганы боюнча кабарлаган. Министрлик бул факты боюнча видеотасма барын маалымдады.

Добуш сатып алуу фактысы Кара-Балта шаарында да аныкталды. Жайыл районунун тургуну саясий партиянын мүчөлөрү элге азык-түлүк таркатып жүргөнүн кабарлаган. Бул маалымат боюнча, милиция кызматкерлери эки адамды кармашкан. Алардын жанынан азык-түлүк жана шайлоочулардын тизмеси табылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG