Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Стамбулдагы жардырууда 70тен ашуун киши жаракат алды


CNN Türk телеканалы
CNN Türk телеканалы

Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары кабарлашууда. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Водафон "Арена" стадионунун жанындагы эки жардырууда жаракат алгандардын саны 40тан ашканын буга чейин билдирген. 10-декабрда кечки саат 10 жарымда Стамбул шаарында "Бешикташ" менен "Бурсаспор" футбол командаларынын беттешүүсү бүткөн маалда "Водафон Арена" стадионунун тегерегинде кош жардыруу болду. Жардыруунун үнү Стамбулдун көп аймактарында угулган. Жергиликтүү телеканалдар полициянын автоунаасын бутага алган жардырууда анын ичиндеги кызматкерлер жаракат алганын кабарлашкан.

Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна байланышканыбызда кыргызстандыктар жабыркаганы тууралуу маалымат жоктугун айтышты.

XS
SM
MD
LG