Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Украинада “саргылт ыңкылапка” 5 жыл толду. 2004-жылы Киев Орусиянын таасиринен чыгып, АКШ менен Европага бет алган. The Washington Post гезити учурда Кремль Украинаны кайрадан өзүнө жакындатуу амалын издөөдө деп жазат.

“Саргылт ыңкылаптын” баш каармандарынын бири Виктор Ющенко дагы бир мөөнөткө президенттик орунду талашууда. Шайлоого бир нече ай калган учурда аны колдогондордун саны кескин азайды.

Рейтингдер боюнча 2004-жылы Орусия колдоого алып, бирок жеңилип калган Виктор Януковичтин калк арасындагы аброю кыйла жогору. Януковичтен кийин эле жогорку орунду ээлөөгө жарачу талапкер - Юлия Тимошенко. Аны да Кремль колдоого ала баштаганы дайын болууда.

Августта Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Украинанын лидери Виктор Ющенкого ачык кат жазган. Анда Медведев Виктор Ющенкону өткөн жылы Грузия менен согуш чыкканда Тбилисиге колдоо көрсөттү деп айыптап, Украинанын НАТОго кошулуу мүдөөсү үчүн сынга алган. Мындан сырткары Медведев Украинада орусиялык инвесторлорго карата мамиле начар болгонун белгилеп, орус тили кысымга алынганын айтып, 1930-жылдары украин элине геноцид уюштурган деп расмий Киев Советтер Союзун айыптаганына нааразылыгын билдирди.

Каттын мынча катуу кеткен арибинин артында согушуу алдында маанай жаткандай дешет серепчилер. Кебинин акырында орусиялык жетекчи Украинага жаңы элчи дайындабай тура турарын да билдирген.

Кремль менен Киевдин мамилесинин салкындашына себеп болгон 2 негизги маселе бар: Украина аркылуу Европага жеткен Орусиянын газ кууру жана Севастополь шаарында базасы жайгашкан Кара деңиз флоту. Баса, бул флотко байланыштуу келишим 2017-жылы аяктайт. Ушундан улам расмий Москва Украинын бийлигине Кремлге жан тарткан кишинин келишин каалайт.

Ошол себептен учурда Орусиянын өкмөттүк массалык маалымат каражаттарында Виктор Ющенкону жөндөмсүз жетекчи катары сүрөттөгөн макалалар көбөйдү. Ал эми Кремль колдогон Янукович менен Тимошенко рейтингдер боюнча алдыда келүүдө.

Калкынын саны 46 миллионго жеткен Украинада орус улутундагылардын саны сегиз миллионго жакын. Айрым байкоочулардын баамында, ошолордун колу менен Москва чыр чыгарып, согуш деле ачып жибериши ыктымал.

Өткөн жылы Орусия “Абхазия жана Түштүк Осетиядагы өз атуулдарыбызды коргойбуз” деген жүйө менен Грузия менен согуштук жаңжалга барган. Бирок Орусиянын мыйзамында мындай берене жок эле. Ошону оңдоо үчүн ушул жылы Дмитрий Медведев мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө умтулуп жатканы маалым болду.

Бул тууралуу Украинанын биринчи президенти Леонид Кравчук “Азаттыкка” буларды айтты:

- Германия да Польшага каршы согуш ачкандай мына ушундай жүйөнү колдонгон. Орусиянын президенти Медведев Мамдумага коргонуу боюнча мыйзамга толуктоо киргизүүнү сунуштады. Бул толуктоонун кызыктуу эки жагы бар. Биринчиден, башка мамлекеттерде жайгашкан орусиялык куралдуу күчтөр бөлүктөрүн коргоо эми ошол, мыйзамга киргизилген толуктоого таянып жүргүзүлөт. Экинчиден, башка мамлекеттердеги орусиялык атуулдарды коргоодо куралдуу күчтөр пайдалануу. Крымды ала турган болсок, ал жерде Орусиянын аскердик бөлүгү, Кара деңиз флоту жана орусиялык атуулдар бар. Суроо бергим келет: Крымда кимдир бирөө ээленип, чыр чыгарса, калк арасында же флотто кандайдыр кагылыш чыгып кетип, алар Медведевге кайрылса, ал эмне кылат? Кандай кадамга барат?

Бул суроого Мамлекеттик думанын депутаты Владимир Жириновскийдин жообу мындай:

- Асмандан кайсы убакытта болбосун орус десанттары түшүп келишерин башка мамлекеттер билишсин. Десанттар жерге түшүп, аларды тынчтыкка мажбурлайт. Ошентип алар биздин атуулдарды коргой алышат.
XS
SM
MD
LG