Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Таласта акын Аман Токтогуловду эскеришти


Аман Токтогулов
Аман Токтогулов

Акын, котормочу Аман Токтогуловдун 70 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы Таласта өттү. Ага акындын калемдештери, жакындары жана окурмандары катышты. Мааракенин алкагында Аман Токтогуловдун китеп көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле Бишкектеги мамлекеттик Тарых музейи, М.Фрунзе музейлеринин жана Таластагы китепканада сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.

Таанымал акын, котормочу жана адабий сынчы Аман Токтогулов 1945-жылы Талас облусуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган. «Кыргызстан маданияты» гезитинде, «Ала Тоо» журналында, Коопсуздук комитетинде иштеген.

Токтогулов 1992-жылы оорунун айынан каза болгон.

Ал “Поэзияга мамиле»,“Ибарат”, “Барал” аттуу жыйнактардын автору. Ошондой эле Расул Гамзатовдун чыгармаларын кыргыз тилине которгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG