Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Чехияда кармалган “орус хакеринин” ысымы белгилүү болду


Хакер деп шектелген орус жараны камакка алынган учур. 18-октябрь, 2016-жыл.
Хакер деп шектелген орус жараны камакка алынган учур. 18-октябрь, 2016-жыл.

Прагада камакка алган орусиялыктын социалдык медиадагы даректери боюнча “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун иликтөөсү көргөзгөндөй, ал Москванын 29 жаштагы тургуну Евгений Никулин.

Камактагы орусиялык Евгений Никулин экенин бүгүн Москвадан орус тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова да ырастады жана окуяны “АКШнын күч кызматтарынын Орусиянын жарандарына бүткүл дүйнө боюнча аңчылык кылуусунун дагы бир мисалы” деп сыпаттады.

Хакер деп шектелген орус жараны камакка алынганын, аны кармоо АКШнын Федералдык тергөө бюросу – ФБР менен кызматташтыкта жүргүзүлгөнүн чех полициясы 19-октябрда жарыялаган.

Кылмышка шектүү эми АКШга экстрадицияланабы же жокпу деген маселе чех сотунун бүтүмүнө жараша болот. Орусия ал мекенине өткөрүлүүсүн талап кылууда.

Хакер деп шектелген орусиялыктын Чехиядан кармалышы Вашингтон Орусияны быйылкы президенттик шайлоо алдында Демократиялык партиянын компьютерлик серверлерине, белгилүү адамдардын электрондук даректерине жасалган чабуулдардын артында турганы үчүн айыптап жаткан учурга туш келди. (UE)

Чехияда "орус хакер" кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00

XS
SM
MD
LG