Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Патриарх Кирилл саясий алаканы курчуттубу?


Орусия бул күндөрү Украинанын Мосвкадагы элчилигинин саясый бөлүм жетекчиси Игорь Березкинди өлкөдөн чыгарып атканы маалым болду.

Игорь Березкин украиндик-орусиялык алакадагы саясый маселелерди, анын арасында Орусиянын Кара деңиз флотунун базасын Украинада калуусун тескеп келаткан. Мындай кадам, Одессадагы орусиялык башкы консул Александр Гарчев менен кеңешчиВладимир Лысенкону Украин бийлиги өлкөдөн чыгарып ийенден улам, ага жооп ирээтинде жасалганын айтышат.

Москвалык жана бүткүлорусиялык патриарх Кириллдин он күндүк Украинага ырасмий иш сапарында анын диний маанайда айтылган кебинен саясий шаани жаралып, өлкөлөр ошондон улам биринин дипломатын бири чыгарып ийүү болуп атканын белгилешет.

Православие динине таат кылгандар чиркөөсү бар жерлерге Кирилл тийип өткөн жана жолугушуулар маалында православие динине ишенген Украина элин Москвалык патриархатка бириккиле деп чакырык таштаган. Мындай үгүт-айгак украин элинин католик чиркөөсүн аркалаган тарабына катуу тийген. Карапайым эл да мындай жарыяны бир элди динине карап бөлүп-жаруу деп баалашкан.

Ошол себептен Кирилл украин ордо калаасы Киевде кезинде чиркөөгө баш ийбеген, көз карандысыз тарап, көп миңдеген топ жыйнап, ал жерде Кириллди украин чиркөөсүнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырган ураандарды көтөрүп чыгышкан.

Өлкөнүн президенти Виктор Ющенко 27-июль күнү орусиялык диний конокту кабыл алып олтуруп Украинанын православие чиркөөсүнө таат кылган жаатты Москванын көз карандысыз, жергиликтүү православие чиркөө деп таанууга кез келди деген.

Ага жооп ирээтинде айткан пикиринде Кирилл, чындыгында Украинада жергиликтүү православие чиркөөсү бар, ал чиркөө Москвалык патриархатка баш ийген украндик чиркөө болуп эсептелет деген.

«Биз экөөбүз тең православие динине таандыкпыз. Украинада жана Украинанын тегерегинде тынчтык болуш үчүн эмне кылуу керек маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз» - деген расмий сапарга атанып атып Кирилл.

Украин шаарларында ошондуктан бул күндөрү нааразылык билдиргендер чакырыктары: «Москвалык поп, кет!» болгон. Ошондой эле украиндик диний өкүлдөр кооптонуусу кыйла болгон жана «Новые Известия» жазганга караганда, маселен, Кирилл келип түшкөн жерлерде жада калса дааратканалар оозу кулпталып тосулганы жазылат.

Ал эми украин православие дининин руханий жетекчилиги Филарет жана башкалар Кремль кайрадан Украинаны Орусияга кошуу аракетин жасай баштады деп айтышкан. Буга окшош пикирди украндик грек-католик чиркөөсүнүн кардиналы Любомир Гузар «Левый Берег» аттуу басылмага берген жообунда: «Орусия Украинаны канатынын алдында кармоону самап атат» - деген.

Ал эми дипломаттар тагдырына келсек, алардын өлкөлөрдөн чыгарып ташталышы туурасында колго урунаар фактыларды табуу кыйын болууда. Кыйыр түрүндө келген ойлордо гана алардын Кириллдин кебинен улам орус-украин саясий алакасынын курчуп кетиши болду дешет.

XS
SM
MD
LG