Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Янукович Москва менен мамилени оңдоого киришти


Виктор Януковичтин президенттикке келгенине эки айдай гана болду. Бул аралыкта ал Украинанын “чоң коңшусу” менен жакындашуусуна карай бир топ кадам жасоого үлгүрдү. Эксперттер болсо мамлекет башчынын мындай аракеттери өлкөнү эки жаатка бөлүп, стабилдүүлүккө коркунуч жаратып жатат деген кооптонуусун айтышууда.

Апта башында дээрлик бардык ири телеканалдар украин парламентиндеги мушташ, ызы-чууну көргөзүштү. Депутаттар, атүгүл, бири бирине жумуртка ыргытып, чачтарын жулганга чейин барышты. Спикер добуш берүүнүн жыйынтыктарын окугучакты аны жанындагылар кол чатыр менен коргоп отурушту.

Ал күнү Верховна Рада орустардын Кара Деңиздеги аскерий базасынын мөөнөтүн узартуу келишимин колго салып, оппозициянын каршылыгына карабай, документ ратификацияланды. Парламент сыртында болсо оппозиция тарапкерлери менен өкмөттү колдогондор кызуу талашып-тартышып жатышты.

Севастополдогу база боюнча келишимге өткөн жумада Виктор Янукович менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусу маалында жетишилген. Украинада орус аскерий күчтөрүнүн Кара деңизде жайгашышын советтик замандан мураска калган терс көрүнүш катары кабыл алгандар арбын. Мурдагы президент Виктор Ющенко Россиянын флоту 2017-жылдан кийин чыгарылат деп ырастап келди эле. Янукович бийликке келээри менен башкача жасады. Макулдашууга ылайык, Севастополдогу базанын ижара мөөнөтү 25 жылга узартылды. Бул үчүн Москва Киевге саткан газдын баасын 30 процентке арзандатты.

Янукович келишим боюнча мыйзамга кол койгондон кийин Россия “душман катары сүрөттөлүп келген доор аяктады”, Москва менен Киев ортосундагы пикир-келишпестикке чекит коюлду деп билдирди. Оппозициянын лидери, экс-өкмөт башчы Юлия Тимошенко Харьков келишимин “антиукраиналык” документ деп атады.

Буга чейин да украин президенти орустар менен мамилелерди оңдоо багытында бир нече кадам жасаган. Атап айтканда, сот Украинанын улутчул эки лидерине улуттук каарман деген наам берүү буйругун жокко чыгарды. Президенттин “Региондор партиясы” орус тилине мамлекеттик деген статус берүү чөйрөсүндө бир топ аракет көрүүдө. Жуманын башында болсо Янукович Европарламентте сүйлөп, 1930-жылдары Украинада болгон ачарчылык геноцид катары каралбашы керек деп билдирди.

Мамлекет башчынын мындай ыкчамдык менен Москвага ыкташы көпчүлүк украиналыктарды таң калтырды. Көптөрү ал мурдатан эле россиячыл болгону менен, шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө Батыш менен жакындашууга убада кылганын айтышууда.
Саясий аналитик Володимир Фесенко жаңы президенттин мындай аракеттери өлкөнүн саясий системасынын мазмунун өзгөртүүдө деп санайт:

- Формалдуу түрдө өлкө парламенттик-президенттик жумурият деп саналат. Бирок иш жүзүндө президенттик-парламенттик системага күбө болуудабыз. Президент негизги саясий фигурага, чечимдерди кабыл алган негизги адамга айланып калды.

Президенттин сынчылары анын мындай кадамдары Украинанын стабилдүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө кооп туудурбай койбойт деген пикирде.

Социолог Ирина Бекешкинанын ырастоосунда, президент коомду мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде экиге бөлүп жатат:

- Януковичтей болуп көз көрүнө биздин коомду эч ким жаатташтыра элек эле. Ансыз да аны элдин жарымынан азы шайлаган. Ал элди бириктириш керек эле.

Бекешкина Харьков келишими менен президент өлкөнүн узун мөөнөттү коопсуздук кызыкчылыгын газдын баасын төмөндөтүү үчүн садага чапты дейт. Кооптуу жери, оппозиция көзөмөлдөгөн өлкөнүн батыш аймактарындагы жетекчилер борбордук өкмөттүн чечимдерин үзгүлтүккө учуратып, жаңжал ошондо чыгышы ыктымал, - деп социолог.

Оппозиция демекчи, соңку окуялар президенттикке эки талапкер – Юлия Тимошенко менен Арсений Яценюктун биригүүсүнө алып келиши ыктымал. Алар мындай кадамга Януковичти кетирүү үчүн барууга даяр экенин ырасташууда. Бирок саясий эксперттер парламентти жана өкмөттү көзө мөлдөгн президентке каршы күрөшүү оңой болбойт дешет.

XS
SM
MD
LG