Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Янукович путиндик авторитаризм менен Кытай жолунун тоомунда турат


Украиндер күнкорсуздуктун 19 жылдыгында. Киев. 24-август 2010
Украиндер күнкорсуздуктун 19 жылдыгында. Киев. 24-август 2010

Украина 24-августта төбөлсүздүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. 1991-жылдын 24-августтунда өлкө парламенти Украинаны күнкорсуз жана демократиялуу мамлекет деп жарыялаган.

Анын алдында Москвада СССРдин ошо кездеги президенти Михаил Горбачевго каршы кутум-ГКЧП ишке ашпай калган. Бул окуя Советтер Союзунун ылдам ыдырап кетишине түрткү берген. 1991-жылдын декабрында Украинада өткөн референдумда көпчүлүк эл өлкөнүн күнкорсуздугун жактап, жобуш беришкен.

Шейшемби күнү президент Виктор Янукович эгемендикке байланыштуу жасаган телекайрылуусунда Конституцияны реформалап, президентке реформанын маанилүү багыттарын координациялагандай жана контролдогондой бийлик берүү зарыл деди. Украин парламенти конституцияга президенттин бийлик укугун чектеген түзөтүүлөрү 2004-жылы батышчыл президент Виктор Юшенко учурунда киргизген.
Президент Виктор Янкуович(ортодо), парламент төрагасы Владимир Литвин(оңдо) жана премьер-министр Николай Азаров(солдо) Украинанын эгемендигин белгилөө салтанатында. Киев. 24-август 2010


Янукович ошондой эле Украина экономикалык жактан төбөлсүз болуусу үчүн ал жетектеген өкмөт жан аябай аракеттенерин айтты:

-Өкмөт Украинанын экономикалык күнкорсуздукка жетишүүсүнө жардамдашуу үчүн бар мүмкүнчүлүгүн пайдаланат. Бул (экономикалык күнкорсуздук) чыныгы эгемендиктин негизи. Менин программалык максатым экономикалык жактан көз карандысыз Украин мамлекетин куруу.

Көпчүлүк украиндер Москва энергетикалык ресурстарын Киевге кысым көрсөтүү үчүн пайдаланат деп кооптонушат. Россия-Украина арасындагы мамиле 2005-2010-жылдары батышчыл Виктор Ющенко президент болуп турган кезде осолдоп кеткен. Бул жылдары Москва кышкысын газды бууп коюп, украин жетекчилигин кыйын абалга калтырып жүрдү.

Виктор Ющенко менен анын 2004-жылкы ынкылап кезиндеги ынагы, премьер-министр Юлия Тимошенко арасындагы карама-каршылык россиячыл Януковичтин президенттик шайлоодогу жеңишине жол ачкан. Быйыл февралда Янукович президенттик такка отурганы Киев-Москва мамилеси жакшырды. Ага Януковичтин Севастополдогу деңиз аскер базасын Россияга дагы 25 жылга пайдаланууга бергени чоң өбөлгө түздү.

Киевдеги Разумков борбору өткөргөн сурамжылоо боюнча, азыр украиндердин 45 проценти өлкө чындап күнкорсуз экенине ишенишпейт.
Украин туусунун күнү. Мамаев конушунда көтөрлгөн улуттук туунунун астында сүйүнүп жүргөн балдар. Киев. 23-август 2010
Виктор Янукович куттук сөзүндө сот системасын реформалоого өзгөчө басым жасап жатканын да кошумчалай кетти:

-Мен сотторду реформалоонун үстүнөн иштеп жатам. Себеби, адамдар соттор чынчыл жана калыс экенине ишенгендей болсун. Украинанын сот системасы саясатка жана акчага негизделбей, мыйзам менен адам укугуна таяныш керек.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон эгемендик күнүнө байланыштуу Украинага жиберген видеокуттуктоосунда украиндар менен америкалыктар демократиялык дөөлөттөрдү тең бөлүшкөнүнө көңүл буруп, бул жаатагы жардамын токтотпосун билдирди:

- Кошмо Штаттар Украинаны жана украин элин өлкө өзүн төбөлсүз жарыялаган күндөн тарта колдоду. Биз силердин демократия берген артыкчылыктар менен жаргылчылыктарга жетүү аракетиңерди колдоону уланта беребиз.

Андрю Вильсон- Европа Кеңешинин тышкы байланыштар боюнча улук-изилдөөчүсү. Анын пикиринче, Украинанын көз карандысыздык жылдарындагы башкы жетишкендиги-мамлекет катары жашап кеткени болду. Изилдөөчү “Азаттыкка” берген интервьюда президент Януковичтин башкаруусуна токтолуп, Украина үчүн кооптуу эки маселе бар экенин айтты:

-Саясый жактан алганда, Янкуович Путиндики сыяктуу жумшак авторитардык башкарууну орнотконду каалайт. Экинчиси, Бээжиндин жолун улантуу. Ушу тапта бийлик Европа багыты, удаа эле тартип жана Кытай модели жөнүндө сөз кылууда. Азыртан эле жумшак авторитаризм келечекте күч аларын көрсөткөн белгилер байкалууда.

Андрю Вильсон “Украиндер: күтүлбөгөн улут”("The Ukrainians: Unexpected Nation") жана “Украинадагы саргылтым ынкылап”(“Ukraine's Orange Revolution”) деген көлөмдүү эмгектердин автору.

XS
SM
MD
LG