Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Жабыркагандар үчүн Жумгалдан гумжардам жөнөтүлдү


Бишкекке Жумгалдан жөнөтүлгөн жардам
Бишкекке Жумгалдан жөнөтүлгөн жардам

Учак кырсыгында жабыркагандарга Жумгал районунда чогултулган гуманитардык жардамдын биринчи бөлүгү бүгүн Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу демилгечилердин бири Эрнис Чекиров “Азаттыкка” билдирди.

17-январдан бери район тургундары Чаек айылындагы кабыл алуу түйүнүнө 75 миң сомдук кийим-кече, жуунуучу каражаттарды жана азык-түлүктөрдү чогултушкан. Андан тышкары 5200 сом акча топтолду.

Гуманитардык жардамдын экинчи бөлүгү Жумгал райондук мамлекеттик админстрациясында топтолууда.

Эки күн ичинде Бишкекте элден 10 тоннадан ашуун гуманитардык жардам чогултулуп, бүгүн таратылууда. Жардамдарды кабыл алуу да уланууда.

Андан тышкары, башка аймактарда жана Алматы шаарында да гумжардам түйүндөрү ачылган.

Жабыркагандарга ачылган атайын банк эсебине төрт жарым миллион сомдон ашуун акча түштү. (SE)

XS
SM
MD
LG