Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Тажикстан: оппозициянын мурдагы командиринин санаалашы кесилди


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Тажикстанда сот Нурабад районунун жашоочусу Саиджон Мирзоевди курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн беш жарым жылга эркинен ажыратты.

Ал Тажикстандагы жарандык согуш маалында Ризвон Садиров тобунун мүчөсү болгон. Уруш аяктагандан кийин куралын таштаганын билдирип, бирок Калашников автоматын, кол гранаталарын, 300дөй патронду өткөрбөй, 1993-жылдан бери сактап келген деп билдирди тажик бийлиги. Куралдар быйыл жайында анын үйүнөн табылган.

1990-жылдардын экинчи жарымында пайда болгон Бириккен тажик оппозициясынын командири Ризвон Садировдун тобу ондогон адамдын өлтүргөн деп айыпталып келет. 20 жыл мурун бул топ Тажикстанда гуманитардык миссия менен жүргөн эки француз жаранын уурдап кетишкен. Аларды куткаруу операциясынын жүрүшүндө Ризвон Садиров жок кылынган.

XS
SM
MD
LG