Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Украина ыңкылап чапкан жолдон тайууда


Украинанын Конституциялык сотунун мүчөлөрү Консттуциялык реформа боюнча талкуу учурунда. 23-сентябрь, 2010

Украинанын Конституциялык сотунун мүчөлөрү Консттуциялык реформа боюнча талкуу учурунда. 23-сентябрь, 2010

Сентябрдын акыркы күнү Украинанын Конституциялык соту 2004-жылкы конституциялык реформаны мыйзамсыз деп таап, өлкө 1996-жылы кабыл алынган башмыйзамга кайтты.

Украинанын Конституциялык сотунун соңку чечимине ылайык, өлкөдө президенттин бийлик ыйгарымы күчөп, парламенттин укугу бир кыйла азайды.

Муну Батышта демократиялык багыттан тайуу катары баалашты. Шайлоо системалары боюнча эларалык фонд сентябрда өткөргөн изилдөө да көпчүлүк украиндер демократия жана эркиндиктин абалына тынчсыздана баштаганын көрсөттү.

Эми келип Конституциялык сот: “Оо, биз жаңылыштык кетирген экенбиз”,- деп жатпайбы?!



Быйыл февралда Виктор Янукович Украинанын президенти шайлангандан бери өлкөдө массалык маалымат каражаттарына кысым күчөп, коопсуздук кызматы активдеше баштаганы Батышты кыжаалатка салууда.

30-сентябрда Украинанын Конституциялык соту 2004-жылкы конституциялык реформаны мыйзамсыз деп таап, президент Януковичтин колун да узартты.

Украин президенти Виктор Янукович жана Россия президенти Дмитрий Медведев. 4-октябрь 2010
4-октябрда Украин өкмөтү жаңы мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, премьер-министрди президент өзү бекитет.

Украинанын башкаруу системасындагы чукул бурулуш өлкөдөгү демократия үчүн осол жышаан экенин “Азаттыктын” Украин кызматына берген интервьюда АКШдагы Брукинг борборунун изилдөөчүсү Стивен Пайфер да белгиледи.

Ошол эле учурда мурдакы элчи ыңкылаптан кийинки конституциялык реформа аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу органын таразалап, тең салмактап турганына көңүл бурду:

- ...2004-жылы Украин Радасынын 400дөн ашуун депутаты Конституцияны өзгөртүүнү колдоп, өлкө беш жыл ошол өзгөрүүлөргө ылайык жашады. Эми келип Конституциялык сот: “Оо, биз жаңылыштык кетирген экенбиз”, - деп жатпайбы?! Бул Украина демократиясын жакшы эмес деп ойлойм. Ошол реформанын натыйжасында президент Ви́ктор Ю́щенконун тушунда аткаруу бийлиги менен Рада ортосунда катуу тирешүүлөр болуп жатты. Бул система Рада менен президенттин ишмердүүлүгүн текшерип-теңдеп турду. Азыр өкмөт да, президент да бул системаны унутта калтырып жатат, кейпи. Бул жагдай жана Украинадагы демократиянын багыты АКШ жана Европаны тынчсыздандырат деп ойлойм.

Украин Радасында 450 депутат бар. Белгилей кетчү дагы бир нерсе, жемсөөлүктүн (коррупциянын) сазынан чыга албай жүргөн Украинанын Конституциялык соту дайыма бийликтин же тигил же бул саясый партиянын таасирин арттыруу үчүн колдонулуп келген.

2003-жылы Конституциялык сот ошол кездеги президент Леонид Кучманын үчүнчү мөөнөткө шайлоого катышуусуна жол ачып берген.

Сот өз чечимин Конституция 1996-жылы (Кучма мырза президент болгондон эки жылдан кийин) кабыл алынгандыктан, анын биринчи мөөнөтү эсепке кирбейт деп негиздеген. Ви́ктор Ю́щенко 2008-жылы Конституциялык сотту пайдаланып, парламенти таркаткан.

Баса, бул сыяктуу чечим жасоо Кыргызстандын мурдакы Конституциялык сотуна да мүнөздүү оору болчу.

Серепчи Стивен Пайфер Украинадагы соңку саясый жараяндарга саргылтым ыңкылап берген мүмкүнчүлүктү 2005-2007-жылдары пайдаланбай колдон чыгарган жана жарандардын ыңкылапка болгон үмүтүн актабаган мурдагы президент Ю́щенко жана мурдагы өкмөт да жооптуу деп санайт.

Демократиялык жетишкендиктерден чегинүү Батыштын Украинага болгон кызыгуусун да мокотот, дешет серепчилер.
XS
SM
MD
LG