Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги өз жарандарын добуш берүүгө катыштыруу үчүн Бишкекте добуш берүү участогун уюштурду. Ал эми Украинанын өзүндө эл аралык байкоочулар миссияларынын курамында кыргызстандык жоон топ саясатчылар, коомдук ишмерлер, журналисттер жүрүшөт.

Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин башкы консулу Иван Бунечконун “Азаттыкка” маалымдаганына караганда президенттик шайлоого катышкан талапкерлерге добуш берүү үчүн бишкектеги тизмеге Украинанын 246 жараны катталган. Алар үчүн №42 добуш берүү участогу 17-январда эртеден кечке ачык болот.

Украинанын өзүндө болсо президентти шайлоо үчүн добуш берүүгө камылгалар одоно мыйзам бузууларсыз жүрүп жаткандыгын ал жерде жүргөн эл аралык байкоочулар маалымдап жатышат. Шайлоолорго байкоо жүргүзүүчү уюмдар тармагынын пресс-атташеси Иван Явковичтин айтымында майда-барат мыйзам бузуулар катталып атканы болбосо, дээрлик камылгалар жайбаракат жүрүп атат:

- Даярдалган участоктордо олуттуу проблемалар болот деп ойлобойм. Добуш берүүнүн жүрүшүндө проблемалар болсо, ал башка маселе. Бирок ал жөнүндө азыр айтуу эрте, - деди “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысына "ЕНЕМО" байкоочулар миссиясынын пресс-атташеси.

Ушул эле уюмдун карамагында Кыргызстандан байкоочу болуп барган жарандык лидерлердин бири Нурмамат Сапарбаевдин айтымында азыр Украинанын бардык аймактары дымып, тынчтык өкүм сүрүп турат:

Кыргызстандык байкоочулардын бири, СДПнын мүчөсү Жыргалбек Турдукожоев “Азаттыкка” берген интервьюсунда Украинадагы президенттик шайлоону Кыргызстандагы президенттик шайлоодон айырмалуу, мыйзам чегинде өтөт деген ишенимин билдирди:

- Абдан жакшы даярдык, мыйзам сактоо менен өтүп жатканы байкалып атат. Эртеңки шайлоо да калыстык менен өтөт деген ишеничим бар менин.

“Азаттык” байланышкан Украинадагы бир катар эл аралык байкоочулардын баамында шайлоочуларда добуш берүүгө өзгөчө ынтызарлык байкалбайт. Ага жараша кыйла талдоочулар президенттик шайлоо Украинанын мыйзамында көрсөтүлгөн 50 жана 1 пайыз чекти багындыра албай калабы деген чочулоолор да болууда. Украинада президенттик үчүн 18 талапкер ат салышып атат.

XS
SM
MD
LG