Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Украина сасык тумоонун кучагында


Киевдин көчөлөрүнөн бир көрүнүш
Киевдин көчөлөрүнөн бир көрүнүш

Адегенде Мексикадан тутанган чочконун сасык тумоосу бүгүн КМШ өлкөлөрү үчүн да жаңылык эмес. Сасык тумоо боюнча өзгөчө кооптондурган абал өткөн аптадан бери Украинада сакталууда.

Кечээ Украинага Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттер тобу келди. Уюмдун Киевге келген миссиясынын башчысы Юкка Пуккиланын кабарчыларга билдиргенине караганда, беш өлкөдөн келген тогуз эксперттин максаты - кырдаалды баалоодо Украинанын саламаттыкты сактоо министрлигине жардам көргөзүп, сасык тумоонун эпидемиясына каршы күрөшүүнүн жолдору боюнча өз сунуштарын берүү.

Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтарына караганда, ушул шейшембиге карата дарылоо мекемелерине сасык тумоодон жана дем алуу органдарынын илдетинен жапа чегип кайрылган адамдардын саны 255 миңден ашкан. Алардын ичинен 15 миңдейи ооруканаларда жатат жана бейтаптардын бери дегенде 170нин абалы оор.

Ал эми бейтаптар арасындагы чыгым тууралуу “Азаттык” радиосунун Украин кызматанын башчысы Ирена Халупа кечээ кечинде Киевден бизге буларды кабарлады:

-Соңку маалыматтарга караганда, сасык тумоонун Украинадагы азыркы эпидемиясынан 71 киши каза тапты. Алардын 14ү чочконун сасык тумоосунун көз жумганы ырасталды.

Кесиптешибиз Ирена Халупа кошумчалагандай, айрым адистер Украинада сасык тумоо алып келген илдеттердин айынан жылына орто эсеп менен 3 миңден-3,5 миңге чейин киши көз жумарын белгилешүүдө. Бирок быйылкы эпидемияда чочконун сасык тумоосунун вирусу да бар экендиги кооптондуруп жаткандай. Сасык тумоонун азыркы эпидемиясы учурунда 71 адам көз жумганын кечээ парламентте сүйлөгөн сөзүндө Юлия Тимошенко да ырастады.

Анын алдында украин премьер-министри Юлия Тимошенко четтен жардам келе баштаганын, чочконун сасык тумоосуна каршы миңдин бири деп табылган "Тамифлу" дарысынан 220 миң куту алынып келингенин жарыялаган эле. Тимошенконун ырастоосунда, кырдаал азыр өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө:

- Мурдагы жылдары деле кыш-күз мезгилинде сасык тумоонун эпидемиясы кыйынчылыктар менен коштолуп, анын ичинде арты пневмонияга айланып, адам майып болгон учурлар болчу. Андыктан кырдаал азыр толугу менен көзөмөлдө жана өкмөт менен жергиликтүү бийликтердин байкоосунда турат.

Анткен менен Украинага коңшу өлкөлөр сактануу чараларын да көрүүдө. Маселен Орусиянын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Вероника Сквортцованын кечээги билдирүүсүндө караганда, чек арада санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Ага байланыштуу чек арадан өткөндөрдүн бардыгынын саламаттыгы текшерилет.

Орусиянын өзүндө болсо кечээ айтылган расмий маалыматка караганда, чочконун сасык тумоосунан 14 адам көз жумган, бул илдет менен учурда 1200 киши оорууда. Ал эми Украинанын дагы бир коңшусу - Словакия чек арадагы көзөмөлдөп-өткөрүүчү бекеттердин айрымдарын жапты.

Эпидемиянын башка аймактарга жайылып кетишин алдын алуу аракетинде украин бийликтери өткөн аптада өлкөнүн башкалаасындагы тогуз облуста карантин киргизип, мектептерди, жогорку окуу жайларды жапкан. Баш калаа Киев азырынча карантинден сыртта. “Азаттык” радиосунун Украин кызматынын башчысы Ирена Халупа Киевден кечээ бизге буларды маалымдады:

- Шаар абдан тынч, көчөлөрдө, метролордо адамдар анча көп эмес. Мен жөн эле байкап көрүү үчүн бир нече кафе, ресторандарда болдум. Алар жарым-жартылай, кээ бирлери толугу менен бош турат. Иштегендер менен сүйлөшсөм, өткөн жума күнү эпидемия жарыялангандан бери адамдар келбей калганын айтышты. Көчөлөрдө баары эмес, бирок айрым бир адамдардын маскачан жүргөнүн көрүүгө болот. Бирок дүкөндөрдө, дарыканаларда иштегендердин баары коргоочу маска тагынышкан.

Украин борборунда бүгүн Киевдин “Динамосу” менен Миландын “Интер” командаларынын футбол боюнча Чемпиондор лигасынын алкагындагы мелдеши өтөт. Киевдин шаар бийлиги күйөрмандарды мелдешти стадиондон эмес, теледен көрүүгө чакырган. Чакырыкка моюн сунбастан стадионго келгедерге болсо, мурун менен оозду жабуучу маскалар бекер таратылганы жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG