Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Украина: Тимошенко элге көрүндү, бирок эч нерсе деген жок


Тимошенко 11-февраль күнү өкмөт жыйынында сүйлөдү. Ал шайлоо жыйынтыгын азырынча тааный элек.
Тимошенко 11-февраль күнү өкмөт жыйынында сүйлөдү. Ал шайлоо жыйынтыгын азырынча тааный элек.

Украинада президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы оппозиция лидери Виктор Янукович 3,5 пайыздай артыкчылык менен жеңгенин көргөздү. Бирок анын атаандашы, премьер-министр Тимошенко жеңилгенин али моюнга ала элек.

Бүгүн Юлия Тимошенко коомчулукка экинчи айлампадан бери биринчи ирээт көрүндү.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы экинчи айлампанын соңку расмий жыйынтыгын 17- февралда жарыялайт. Бюллетендердин 100 % саналгандан кийинки баштапкы эсеп боюнча Янукович добуштардын 48,95%ын, ал эми Тимошенко 45, 47 % алган. Ортодогу айырма 888 миң добуш. Эл аралык жана ЕККУнун байкоочулары шайлоону ачык жана адилет деп мүнөздөштү.

Кызматтан кетүүгө чакырык

БШК баштапкы эсеп боюнча жеңүүчү деп жарыялаган Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович Тимошенкону жеңилгенин моюнга алуу менен өкмөт башчысынын кызматынан кетүүгө жана оппозицияга өтүүгө ушул шаршемби күнү да чакырды:

- Мен премьер-министрди кызматтан кетип, оппозицияга өтүүгө расмий чакырам. Ошондой эле ар кайсы фракциялар менен жаңы өкмөттү куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоом үчүн коалициянын мүчөлөрүн да коалициясын таратууга үндөйм.

Шайлоо жыйынтыгын эмес, атаандашты айыптоо

Бирок Тимошенко атаандашынын буга окшогон чакырыктарына дароо эле моюн сунчудай эмес. Экинчи айлампадан бери эл андан кийинки кадамдарын же жеңилгенин моюнга алуусун күтүп жатат. Акыркы үч күндөн бери көрүнбөй калганына байланыштуу Киевдин көчөлөрүндө атүгүл Тимошенко адатта өрүп жүргөн чач жасалгасын шайлоодон кийин өзгөртүү үчүн чач тарачтан чыкпай жатат деген тамаша да айтыла баштаган болчу.

Анын алдыдагы пландарын коомчулук 11-февралда да уга алган жок. Бул күнү өкмөт жыйынына келген Тимошенко тескерисинча саламаттыкты сактоо жана башка социалдык маселелерди талкуулап, атаандашы Януковичти элди куру убадалар менен тойгузуп жатканы үчүн айыптай кетти:

- Өнөктүк учурундагы улуу калп, шайлоодон кийин эле дароо билинди жана эл өзүнүн болочоктогу чечимдеринде муну эсепке алуусу керек. Тилекке каршы, Региондор партиясы өз убадаларын, социалдык стандарттарды жакшыртуу маселесин парламентте четке какты.

Тимошенко өкмөт жыйынында сүйлөгөн учурунда шайлоо жыйынтыгы жөнүндө а-бу деген жок. Мурдараак премьер- министрдин блогу шайлоо укук бузуулар менен коштолду деп эсептешкендиктен, анын жыйынтыгын сотко берерин билдирген эле. Бирок Тимошенко бейшембиде бул маалыматы ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Тимошенконун орун басары, биринчи вице-премьер-министр Олександр Турчиновдун бейшембидеги өкмөт жыйынынан кийин билдиргенине караганда, азыркы өкмөт өз эрки менен отставкага кетпейт. Ал эми Януковичтин шайлоо штабынын башчысы Борис Колесниковдун айтымында, эгер Тимошенко кызматтан чегинбесе, ал иштен бошотулат, жаңы шайланган президент премьер-министрликке талапкерди табат.

Бошотуудан дайындоо кыйын

Киевдик саясат таануучу Дмитрий Выдвиндин болжолунда, Тимошенконун командасы сотко доо – арыз жолдойт, бирок шайлоону анын баардык катышуучулары, анын ичинде эл аралык байкоочулар да адилет деп тааныгандыктан ийгилик табары күмөндүү. Саясат таануучу Выдвин “Азаттыкттын” кабарчысы менен маегинде белгилегендей, украин мыйзамдары боюнча премьер-министрди кызматтан коалиция гана бошото алат жана маселе бул болбосо да, келерки аптада парламентте көтөрүлүүсү мүмкүн. Бирок проблема премьер-министри бошотууда эмес, башкада жатат:

- Тимошенкону бошотуу проблема эмес. Проблема жаңы премьер-министрди дайындоо. Андыктан ыктымал сценарийлердин бири – парламент Тимошенкону бошотот, бирок анын ордуна эч кимди дайындай албайт. Мындай шартта, парламент таратылып, мөөнөтсүз парламенттик шайлоо дайындалат. Тилекке каршы, бул жагымсыз, бирок абдан ыктымал сценарийлердин бири.

Утулуу эмес, утуш

Ошентип Украинада кезинде "саргылт ыңкылаптын" лидерлеринин бири болгон саясатчы, беш жылдан кийин ошол ыңкылап аркылуу четке сүрүлүп калган саясатчыга жеңилгенин азырынча моюнга албай турат. Эски совет аймагына адистешкен британиялык талдоочу Деннис Саммут болсо Украинадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын түстүү ыңкылаптар үчүн утулуу эмес, кайра жеңиш деп эсептейт. Анткени, талдоочунун пикиринде, "саргылт ыңкылаптын" мурасы аркасында Украинанын, соңку шайлоо көргөзгөндөй, демократиялык бедели ишенимге арзыды. Азыркы президент Ющенко болсо кызматтан күч менен же Конституцияны бузганы үчүн эмес, шайлоодо уттурганы үчүн кетип жаткан саналуу лидерлердин бири болуп олтурат.

- Украинадагы президенттик шайлоодо Виктор Януковичтин кичине артыкчылык менен жеңиши 2003-2005-жылдары Киевден-Бишкекке чейин пост-советтик тартипке чакырык таштаган, "түстүү ыңкылаптар" деп аталган окуялардын эң туу чокусун көргөзүп калганы ироникалуу.

Талдоочу Деннис Саммут атайы “Азаттык” радиосу үчүн жазган комментарийинде белгилегендей, 2003-жылы Грузияда, 2004-жылы Украинада, 2005-жылы Кыргызстанда орун алган окуялар боюнча ар кыл көз караштар болду. Алардын ич-ара байланышы бар беле? Пост-советтик мейкиндикте жайылган чыныгы элдик кыймылдын бир бөлүгү беле? Чет мамлекеттер аралашканбы? Алар чыныгы ыңкылап беле же жөн эле бийлик үчүн күрөш болгонбу? “Бул суроолордун тегерегиндеги талкууну эми тарыхчыларга калтырган жакшы” дейт британ талдоочусу Деннис Саммут.

"Азаттыктын" архивинен: Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы

2004-жылы Украинадагы “саргылтым ыңкылап” В.Ющенкону президенттик такка алып келген. Бийлик үчүн кармаш анын оң колу эсептелген Ю.Тимошенкону элдешкис каршылашына айлантты. Назарыңыздарда режиссер Дамиан Колодийдин даректүү тасмасынан үзүндү. ZMa

Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG