Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

Түндүк Кавказда, атап айтканда Ингушетия менен Чеченстандын аймагында жергиликтүү милиция күчтөрү согушкерлерге каршы атайын операция өткөрүшүүдө. Мына ошондой операциялардын биринде чечен согушкерлеринин азыркы колбашчысы Доку Умаров жок кылынганы кабарланган эле. Бирок Доку Умаровдун өзү эсен-соо экенин жана жаңы кол салууларды пландап жатканын билдирүүдө.

Ичкерия чечен республикасынын төртүнчү президенти деп мындан үч жыл мурда, 2006-жылдын июнь айында жарыялаган, жашы 45тин тегерегиндеги Доку Умаров атайын оперциялар учурунда тындым кылынган болуусу мүмкүндүгү тууралуу буга чейин деле бир нече ирээт айтылган. Акыркы ирээт мына ушундай маалымат июнь айынын баш ченинде пайда болгон эле. Анда мыйзамсыз куралдуу топтун жолбашчысы Умаровдун төрт шериги менен бирге Түндүк Кавказдагы республикалардын биринин аймагынан жок кылынгандыгын Орусиянын күч структураларынын аты аталбаган өкүлүнө шилтеме жасап, “Интерфакс” агенттиги кабарлаган.

Бирок кийинчерээк чечен президенти Рамзан Кадыров, бул маалымат дыкат тактоону талап кыларын, Мамлекеттик думанын депутаты Адам Делимханов баштаган атайын операциянын учурунда Доку Умаров жаракат алганы ырастыгын, сөөгү уруш талаасында калган төрт согушкер анын сакчылары экендигин маалымдаган.

Ал эми эсен-соо экендиги тууралуу Доку Умаровдун өзү өткөн аптанын жума күнү, 3-июлда Чеченстандын белгисиз бир аймагынан “Азаттык” радиосу менен телефон аркылуу байланышкан учурунда билдирди. Ал ошондой эле кандайдыр бир жаракат да албаганын, Чеченстан менен Дагестандын ортосунда ээн-эркин эле жылып жүргөнүн, бул эки республиканын чегинде куралдуу топтордун кеңешмеси өткөнүн кошумчалады.

“Азаттык” радиосунун орус кызматынын Түндүк Кавказга адистешкен кабарчысы Андрей Бабицкийдин айтымында, ар кандай операцияларга карабай бул чөлкөмдөгү согушкерлердин быйыл жайда активдешкени байкалууда. Жандануу өзгөчө Ингушетия менен Дагестандын аймагында сезилип жатат. Бирок бул согушкерлердин саны абдан эле көбөйдү дегенди билдирбейт:

- Уруша турган аймак деле анча чоң эмес, Чеченстан да, Ингушетия да алакандай эле. Башкача айтканда, мейкиндик, курал-жарак жана башка каражаттар жагынан чектөө бар. Умаров жана анын өнөктөштөрү катарлары жаштар менен толукталып жатканы тууралуу такай эле ырасташат. Бирок менимче ресурстардын жоктугу жашырынып жүргөн бул куралдуу топко санын чексиз кеңейтүүсүнө мүмкүндүк бербейт.

Айтор чечен согушкерлеринин кезинде Шамиль Басаев тарабынан куралган, азыр Доку Умаров жетектеген “Риядус-Салихин” бирикмеси соңку ирээт быйыл 22-июнда ингуш президенти Юнус Бек Евкуровго жасалган кол салуу үчүн жоопкер болду. Евкуров унаа менен ишине келе жаткан жолдо жанкечти жасаган жардыруудан ал катуу жаракат алып, үч жансакчысы каза тапкан. Журналист Андрей Бабицкийдин пикиринде, бул кол салуу Түндүк Кавказдагы жалпы кырдаалга олутуу таасир көргөзбөсө да, федералдык бийликтин беделине шек келтирди:

- Маанай кыйла өзгөрүп кетти. Согушкерлер мына ушундай иш жасай аларын көргөздү. Бул алардын урушка жарамдуу экенин, компромисске такыр барбай турганын каңкуулоодо. Менимче Евкуровго жасалган кол салуу, Дагестанда өлкөнүн ички иштер министринин снайпер тарабынан атылышы өңдүү окуялар федералдык бийликке карата ишенимге, анын кырдаалды жөнгөрүү жөндөмүнө олутуу шек келтирди.

Бийликке келгенден бери согушкерлер менен күрөшүү тактикасы талаш туудурганы менен Чеченстандын аймагында салыштырмалуу тынчтык орното алган президент Рамзан Кадыров ингуш кесиптешине жасалган кол салуудан кийин ага жоопкерлер катуу жазаланарын, атүгүл алардан тоолуктарча өч алынарын убада кылган эле. Чечен жана ингуш милициясынын күчтөрү биргелешкен операция да башташкан.

Ушул ишемби күнү мына ошол операцияга бараткан жолдо согушкерлердин буктурмасына кабылып, чечендердин тогуз милиционери окко учту, он чактысы жарадар болду. Рамзан Кадыров бул кылмышка тиешеси барлар да катуу жаза аларын эскертти.

Ал эми Эл аралык Мунапыс уюму жакында Түндүк Кавказ боюнча атайы жарыялаган отчетунда адам укугун бузуулардын токтошу гана бул чөлкөмдөгү стабилдүүлүктүн кепили экенин белгилеген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG