Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Анжиян окуясы: Көз карандысыз иликтөө ишке аша элек


Анжияндагы окуялардан кийин качкындар биринчи кезекте Кыргызстандын Сузак районундагы лагерде башпаанектешкен.
Анжияндагы окуялардан кийин качкындар биринчи кезекте Кыргызстандын Сузак районундагы лагерде башпаанектешкен.

Өзбекстандын Анжиян шаарында орун алган кан төгүүгө кечээ төрт жыл толду. Ташкентте аны белгилөөгө уруксат берилген жок. Ал эми адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Евробиримдикти Анжиян трагедиясы толук жана көз карандысыз иликтенмейинче Өзбекстанды санкция алдында кармоого чакырышты.

Өзбекстандыктардын чакан тобу Анжиян окуясынын курмандыктарын шаршемби күнү Ташкентте чогулуп эскерүүгө аракеттеништи. Бирок укук коргоочу активист Елена Юрлаеванын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, аларды милиция дароо эле таратып, бир нечесин кармап кеткен:

- Мени жашаган жерим боюнча Мирзо Улукбек районунун милиция бөлүмүнө алып барышты. Биз Каармандык монументинин жанында нааразылык билдирүүнү мерчемдеген элек. Биздин талап – тынч тургундарды аттырганы үчүн президент Каримовдун жоопко тартылуусу. Бирок бизди мерчемделген жерге жете электе эле кармап, ар кайсы автоунаага түртүп, салып кетишти.

Эл аралык Мунапыс көз карандысыз иликтөөнү унутпоого чакырат

Ошентип Өзбекстандын өзүндөгү укук коргоочулардын Ташкентте Анжиян кыргынынын төрт жылдыгын белгилөө аракетине жол берилбесе, адам укугун коргоочу Эл аралык Мунапыс уюму 12-май күнү маалымат каражаттарына жолдогон ачык катында Евробиримдиктин трагедия боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү баштапкы талабы ишке ашпай калганын белгиледи. Ошондой эле аталган уюм Евробиримдикти көз карандысыз иликтөөнү азыр да талап кылуу үчүн колдо бар мүмкүнчүлүктөрдүн баарын пайдаланууга жана бул маселени 29-майда Борбор Азиянын баардык өлкөлөрү менен министрлер деңгээлинде өтүүчү жыйында көтөрүүгө чакырды.

Уюмдун Брюсселдеги кеңсесинин өкүлү Дэвид Николс мындай дейт:

- Анжиян боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү чакырык Евробиримдиктин 2005-жылы Өзбекстанга карата санкция киргизүү жөнүндөгү чечиминин өзөгүн түзгөн. Бирок сиз Евробиримдик санкцияларды токтоткон жана алардын бир бөлүгүн жокко чыгарганда пайдаланган сөздөрдү карасаңыз, Анжияндагы массалык кыргын же ошол массалык кыргынды иликтөөгө эч кандай шилтеме жасалбайт. Маселе күн тартибинен четтеп кеткени бизди абдан кабартырлантат. Ушундан улам Евробримдикти эл аралык иликтөө жөнүндөгү чакырык Өзбекстан менен мамилесине али да өзөк маселе бойдон калганын көргөзүүгө үндөп жатабыз.

Санкциялардын тарыхы

2005-жылы Анжияндагы кыргындан көп өтпөй эле Евробиримдик Өзбекстандын бул окуяга тиешеси бар деп шектелген расмий өкүлдөрүнүн кара тизмесин түзүп, аларга биримдиктин өлкөлөрүнө келүүсүнө тыюу салган жана курал эмбаргосун киргизген. Анда санкциялардын жоюлуусунун шарты катары эл аралык иликтөө аталган эле.

Бирок кийинчерээк Евробиримдик бул турумунан четтеп, санкциялардын жоюлуусун Ташкент адам укуктарын жакшыртуу багытында кандай чара көрөрүнө байланыштырган болчу.

Былтыр октябрда болсо биримдиктин тышкы иштер министрлери өзбек расмий өкүлдөрүнүн каттоосуна коюлган чектөөнү толугу менен жоюп, курал эмбаргосун гана күчүндө калтырган. Бул маселе быйыл октябрда кайра каралуусу керек.

Өзбекстанга каршы киргизилген санкциялардын бирин жойууда Евробиримдик Ташкент адам укуктары жаатында айрым бир жылыштарды жасаганын, өлүм жазасын колдонуудан баш тартканын, кээ бир саясий туткундарды бошотконун, кылмышка шектүү делген адамды сот чечими менен камакка алуу тартибин киргизгенин белгилешкен. Мындан соң Батыштын адам укугун коргоочу айрым уюмдары Евробиримдикти адам укуктарына караганда, коммерциялык кызыкчылыктарын алдыга чыгарып жибергени үчүн айыптаган эле.

Анжиян окуясы АКШ-Өзбекстан алакасына да өзгөрүү алып келген

Кошмо Штаттар болсо башында Евробиримдиктин көз карандысыз иликтөөлөр жөнүндөгү чакырыктарына кошулган, бирок Брюсселдей болуп Ташкенге каршы санкция киргизген эмес. Анжиян окуяларынан кийин АКШга Өзбекстандын Ханабад аэропортунан Ооганстандагы аскерий операцияларга колдоо көргөзүп келген аба базасын чыгарып кетүүгө туура келди. Бирок Ооганстандагы аскерлерди жабдуу үчүн Пакистан аркылуу жүк ташуу кыйындагандан бери Вашингтон бул максатта Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагын да колдонууга кызыкдар экенин көргөзүп келүүдө.

Өзбек өкмөтү 2005-жылдын 13-майында Анжияндагы тополоң учурунда жүз сексен жети адам өлгөн, алардын ичинде террорчулар да бар жана күч колдонулуусуна ошолор шыкакчы болгон деп эсептейт, ал эми укук коргоочулардын ырастоосунда аскерлердин огунан бейажал өлүп тапкан карпайым өзбекстандыктардын саны кеминде жети жүз. Тополоңго тийешеси бар деп шектелгендер үстүнөн өлкөдө бир нече сот жараяндары өткөн. Анжиян окуясынан кийинки куугунтуктоолор жүздөгөн өзбекстандыктардын четтен башпаанек издөөсүнө да түрткү берди. Өзбекстандын коопсуздук кызматынын былтыр Британияга качып барган мурдагы офицери Анжиянда ок атууга президент Ислам Каримов жеке өзү буйрук бергенин айтып чыккан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG