Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Ак үйдүн алдына милициянын кошумча күчтөрү келди


Ак үй. 27-февраль, 2017-жыл
Ак үй. 27-февраль, 2017-жыл

Ушу тапта Ак үйдүн алдында, Чүй проспекти тарапта Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган митинг өтүп жатат. Окуя болгон жерге милициянын кошумча күчтөрү тартылды.

Ошондой эле Ак үйдүн тосмосунун ичинде атайын даярдыктагы, бет капчан аскер кызматкерлери жүргөнү кабарланды.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында башталган митингдин катышуучулары катарга тизилип бир нече мүнөт мурда Ак үй алдына келди.

Алдыңкы катарда ЖК депутаттары Каныбек Иманалиев, Аида Салянова, Наталья Никитенко, экс-депутат Асия сасыкбаева, Өмүрбек Текебаевдин жубайы жана кызы.

"Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, чогулган адамдардын саны 1000 адамдын тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG