Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Өзбекстанда эми аялдар дүңүнөн камала баштадыбы?


Мечитке баруу Өзбекстанда шектүү делген эркектерди гана эмес, аялдарды да камакка кириптер кылуусу мүмкүн.
Мечитке баруу Өзбекстанда шектүү делген эркектерди гана эмес, аялдарды да камакка кириптер кылуусу мүмкүн.

Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунда ушул айдын ичинде кеминде отуздай аял камакка алынган. Алар диний ишмердүүлүгү үчүн айыпталышы мүмкүн.

Кашка-Дарыя облусунда ушул айдын башынан тарта бери дегенде 30дай мусулман аял камакка алынганы тууралуу маалымат боюнча Өзбекстандын расмий органдары азырынча ак же көк деген комментарий бере элек. Бул тууралуу адам укугун коргоочулар менен камалгандардын жакындары билдирүүдө. Маселен Кашка-Дарыянын Латофат Орзикулова деген тургунунун “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун өзбек кызматына айтканына караганда, анын энеси Мехринисо Хамдамованы Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен милиционерлер тобу 5-ноябрдын таңында камакка алган:

- Энемди 5-ноябрь күнү таң заарда, саат алтыларда эч күбөсүз эле алып кетишкен. Ушул күнү эле Кашка-Дарыянын Бешкент, Карши райондорунда бир убакта эле 30га жакын аял алынып кетилген. Камалгандардын баары аялдар.

Кашка-Дарыянын тургуну Латофат Орзикулова “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, алардын үйүн тинтүү учурунда коопсуздук күчтөрү мыйзамсыз эч нерсе табышкан эмес. Болгону дисктеги өзбек фильмдерин, энесине Өзбекстан мусулмандарынын диний башкармалыгы тарабынан белек катары берилген китепти алып кетишкен. Камалгандар арасында болсо Мехринисо Хамдамованын өзү эле эмес, анын сиңдиси, келини жана үч жээни да бар.

Камалгандардын туугандары алардын изин таба албаган соң жардам сурап, баш кеңсеси Ташкентте жайгашкан уюм – Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобуна кайрылган. Аталган уюмдун билдиргенине караганда, камалгандар ичинен эң белгилүүсү - Мехринисо Хамдамова 2006-жылы атайын орто диний окуу жайды бүтүргөн. Кийин ислам таануу боюнча атайын курстан өтүп, мусулмандардын диний башкармалыгынын сунушу боюнча Каршидеги “Көк күмбөз” деп аталган мечитке ишке жиберилген.

Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобунун башчысы Сурат Икрамовдун айтымында, Өзбекстанда өкүм сүргөн тажрыйба боюнча камалгандарга кандай айып коюлганы сот алдында гана так билинет. Бирок аларга деле Өзбекстандын салтка айланып калган эле айыбы коюлушу мүмкүн:

- Мен Хамдамованын үйүнө тинтүү жүргүзүүгө уруксат берилген бир чечимде ал жамааттарды же мыйзамсыз диний бирикмелерди түзгөнү үчүн шектелип жатканын окудум. Бул Өзбекстандын Кылмыш кодексиндеги 244-берене - тыюу салынган диний уюмдарды түзгөндүк жана ага катышкандык деген. Биринчи айыбы мына ушул болчудай өңдөнөт.

Тыюу салынган диний уюмдун ишине катышкан деген айып менен Өзбекстанда буга чейин жүздөгөн, балким, миңдеген адамдар соттолгону белгилүү. Топ-тобу менен соттолгондор арасында аялдар да болгон. Бирок адам укугун коргоочу Сурат Икрамов белгилегендей, Кашка-Дарыядагы соңку окуядай болуп 30дай аялдын бир учурда камалышы, балким, биринчи ирээт кездешип олтурат:

- Ооба эркектерден отуздан, кырктан, элүүдөн, балким андан да көптөн камалган учурлары болгон. Соттор алардын ишин карай албай, натыйжада ар бир сот жараянына он бештен, жыйырмадан бөлүшчү. Ал эми аялдар менен мындай болгон эмес. Азыр мен алардын канчасынын иши сотко чейин жетерин айта албайм.

Өзбекстандык адам укугун коргоочулардын дагы бири, учурда кеңсеси Францияда жайгашкан уюм – “Борбор Азиядагы адам укуктары” ассоциациясынын жетекчиси Надежда Атаева болсо “Азаттыктын" кабарчысы менен маегинде Кашка-Дарыяда аялдардын тобу менен камалгандыгы тууралуу фактыны мындайча чечмеледи:

- Өзбекстанда ислам динин тутунган үй-бүлөлөрдүн дээрлик ар биринде соттолгон адам бар. Биздеги маалыматтарга караганда, азыр укук коргоо органдары мүчөлөрүнүн бири мурда диний жүйөө менен соттолгон үй-бүлөлөрдөгү аялдардын изине түштү. Диний жүйөө менен соттолгондордун жубайлары, энелери, кыздары бир нече жылдан бери эле укук коргоо органдарынын дыкат байкоосунда турган. Азыр болгон буюртма жараянды аткаруу фактысы гана орун алып олтурат. Тилекке каршы, божомолдорго караганда, бул жараян күчөйт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG