Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Ташкендин башкы имамын бычактап кетишти


Ташкендин башкы имамы Анвар Кары Турсунов шакирттери менен. Ташкент, 2008-ж.
Ташкендин башкы имамы Анвар Кары Турсунов шакирттери менен. Ташкент, 2008-ж.

Ташкендин башкы имамы Анвар кары Турсуновду 31-июлда белгисиз адамдар бычактап кетишти. Имам ооруканага жеткирилип, абалы оор, бирок туруктуу.

Ташкендин башкы имамы Анвар Кары Турсунов - Өзбекстандагы коомчулукка таанымал динаятчылардын бири. Аны өткөн жума күнү көчөдөн белгисиз адамдар бычактап кеткени – коомчулуктун үрөйүн учурган окуя болду. «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы Өзбекстан мусулмандар муфтийинин орун басары Абдулазиз Мансур менен байланышканда, ал жаңы эле ооруканадагы башкы имамдын акыбалын көрүп келгенин айткан.

- Анвар Кары азыр ооруканада дарыланып жатат. Ал жаңы эле көзүн ачып сүйлөй баштады. Биз Аллага жалынып, катуу жараат алган имамдын саламаттыгын тилеп отурабыз.

Мансур Ажы андан ары Турсуновго кол салуу кандай болгонун баяндайт кетти. “Ал Ташкендин Янги-Абад районундагы үйүндө отурганда, түнкү саат 10 жарымдарда баласы эшикте 3 киши күтүп турганын, алар диний маселе боюнча келгенин айткан. Анвар Кары эшикке чыгаар замат күтүп турган 3 киши анын денесинин ар кайсы жерине бычак сайып, ак машинеге секирип түшүп изин жашырып кетишкен”.

Өзбекстанда имам, молдолорго эл адатта нике кыйдыруу, же өлгөн кишинин тажыясын өткөрүп берүү жана башка өтүнүчтөр менен көп кайрылышат. Кээ бир учурларда андай той-аштарда динаятчылар ири суммадагы акчалай сыйлык менен да сыйланышат. Москвадагы Мемориал укук коргоо борборунун Ташкендеги өкүлү Мутабар Ахметова имамдын өмүрүнө кол салуунун артында финансылык себептер болушу мүмкүн деген көз карашын айтат.

“Анвар Кары башкарган мечит – Өзбекстандагы эң чоң мечиттердин бири, ал жерде бир топ акча жасалат. Имам кандайдыр бизнес иштерине аралашып, андан акча алган болушу мүмкүн. Чабуулдун себеби ошондой болушу да ыктымал”, - дейт укук коргоочу. Фергана.ру маалымат агенттиги да Ташкендин башкы имамына кол салуунун себептери бизнес, финансы маселелерине байланыштуу болушу мүмкүн экенин, Өзбекстанда аты-башы көрүнгөн динаятчылардын көбү андай иштерге аралашканын жазат.

Бирок, боло жүргөндөй, Турсуновду бычактап кеткендер Өзбекстанда мыйзамсыз иш жүргүзгөн исламчыл уюмдардын өкүлдөрү болгон деген жоромол да айтылууда. Ташкендин башкы имамы Хизб-ут Тахрир жана бейрасмий Өзбекстан ислам кыймылынын шектүү мүчөлөрүнүн сотторуна көп катышчу. Ал сотто диний эксперт катары көрсөтмө берип, анын айткандары кийин сот өкүмүнө катуу таасир эте турган.

Андан сырткары Турсунов телеканалдарда чыгып сүйлөп, мусулманчылыктын жол-жоболорун түшүндүрүп, коомчулукка таанымал адам. Ал кээде өзбек түрмөлөрүн кыдырып, ал жерде диний көз караш, ишеними үчүн камалып отургандар менен маектешип, алардын абакта оңолуп-оңолбогону туурасында бийликтегилерге кеп-кеңешин айта турган. Өзбек бийликтери азырынча башкы имамга болгон кол салуу - мындан эки апта мурда бычакталып, өмүрү кыйылган Ислам институтунун ректорунун өлүмү менен байланышы бар-жогун такташа элек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG