Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Өзбекстандык экологдордун назарына эми Тажикстандын экономикалык мааниси чоң экинчи ишканасы түштү. Соңку күндөрү алюминий өндүрүүчү ири заводдун экологияга тийгизген таасирине нааразылык билдирилген пикет-жыйындар бери дегенде төрт ирээт өттү. Эки коңшунун мамилесиндеги чыңалууну эске алган байкоочулар маселенин экологиялык гана эмес, саясий өңүтү да бардыгын белгилешүүдө.

Тажикстандын эң ири ишканасы катары эсептелген алюминий заводдун же азыркы ТАЛКО компаниясынын ишмердигине байланышкан эки пикет менен эки жыйын 28, 29, 30, 31-март күндөрү Сурхандарыя облусунун аймагында өттү. Алардын жүрүшү жана көтөрүлгөн маселелер быйылтан тарта өзбек парламентинин төмөнкү палатасынан атайы 15 орун ажыратылып берилген Өзбекстан экологиялык кыймылынын интернет баракчасында чагылдырылды.

Биринчисинде пикетке чыккан жергиликтүү жаштар менен тургундар Термез шаарынын темир жол вокзалына келишип, нааразылыгын Дүйшөнбү-Москва каттамындагы поезд өтүп жаткан учурда билдиршсе, экинчисинде пикетчилер Сурхандарыя облусунун Шурчи деген темир жол бекетинде Дүйшөнбү-Канибадам каттамындагы поезд өтүп жаткан учурда турушту. Өзбекстан Экологиялык кыймылынын билдиргенине караганда, бул акциялардын максаты коңшу өлкөнүн бийликтеринин жана коомчулуктун көңүлүн тажик алюминий заводунун айлана-чөйрө менен адамдардын ден соолугуна тийгизген терс таасирине буруу болду.

Ал эми 31-мартта Термез университетинде өткөн жыйында БУУ, ЮНЕСКО, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өңдүү эл аралык мекемелерге багытталган кайрылуу кабыл алынды. Анда тажик алюминий заводунун айлана - чөйрөнү булгоосун токтотуу боюнча тезинен чара көрүү талабы айтылган. Өзбекстандын Экологиялык кыймылы ырастагандай, мындай демилгени Термез университети менен Денаус айыл-чарба колледжинин студенттери көтөрүп чыккан.

Борбор Азиядагы жалгыз алюминий завод болгон ТАЛКО Турсунзаде шаарында жайгашкан. Бул шаар Сурхандарыя облусунун Денаус району менен чектешет.

Өзбекстан Экологиялык кыймылынын Ташкенттеги кеңсесинин өкүлдөрү “Азаттык” радиосуна интервью берүүдөн баш тартты. Ал эми Сурхандарыянын ысымын атагысы келбеген чиновниктеринин бири тажик алюминий заводунун терс таасирлери катары төмөнкүлөрдү атайт:

- Таасири абдан чоң. Ал жактан урган шамал кара түтүндүн баарын биз тарапка алып келип таштайт. Себеби фильтр коюлбаган. Малдын тиши күбүлүп калып жатат, балдар тубаса кемтик туулууда. Кээ бирлеринде таңдайы, муруну жок. Мөмө-жемишти сурабай эле коюуңуз. Эси Дашабадда анар, курма дегенден эч нерсе калбады.

Борбор Азияга адистешкен орусиялык журналист жана саясат таануучу Санабар Шерматова өзбекстандыктардын чек арага жакын турган заводдун экологияга тийгизген таасир боюнча камтамага түшүүсүнө негиз бар деп эсептейт. Анын айтымында, экология ошол аймакта жашаган тажикстандыктардын өзүн да тынчыздандырса керек. Бирок Өзбекстандын Экологиялык кыймылынын нааразылык билдирүүнүн өлкөнүн өзүндө чектөө салынган формасын тандап алуусу бул маселенин саясий өңүтүн каңкуулоодо:

-Тажик алюминий заводуна карата асылууларды, менимче, ушу тапта эки коңшу өлкө ортосунда активдүү жүрүп жаткан тирешүүнүн контекстинде кароо керек. Бул - эки өлкөнүн тырмакча ичиндеги дипломатиялык чоң согушунун бир эпизоду. Нааразылык митингдери менен Экологиялык кыймыл алектенип жатканына карабай, чынында жогортон саясий команда берилмейинче, мындай кыймылдар болмок эмес. Өзбекстанда митинг, пикеттерди коомдук уюм өткөрө албасы түшүнүктүү, андайды бийлик кубаттабайт. Азыр болсо поезддерди тосушуп, студенттер активдүү чыгып жатышат. Албетте бул жерде саясий жүйөө да бар.

Тажик парламентинин мурдагы чакырылышында өнөр жай комитетин башкарган Мирзошариф Исломиддинов да Өзбекстандагы митинг-пикеттер бийликтин көрсөтмөсү менен уюшулган деген көз карашта:

-Биз билгенден Өзбекстанда бир да иш-чара мамлекеттин кийлигишүүсүз өтпөйт. Мунун баары эле өзбек бийликтеринин өзүнүн аракети. Бир аз убакыттан кийин бул аракеттер токтогонуна күбө болобуз.

Өзбекстандагы нааразылык акцияларынан улам айткан комментарийлеринде тажикстандык эксперттер ушул аптада алгачкы продукциясын чыгарганына 35 жыл толгон тажик алюминий заводу алдыңкы технологиялар менен курулганын, экологиялык нормаларга жооп берерин, зыян алып келген күндө да ал жол бериле тургандай чекте экенин, анын үстүнө энергетикалык кризистен улам завод толук кубаттуулукта иштей албай калганын айтышты.

Тажикстандын расмий “Ховар” агенттигине мындай пикирлерин тажик президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр борборунун өкүлү Назира Рустамова жана тажик Илимдер академиясынын суу проблемалары, гидроэнергетика, экология институтунун директору Зайналобудин Кобулиев билдиришти.

Мамлекет менчигиндеги ишкана катары эсептелген ТАЛКО Тажикстандын азырынча өзбек экологдорунун назарына илинген экинчи обьектиси болуп калды. Рогун ГЭСинин экспертизасыз курулуп жатышына өзбек экологдору эле эмес, расмий Ташкент өзү да ачык каршы чыгып жүрөт. ГЭС курулушунан улам чыккан талаш эки өлкөнүн мамилесин чыңалтканы белгилүү. Февраль-март айларында тажикстандык жүк вагондорунун Өзбекстан аймагында кармалышынТашкент техникалык себептерге байланыштырганы менен байкоочулар аны кысым көргөзүү аракети катары баалашкан.

Журналист жана саясат таануучу Санобар Шерматованын пикиринде, Өзбекстан мындай шартта алюминий заводго байланыштуу бир тараптуу эмес, эки тараптуу аракеттенсе оң болмок:

-Эксперт экологдор эки өлкөдөн: Өзбекстандан да, Тажикстандан да бул көйгөй, ошол жерде жашаган карапайым адамдардын көйгөйү менен калыс иштей турган бир комиссияга кирүүсүн суранышса болмок. Экологиялык экспертиза чогуу өткөрүлүп, тажик алюминий заводундагы кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар иштелип чыкса, эки өлкө тең, эки коом тең утмак. Бирок айта кетүү керек Тажикстандын да, Өзбекстандын да саясий элиталары башка максатты көздөйт. Экология тараптардын чатагындагы курал гана болуп жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG