Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

ӨЗБЕК ӨКМӨТҮН АНЖЫЯНДАГЫ КАНДУУ ЖАЗАЛОО ҮЧҮН КОЛДОГОНДОР ДА БАР, АЙЫПТАГАНДАР ДА БАР


Өзбекстандын Анжыян шаарында өткөн жума күнү орун алган кандуу кагылышуулар тууралуу дүйнө жүзүндө ар кыл пикирлер айтылып келет. Өзбек президенти Ислам Каримов тыйуу салынган диний партия – «Хизбу-т-Тахрирдин» өкүлдөрүн соңку көзголоңдун уюштуруучусу катары айыптап чыкты. Бул уюм аймакта исламдык мыйзамга – шариятка негизделген мамлекетти курууну көздөйт. Козголоңду кыйратуу маалында 500дөй киши набыт болгону айтылууда. Орусия дароо расмий Ташкенди колдоп чыкты. Айрым адистердин оюнча, Батыш өлкөлөрү, Британияны жана айрым эл аралык уюмдарды эске албаганда, окуяга дээрлик үстүрт мамиле кылууда.

Орусия Анжыяндагы бул окуяларды «Өзбекстандын ички иши» деп баалады. Аймактагы Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөр да ушундай эле мамилесин билдирди. Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровдун дүйшөмбү күнкү айтымында, Анжыяндагы козголоңду жана кандуу кагылышууну «исламчы экстремисттер» уюштурган.
Ал эми ишемби күнү Орусиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Валерий Лощихин Ферганадагы окуялардын чыгышына айрым социалдык-экономикалык көйгөйлөр да түрткү болду го деген оюн билдирген:

- Албетте, бул окуялар ар түркүн көйгөйлөрдүн жуурулушуусу болду. Мында социалдык-экономикалык жагдайлар да бар. Бирок исламдык фактор аймакта өтө олуттуу рол ойногону шексиз. Дал ушул жагдайлардын баары шайкешип, азыркы кырдаалга кептеди. Мындагы эң жаманы – адамдардын өмүрүнөн айрылганы болду. Биз бул сыяктуу экстремисттик иш-аракеттерди айыптайбыз. Кырдаал бат эле көзөмөлгө алынат ко деп үмүттөнөбүз.

Орусиянын расмий Ташкенди ырааттуу колдошуна таң калууга болбойт, дейт Саясий технологиялар чордонунун деректирин орун басары, маскөөлүк адис Алексей Макаркин.

Орусия, анын оюнча, Кыргызстандагыдай элдик ыңкылаптын Өзбекстанда кайталанышын каалабайт:

- Ислам Каримов Орусияга карай ыктоодо. Ал эми Орусия болсо андан реформа жүргүзүү, либералдаштыруу, демократиялдаштыруу тууралуу сурап да койгон жок. Өзбекстан аны азыркы турумунда эле толук канааттандырат.

Коңшу Кыргызстандын Орусия менен Өзбекстандын өкмөттөрү менен кылдат мамиле жүргүзүүгө кызыкдар болгон жетекчиси, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев да тымызын иш-аракет жүргүзгөн диний уюмду Анжыян окуялары үчүн күнөөлүү деп ишембиде айтып чыкты:

- Жанакы ӨИК (ИДУ) деп койбойбузду, Өзбекстандын исламдык кыймылы, «Хизбу-т-тахрир» уюмунун өкүлдөрү – ошолордун көтөргөнүнүн негизинде болуп атат да. Эми, кандай болбосун, бул – жакшылыкка алып келбейт. Мен ойлойм, тынчтык болуш керек. Мамлекетти диний башкаруу, диний органдар башкарышы керек деген көз карашка мен кошула албайм.

Кыргыз президенти Өзбекстан калкын тынчтыкка чакырды.

Бирок кыргызстандык бир катар саясатчылар окуянын чыгышы үчүн Ислам Каримовдун өзүнүн режимин күнөөлөөдө.

Айтмакчы, Батыш өлкөлөрүнүн арасында Өзбекстандагы кырдаалга карата мамиле бир кылка болбоду.

Жекшембиде британ тышкы иштер министр Жэк Стро өзбек бийлигин адам укуктарын кадырлоого чакырып, демонстранттардын айоосуз жазаланышын айыптады. Өзбек тышкы иштер министрлиги дароо ага жооп кайырып, акыбалды жеринен билбей туруп мындай баа берүү осол экендигин расмий Лондонго эскертти.

Дүйшөмбүдө Жэк Стро бул маселеге кайра кайрылып, расмий Ташкенди окуя болгон жайга эл аралык өкүлдөрдү эркин өткөрүүгө үндөдү:

- Менин аңдашымча, өзбек тышкы иштер министри эртең (шейшембиде) элчилердин Анжыянга барышы үчүн камылга көрө тургандай болуп турат. Ушул тапта бул сапарды жүзөгө ашыруунун жагдайлары талкууга алынып жатат.

Кошмо Штаттар зомбулук аракеттер үчүн тынчсыздануусун билдирип, бирок Өзбекстан исламчыл кыймылынын абактагы айрым мүчөлөрү да боштондукка чыкты го деген тынчсыздануусун айтты.

Герман тышкы иштер министри Йошка Фишер өзбек бийлигин кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрүнө окуя болгон жайларга барууга уруксат кылууга үндөдү. Француз тышкы иштер министри Мишел Барнье болсо каршылашкан тараптарды саясий баарлашууга чакырды.

ЕККУ болсо тараптарды саясий баарлашуу жолун тандоого үндөп, өзүнүн арачылыгын сунуш кылды.

Жаңжалдарды иликтөөчү эл аралык топтун Борбор Азия долбоорунун жетекчиси Дэвид Люис мырза "Батыш өлкөлөрүнүн ичинен Британия гана расмий Ташкенди кескин сынга алды" деген баасын «Азаттыкка» билдирди:

- Иш жүзүндө Британиянын өкмөтү гана кыйла катаал билдирүү жасады. Болбосо, америкалыктар анча деле сестүү сөз айта алган жок.

Ишембиде Кыргызстанда ондогон укук коргоочулар жана жаштар Өзбекстандын элчилигинин имаратынын маңдайында пикет уюштуруп, расмий Ташкенди демонстранттарды куугунтуктабоого жана өлкөдө демократиялык реформаларды жүргүзүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG