Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:09

Өзбек бийликтери Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергетика системасынан (БЭС) чыгарын жарыялады. Өзбекстан БЭСтен чыкca Кыргызстанда электр каатчылыгы курчуйбу?

СССР учурунда Борбор Азиядагы мамлекеттердин энергетика системасы бири-бирине байланыштуу болчу. Ал кезде чөлкөмдөгү республикалар бир мамлекеттин курамында тургандыктан, электр энергиясын да чогуу пайдалануу саясаты иштеп, бул жаатта маселе деле чыкчу эмес. Бирок СССР кулагандан кийин эгемендик алган Борбор Азиядагы мамлекеттерде бул маселе калкып чыгып, Бирдиктүү энергетика системасын түзүүгө мажбур болушкан. Анткени мурдагы система боюнча, бир өлкөдөн чыккан электр энергиясы жогорку чыңалуудагы өткөргүчтөр аркылуу экинчи өлкөгө, андан ары үчүнчү өлкөгө, анан барып кайра ошол өлкөнүн бир катар аймактарына жетип турчу.

Электр жаатындагы мындай көз карандылыктын айынан маал-маалы менен Борбор Азия өлкөлөрү арасында пикир келишпестиктер да болуп келди. Себеби бири-бирине тең ата мамлекеттер аркылуу электр энергиясын алып өтүүнү көзөмөлдөө абдан кыйынга турду. 2003-жылы Түркмөнстан бул системадан чыгып калды. Эми Өзбекстан БЭСтен чыгап атканын жарыялоодо.

Кыргызстандын Улуттук электр тармактары ишканасынын башкы директорунун орун басары Мурат Дурусалиевдин пикиринде, Өзбекстандын бирдиктүү системадан чыгышы кайсы бир деңгээлде Кыргызстанга да таасирин тийгизмекчи:

- Өзбекстан мындан чыгып кетсе, биздеги 500 киловольттук аймактын сол бөлүгүн алар үзүп салышат. Анда Кыргызстандын энергетикасына, өзүбүздүн Токтогул ГЭСинен Өзбекстан аркылуу келе турган электр энергиясы келбей калат. Ошондо Кыргызстандын түндүк жагында да электр тартыш болушу мүмкүн. Кечки учурларда 500-600 мегаватка чейин. Бирок биздин казактар менен келишимибиз бар. Казактар бөлүнбөшү керек мындан. Биз анда казактардан электр энергиясын алып, Кыргызстан боюнча пайда болчу дефицитти жабышыбыз мүмкүн.

Энергетика тармагы боюнча адис Базарбай Мамбетовдун айтымында, Өзбекстандын БЭСтен чыгышынан оболу Тажикстан жапа чегет. Кыргызстандын түштүгүндө да айрым аймактар, өзгөчө Лейлек району жарыксыз калуу коркунучунда турат. Адистин пикиринде, абалдан чыгуу үчүн Баткен облусундагы Айгүл-Таш подстанциясынан Лейлек районуна чейин 220 вольттук өткөргүч тартуу ишин баштоо керек болот. Андан тышкары Жалал-Абад облусундагы айрым аймактарда электр маселеси чыгышы мүмкүн:
Базарбай Мамбетов

- Эми өзбектердин БЭСтен чыгышы Кыргызстандын электр тармагына аябай деле катуу таасир бербейт. Эмне дегенде Кыргызстандын түндүгү, Чүй, Бишкек, Нарын, Талас үзгүлтүксүз иштей берет. Ош жак деле толугу менен камсыз болгон. Болгону Жалал-Абад облусунун кээ бир райондору Өзбекстандан электр энергиясын алып келаткан. Ошолор үзгүлтүккө учурап, кыйынчылык болобу деп турабыз. Бирок андан деле биздикилер оңой эле чыгып кетсе болот. Анан Лейлек тарапта Тажикстандан электр алган жерлер бар.

90-жылдардан кийин Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды колдонууда Өзбекстан негизги оюнчу болуп чыга келди. Анткени бул мамлекет ошол ресурстарды колдонуудагы бирден-бир транзиттик өлкө. Чөлкөмдөгү электр энергиясы, газ, суу сыяктуу ресурстарды пайдаланууда Өзбекстан менен эсептешүү керек болот.

Эми Өзбекстан өлкө ичинде энергетикалык шакекче түзүүгө жетишип, мындан ары БЭСке муктаждыгы жок экенин көрсөттү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG