Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Өзбек премьер-министри Тажикcтанга жасаган “ат жүрүш”


Тажикстан. Бул сыйыр Рогун ГЭСинин курулушуна салым катары берилген. Ишкошым.14-декабрь 2009

Тажикстан. Бул сыйыр Рогун ГЭСинин курулушуна салым катары берилген. Ишкошым.14-декабрь 2009

Өзбекстандын премьер-министри тажикстандык өнөктөшүн Борбор Азиянын көпшөк экологиялык балансын бузбоо үчүн Рогун ГЭСин курбоого чакырды.

Премьер-министр Мирзиевдин жазышынча, “Өзбекстандын өтүнүчү эске алынбаса, “капылет болчу алааматты болтурбоо үчүн” Ташкент башка тийиштүү кадамдарды жасайт. Өзбек тарап коңшу эгемен өлкөлөр өздөрүн энергетика менен

Өзбекстандын жер титирөөнүн коркунучу жөнүндөгү дооматы калп. Нематуллаев, сейсмолог.

Премьер-министр Шавкат Мирзияев.
жетерлик камсыздоо үчүн ГЭСтерди куруусуна эзелтен каршы.

Мирзияев катында Кыргызстанды мисал кылды

Шавкат Мирзияевдин тажикстандык коллегасына жазган каты Өзбекстандын орус тилдүү “Правда Востока” гезитине шаршемби күнү чыкты. Рогун ГЭСинин курулушу Арал деңизинин кесепетинен региондун болбурап турган экологиялык балансын бузат, ГЭС жогорку сейсмикалык аймакта жайгашкандыктан, капылет бир балакет болсо, чоң кыямат болот, деп эскертет ал.

Ырасмий Дүйшөмбү катка али жооп бере элек. Бирок Тажикстандын Суу чарба жана
Мамлекеттик "Бирки Тажик" корпорациясынын башчысы Журабек Нурмахматов(оңдо) Рогун ГЭСинин даяр планын көрсөтүүдө. 29-октябрь 2002
ирригация институтунун мүдүрү Яраш Пулодов Рогунда кылдат изилдөө жүргүзүлүп, сейсмикалык жана башка маанилүү факторлор эсепке алынганын, өзбек тарап маселени “саясый өңүттөн козгоп” жатканын билдирди. Абройлуу тажик сейсмологу Собит Нематуллаев Ташкенттин кооптонуусун “негизсиз” деп атады:

-Бул маселени биз узак жылдар бою изилдедик. Долбоорду эксперттер да изилдеп туруп жактырган жана кырдаал ар дайым көзөмөл астында болсун деген бүтүм чыгарган. Өзбекстандын жер титирөөнүн коркунучу жөнүндөгү дооматы калп. Хаит районунда бир жолу 6 балдык жер титирөө болгон. Бул аймакта 6 балдык жер тербетүү болгону үчүн эле ГЭСтин курулушун токтотпойбуз.

Өзбекстандын премьер-министринин катында Кыргызстандын Токтогул ГЭСи менен Тажикстандын Нурек ГЭСинде акыркы 20 жылда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, бул эки обьект да Борбор Азияга коркунуч туударат, деп белгиленет. (Аталган эки ишкана 40 жылдай мурда курулган). Анткени, Мирзияевдин билишинче, “курулушка тартылган россиялык долбоорлоо институттары менен курулуш-монтаждоо уюмдарын мүмкүн болчу кесепет иштер көп кызыктырбайт” экен.

Долбоор сапаты заказачынын ыктыярында

Мындай пикирге Россия Илимдер академиясынын энергетикалык изилдөөлөр институтунун жетектөөчү эксперти Федор Веселов кошулбайт. Анын айтымында, кандай гана ГЭС болбосун, сөзсүз жаратылышка, климатка, кыртышка жана экологияга таасир этет. Ошон үчүн, Веселов эң алды долбоордун заказчыларынын талабына көңүл буруу зарыл экенин айтат:

-Долбоордун авторлорунун квалификациясы өтө жогору. Россиялык адис-инженерлер ГЭСтерди түрдүү шарттарда добоорлоодо чоң тажрыйбага ээ. Алар Борбор Азия, Россия жана башка жактарда көптөгөн ГЭСтерди долбоорлоп, курууга катышкан. Тажикстандын экологиялык экспертиза боюнча талабы канчалык бийик? Маселе ушунда.

Өзбекстан совет өкмөтү кулагандан бери карай суу тартыш болот, экология бузулат деп, Тажикстан менен Кыргызстандын чоң ГЭСтерди куруусуна каршы болуп жүрөт. Ошол эле мезгилде Ташкентте жыл сайын кыш чилдеде акчасы төлөнбөдү деген жүйөө менен Тажикстан жана Кыргызстанга көгүлтүр отун берүүнү токтотуп, карыз өндүрүү адаты бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG