Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Өкмөт киреше алып келбеген ишканаларды аныктоого бир ай убакыт берди


Жеңиш Разаков
Жеңиш Разаков

Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө мамлекеттик ишканалардын чыгашалуулугун жана төмөнкү кирешелүүлүгүнүн себептерин аныктап чыгат.

Бул тууралуу атайын тапшырманы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мамлекеттик ишканаларды башкарууну оптимизациялоо маселеси боюнча өткөн жыйында билдирди.

«Жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, ишканалардын көпчүлүгү натыйжасыз болууда. Мамлекеттик ишканалардын сезилээрлик бөлүгү чыгашалуу», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Өкмөттөн билдиришкендей, ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгына жараша ишканалардын мындан аркы тагдыры боюнча өкмөттө атайын жыйын уюштурулат.

Азыркы кезде мамлекеттик мүлктү башкаруу фондго караштуу 58 акционердик коом жана 164 мамлекеттик ишкана бар. (SDz)

XS
SM
MD
LG