Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Өзбекстан Евразия экономикалык кызматташтык уюмунан чыгууну көздөөдө


Мындай кадам айрымдар үчүн күтүлбөстүк болгону менен иштин ушул ыңгайга ооп калганы мурда эле дайын болуп калган. Айрымдар расмий Ташкендин бул кадамын Батышка жүз буруу ишарасы катары сыпаттоодо.

Өзбекстандын Евразия экономикалык кызматташтык уюмунан чыгуу ниетин айрым саясий серепчилер президент И.Каримовдун Казакстан лидери Н.Назарбаев экөөнүн ортосундагы атаандаштык, салкын-суз мамилеге байланыштырып жиберишти. Экинчи тарап болсо расмий Ташкендин кезектеги жүрүшүн Батышка жүз буруу, кызматташуу ишарасы катары сыпаттоого үлгүрдү.

Өзбекстандык белгилүү саясат таануучу Ташпулат Юлдашевдин пикиринде, Евразия кызматташуу уюму мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы тыгыз экономикалык карым-катышты өнүктүрүү, ич ара байланыштарды тереңдетүү максатын көздөйт. Мындай милдетти моюнга алууга расмий Ташкен анча деле куштар эмес.

- Мындай иштерге Өзбекстандын катышуу ниети жок. Логикалык жагынан Өзбекстандын кийинки кадамы КМШ, Шаңкай кызматташуу уюмдарынан чыгуу. Анткен менен Өзбекстандын Жамааттык коопсуздук келишиминен чыгуусу күмөн. Иштин баары Орусия менен расмий Бээжиндин бул чөлкөмдөгү авторитардык режимдерди апачык колдоп жатышына байланыштуу.

Өзбекстандык дагы бир саясат таануучу Камрон Алиевдин маалымдашынча, расмий Ташкендин экономикалык кызматташуу уюмунан чыгышы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Уюмдан чыгуунун жөн-жайын саясат таануучу Өзбекстандын жанындагы коңшу өлкөлөр менен карым-катышы толгон-токой тоскоолдуктарга кабылып, коңшулардын ичара каттоосун визалык режим татаалдаштырганына байланыштуу түшүндүрөт:

- Ортодо маселен, гидроэнергетика проблемалары, сууну пайдаланыш маселелери бар. Мына ушул маселелер боюнча Евразия кызматташтык уюмунун мүчөлөрү бир пикирге келе алышпаганы себеп болушу мүмкүн.

Камрон Алиевдин пикиринде, Өзбекстандын экономикалык кызматташуу уюмунан чыгып кетишинин пайдасынан зыяны көбүрөөк болушу мүмкүн. Расмий Ташкен уюмга мүчө өлкөлөрдүн ар бири менен өз алдынча экономикалык алака-катыш түзүүгө мүмкүндүк алганы менен, суу-энергетика боюнча орток проблемаларды чечүү эми кыйынга турушу ыктымал.

Евразия экономикалык кызматташуу уюму Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Постсоветтик славян өлкөлөрүнүн экономикалык биримдиги күчөп бараткан чакта түзүлгөн Евразия кызматташуу уюмунда кызматташууну тереңдетүү, уюмдун ишин жандандыруу жөнүндө алгылыктуу ойлор арбын айтылганы менен алардын көбү кагазда эле калып келатканы деле жашыруун эмес.

Парламент депутаты Гүлнара Дербишеванын айтуусунда, ушу тапта Өзбекстан Батышка ык тартып, кезектеги саясий оюнун баштоого киришти.

- Анан мен ойлойм, ушул тенденция уланып кетсе Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими, Шаңкай кызматташу уюмунан да чыгып кете алат. Расмий Ташкен мамлекет катары өзүнүн болгон кубатын көрсөткүсү келип жатат. Анан да аскердик күчүн да көрсөтүп жатат. Мен ойлоп жатам, Өзбекстан өзүнө таянычты эми НАТОдон издейт.

1999-жылы Өзбекстан Грузия, Украина, Азербайжан, Молдова өлкөлөрү түзгөн ГУУАМ уюмуна мүчө болуп кирип, бирок андан 2005-жылы чыгып кеткен. Ошол эле жылы Евразия кызматташтык уюмуна мүчөлүккө өткөн. Үч жыл аралыгында Өзбекстан Евразия кызматташтык уюмунда кол коюлган келишимдердин бир да бирөөн ратификациялаган эмес. Расмий Ташкен Евразия экономикалык кызматташтык уюмунун ишине ичи чыкпаганын белгилеп, Жамааттык коопсуздук келишими турган чакта дагы бир уюмдун иштеп турушу артыкбаш түйшүк алып келгенден башкага жарабастыгын белгилеп келатат.

XS
SM
MD
LG