Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

АКШ вице-президенти Тарас Шевченкого кайрылды


АКШ вице-президенти Жо Байден украин саясый элитасын урпактар алдында жоопкерчиликтүү болууга чакырууда. Киев. 22-июль.

АКШ вице-президенти Жо Байден украин саясый элитасын урпактар алдында жоопкерчиликтүү болууга чакырууда. Киев. 22-июль.

АКШ вице-президенти Украинанын саясый элитасын жөөлөшүү ордуна кыйын абалдагы экономика жана энергетика тармагын реформалоого киришүүгө чакырды.

Жо Байден Киевдеги сапарын аяктап жатып, украин саясый жетекчилигине курч сөздөр менен кайрылды: саясый зиректигин көрсөтүп, 2004-жылкы Саргылтым ыңкылап учурунда берген убадаларынын өтөсүнө чыгууга үндөдү. Байдендин 400 украиналык жана америкалык алдында сүйлөгөн сөзүн Ак Үй “Украин элине кайрылуу” деп сыпаттады.

АКШ вице-президенти Вашингтон Россия менен байланышын Украинанын эсебинен жакшыртпайт деп ишендирдирүү менен, саргылтым ынкылаптан бери өлкөдө жарандык коом жана сөз эркиндиги бир кыйла эле жакшырып калганына көңүл бурду. Ошол эле учурда украин саясатчыларын жеке кызыкчылыктарын улут мүдөөсүнөн өйдө койот деп сындады. Бирок коомдогу “ачык-айкындык менен плюрализмге” XIX кылымда өткөн атактуу украин акыны Тарас Шевченко суктанмак, деди Байден:

-Ал (Шевченко) өкмөттүн эл сыяктуу саясый зирек болбогонуна, лидерлер арасындагы биримсиздик өнүгүүгө, айрыкча, азыркы кыйын экономикалык кырдаалда кедерги болуп жатканына тынчсызданмак деп ойлойм. Украина менин жөнөкөй байкоомо караганда, тарыхтын сабагын эске алыш керек. Ургаалдуу, жоопкерчиликтүү өкмөт гана экономиканын өнүгүүсүнө мотор болчу туруктуу, ырааттуу жана транспаренттүү чөйрөнү камсыздай алат.

АКШ вице-президентин коштоп жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Брайн Уитмордун билдиришинче, саясый жөөлөшүүлөрдөн тажаган украиндерге Байдендин “көзгө сая айткан” береги сөздөрү “майдай жакканы” шексиз:

-Ал (Байден) Саргылтым ынкылаптын убадаларын аткарчу мезгил келгенин айтты. “Урпактар жүздөгөн жылдардан кийин саясый лидерлер эмне жасады деп сурашат?” деп сурады Байден. Бул өтө катуу сөз болду. Байден сүйлөп жатканда тынчтык өкүм сүрүп, адамдар бири-бирине карап, “туура” дегендей баш ийкеп жатышты.

Вице-президент Байден Украинанын эгемендиги жана экономикалык өз алдынчалыгы энергия секторун эффективдүү башкарууга байланыштуу экенин да белгилей кетти. Байдендин айтышынча, Украинада энергия Евробиримдикке салыштырмалуу үч эсе үнөмсүз пайдаланылат. Украина энергияны коңшулаш Польшадай эле үнөмдүү пайдаланса, энергияны импорттоо “кескин азайып”, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу “ченемсиз өсмөк”.

Шаршемби күнү Байден январда болчу президенттик шайлоого катышат деп болжолдонуп жаткан: президент Виктор Ющенко, премьер-министр Юлия Тимошенко, парламент төрагасы Владимир Литвин, Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович, ошондой эле экс-спикер Арсений Яценюк менен жекеме-жеке кездешти.

Жо Байден шаршемби күнү кеч шамда НАТОго умтулган дагы бир экс-советтик республика - Грузияга учуп келди. АКШ вице-президенти Тбилисиде да Киевде сүйлөгөндөй кайрылуу жасайт деп күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG