Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Түркмөнстанда мал кырылууда


Мал базар.
Мал базар.

Түркмөнстанда мал жандыктардын жана канаттуулардын арасында сибирь жарасы катталган учурлар көбөйдү.

Үй канаттуулары чоң фермаларда кыргынга учуроодо. Жергиликтүү ветеринарлардын пикиринде, бул сибирь жарасына байланыштуу.

Түркмөн бийлиги мал ылаңынын жайылышы боюнча жана көрүлүп жатакан чаралар туурасында маалымат берген жок. Малдын кырылышы – эт азыктарына болгон талапты азайтты.

“Мал базарда тоокторду эч ким сатып алган жок. Уйлардын баасы 20-30% төмөндөдү. Сатып алуучулар малдын саламаттыгы туурасында ветеринардын справкасын талап кылышууда”, - деди Дашөгүздөгү өз булактардын бири.

Түркмөнстанда кырылган малдын сөөгү таштанды таштоочу жайга ыргытылып, ал жакта аларды жолбун ит-мышыктар жеп кетүүдө.

XS
SM
MD
LG