Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Эл үнү


“Азаттыктын” “Эл үнү” берүүсүнө келип түшкөн ой-пикирлердин айрымдары төмөнкүдөй болду.

Чынара Токтогулова, Нарын шаарынын тургуну:

- Мен бир маселени айтып коеюн дедим эле. Өткөндө президенттикке талапкерлер тил комиссиясынан өтүшпөдүбү. Анан баягыда Бакиев тил комиссиясынан өткөндө, комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов аягында жыйынтык чыгарып, “Биздин президентибиз, кыргыз тилин мыкты биле турганын ушул жерде далилдеди”,- деп атат. Ал президенттикке талапкер катары алардын алдына баргандан кийин, “биздин талапкер” деп кайрылышы керек болчу. Ушундан эле жыйынтык чыгарсак болот. Демек “президент Бакиев алдыдагы шайлоодо элдин добушу менен эсептешпей туруп эле эмитен президент болду” деген жыйынтык болуп атат.

Бердибек Чыналиев, Нарын району, Кеңеш айылы:

- Азыр авто машиналарга болгон салыктар абдан көп болуп кетти. Быйыл эски машинелерге эле болгон салыктын баасы 1000 сомго чыгып кетти. Жаңылары 3000 сомго чейин төлөп атышат. Анча акча кайда кетип атканы белгисиз. Ушунча көп төлөтүп атышкандан кийин жолду да оңдоп коюшпайбы. Анан эле элди кысып киришет. Салыкка жараша жолдун талабы да жооп бериши керек.

Жолдубай Сүйүнбаев, “Ак шумкар” партиясынын мүчөсү:

- Мындай маалымат угуп атабыз. “Ак жол” фракциясынын депутаттары Ибрагим Жунусов менен Аскарбек Салымбеков экөө Нарын облусуна барышып, Ат-Башыга чейин барып конок болуп кетишиптир. Ошондо Ибрагим Жунусов, “Сиздер гүүлдөп сонун эле жашап атыптырсыздар. Ошол себептүү жанагы тоолуу жер үчүн деп кошулган элүү пайыз кошумча каражатыңарды алып салыш керек экен”,- деп айтыптыр. Бул депутат ушундай демилге көтөрүп аткан окшойт. Эми ушинтип жасакерленген болбойт го...

Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусов жогорудагы суроого мындайча жооп берди:

- Мен Ат-Башыга 1990-жылдан бери бара элекмин. Нарындын өзүнө былтыр күзүндө барып кеткем. Анда иш менен эмес эс алууга баргам. 1990-жылы барганда айткан болсом билбейм...

Өндүрүш Токтоназаров, Сокулук районунун тургуну:

- Өткөндө биз Ысык-Көлдүн Түп районунда боло турган курултайга үн кошуу максатында Чүйдөн бир топ адамдар жөнөп калдык. Жөнөгөнүбүз курусун, Балыкчы шаарына киргенде эле бийликтин былык оюндарын көрө баштадык. Айдоочуну опузалашты, сакалчандар түшүп алгансып ар бирибизди тинтип чыгышты. Балыкчыга келгенден кийин, жыйын башталганда эле кайдан-жайдан экени белгисиз албуут аялдар, мас болуп алган жаштар менен аксакалдар келип, ызы-чуу салып кыйкыра башташты. Акчага, аракка алданган ал адамдарды көрүп бир чети таң калып, бир чети аяп, бир жагынан жинибиз келди. Демек, шайлоо деле жөн өтпөйт болушу керек деген ойдобуз.

Токтобүбү Эгембердиева: Кийинки жаштар жок дегенде 4-5 балалуу болушса

“Азаттыктын” “Эл үнү” уктуруусуна 82 жаштагы Токтобүбү Эгембердиева аттуу эне кайрылды. Ал Нарын облусунун Жумгал районунан. Өмүрүндө 12 балалуу болгон. Учурда 32 небере, 25 чөбөрөсү бар. 16 жашынан турмушка чыккан Токтобүбү Эгембердиева колхоздо трактор айдап 20 жыл эмгектенип, кийинчерээк Фрунзе (Бишкек) шаарына келип музейде иштеп калган. Ал - учурда жаштар арасында көп балалуу болуу ниети барлар азайганын, бир же экиден балалуу болуп эле тим болбой, жаштар жок дегенде 4-5 балалуу болушса деген тилегин айтат. Жаштарга кайрылуу иретинде ал өзүнүн “Бала кымбат” аттуу ырын да созолонтуп кое берди.

Бала кымбат

Бала кымбат баркын билген адамга,
Бала кымбат, теңдеши жок ааламда.
Бала менен сыймыктанып кубанып,
Бала менен бакыт табат эне-ата.

Бала сонун, бала кандай сүйкүмдүү,
Бала сонун жыты жыпар жаз гүлү.
Бала менен жан-жаныбар, адамзат,
Бала менен баар табат жер жүзү.

Бала өзү кубат берип денеге,
Эне-атанын жүрүп турган канысың.
Бала өзү өзгөчө го энеге,
Маңдайында күйүп турган шамысың...

XS
SM
MD
LG