Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Курулуш тармагындагы коррупция талкууланды


Кыргызстандыктардын өлкөдөгү шаар куруу тармагына карата ишеними эң төмөнкү деңгээлде. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков апта соңунда Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигиндеги коррупцияны жоюу боюнча кеңешмеде айтты.

«Акыркы 2,5 жыл аралыгында шаар куруу жаатында тартип коргоо органдары 93 коррупциялык көрүнүштү аныктаган. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 43 млн сомдон ашуун каражатты түзгөн» деп белгиледи премьер-министр.

Өкмөт башчы агенттиктин кызматкерлерине өзгөчө талап коюулуусу тийиш экенин баса белгиледи, анткени "курулуп жаткан имараттардын коопсуздугу жана сапаты алардан түздөн-түз көз каранды". Натыйжада мекеме жетекчилигине жаңы тапшырмалар берилип, иш-максаттар аныкталды.

Кыргызстанда соңку жылдары жеке курулуш компаниялары көбөйдү. Өкмөт алардын ишинин сапатына көзөмөл жүргүзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG