Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Кыргызстан-ЕАЭБ: Алгачкы жыйынтыктар чыгарылат


Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки өткөөл убакытта жасалган иштери, оош-кыйыштар тууралуу маалымат берилет.

Журналисттер жана эксперттер үчүн жыйын бүгүн Өкмөт үйүндө уюштурулат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү адистер экспорт боюнча алгачкы план жана тапшырмалар, анын аткарылышы жана алдыдагы иш-максаттар тууралуу айтып берет.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда толук мүчө болуп кирген. Бирок андан бери товарларды, айрыкча азык-түлүктү аталган уюмдун аймагында сатууда кыйынчылыктар жаралууда. Өзгөчө жер-жемиш лабораториялык текшерүүдөн кийин Казакстандан кайра артка кайтарылган учурлар көп катталды.

ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения мүчө. (SE)

XS
SM
MD
LG