Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия маселесин талкуулап жатат


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Женевадагы баш кеңсеси
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Женевадагы баш кеңсеси

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (WHO) H1N1 вирусунун жайылышына байланыштуу пандемия жарыялоону караштырууда. Уюмдун чукул комитети бүгүн сасык тумоо боюнча эксперттер менен жыйын өткөрүп жатат. Пандемия жарыяланса, илдетке каршы вакцинаны өндүрүү ыкчамдатылып, бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Эреже боюнча пандемия вирустун адамдан адамга жугуу учурлары анын очогунан сырткары жок дегенде дүйнөнүн эки аймагында масштабдуу түрдө катталганда жарыяланат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бүгүнкү чукул жыйынында H1N1вирусунун же чочко тумоосунун жайылуу масштабын талкуулап жатат. Соңку маалыматтарга ылайык, сасык тумоонун бул түрүнө 74 өлкөдө 27 миң 737 киши чалдыгып, 141 киши көз жумду.

Шаршембиде Женевада өткөн пресс-конференцияда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сасык тумоо боюнча программасынын жетекчиси Кеижи Фукуда акыркы күндөрү вирусту жуктуруп алган адамдардын саны кескин көбөйгөнүн белгилеп, кырдаалдын пандемияга жакындаганын айтты. Бир жуманын ичинде Австралияда оорулардын саны 4 эсеге көбөйүп, 1 миң 200 кишиден ашты.

Пандемиянын расмий жарыяланышы чочконун тумоосуна чалдыккан адамдардын саны мындан ары да өсүшү ыктымал жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү ага даяр турушу керек дегенди билдирет. Фармацевтикалык фирмалар болсо вакцина чыгарууну тездетүүгө тийиш.

Адистер эң алгач март айында Мексикада катталган вируска негизинен 20 жаштын тегерегиндеги жаштар чалдыгып жатканын белгилешүүдө:

Азырынча биздин байкашыбызча, тумоонун бул түрү менен ооруп калгандардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Дээрлик бардык өлкөлөрдө 60 жаштан төмөн адамдар арасында H1N1 вирусуна чалдыккандар көп болууда. Албетте, улгайган адамдар же кичинекей балдар деле бар, бирок жалпысынан алып анализдесек, ооруп калгандардын жашы орто эсеп менен алганда 20 жашты түзөт, - деп билдирген өткөн жума күнү Фукуда.

Соңку апталарда H1N1 вирусу Батыш жарым шардан Евразияга жайылды.

Бүгүн Германиянын Дюсселдорф шаарындагы япон мектебинде 27 окуучунун чочко тумоосу менен ооруп калганы тастыкталды. Окуу жайы 1 жумага жабылып, балдар карантинге алынды. Гонконгдо вирустун 12 учуру катталып, бардык бала бакчалар менен башталгыч мектептер 2 аптага карантинге жабылды.

Акыркы жолу пандемия 1968-жылы “Гонконг тумоосуна” байланыштуу жарыяланган. Гонконг сасык тумоосу дүйнө жүзү боюнча 1 миллиондой адамдын өмүрүн алып кеткен. Салыштыра кетсек, кадыресе сасык тумоодон жылына 250 миң - 500 миң киши көз жумат.

H1N1 вирусу катталгандан бери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму анын коркунуч деңгээлин улам көтөрүп келди. Ушу тапта ал 5-тепкичке жетти. 6-даража болсо расмий түрдө пандемияны билдирет.

XS
SM
MD
LG