Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Мекеде чочко тумоосунан төрт зыяратчы ажал тапты


Меккеде жаан нөшөрлөп жаап баштады, бирок башкы коркунуч чочко тумоосунда болуп жатат. 25-ноябрь, 2009-ж.
Меккеде жаан нөшөрлөп жаап баштады, бирок башкы коркунуч чочко тумоосунда болуп жатат. 25-ноябрь, 2009-ж.

Саударавияда башталып жаткан төрт күндүк ажылык зыяпатында төрт зыяратчы чочко тумоосунан көз жумду. Ушуга байланыштуу бул тумоонун жайылышынан кооптонуу дагы күч алды.

Бирок сауди бийликтери бул кыйынчылыктардын бардыгына даярдыгы «беш» экендигин айтууда.

Хамидо Андул Рахим түбү Мароккодон, азыр Канадада жашайт. Ал тумоо пандемиясынан коркпой тургандыгын мындайча билдирди:

- Саударавияда чочко тумоосу жок, кудайга шүгүр. Кудай бар эмеспи, бул өлкөдө баары - доктурлар, дары-дармек, баары бар. Кудай сактасын. Мен эчтекеден коркпойм. Эч кандай эмдөө алган жокмун. Мен чочко тумоосунан коркпойм, кудайга шүгүр.

Бирок апта соңунда төрт чет элдик зыяратчы чочко тумоосунан көз жумгандыгы тууралуу кооптуу кабар таркады.

Саударавиянын саламаттык бийликтери кооптонууга негиз жок деп ишендирүүдө.

Саламаттык министри Абдула Абдул Азиз ал-Ребаа ушул дүйшөмбүдө Мекеде кабарчыларга чочко тумоосунун жайылышын тизгиндөөгө сауди бийликтери толук даяр деп ырастады:

- Мен даярдыктар абдан жакшы деп ишендире алам. Саламаттык министрлигинин кесипкөй кызматкерлерине, дары-дармек запастарыбызга, жетиштүү сандагы медициналык жайларыбыз бар экенине ишеним артам.

Министрликке ылайык, каза болгон төрт кишинин бири да чочко тумоосуна каршы алдын-ала эмделген эмес, төртөө тең Саударавияга келгенден 2-3 күндүн ичинде ооруп калышкан. Курмандыктардын үчөө 75 жаштагы Судандан келген улгайган адамдар, төртүнчүсү 17 жаштагы Нигериянын жараны болгон.

Чочко тумоосунан дүйнөдө быйыл 7 миңге чукул киши көз жумса, ал Саударавияда 66 кишинин өмүрүн алды. Сауди бийликтери ажылыктын мезгилинде бул оорунун пандемиясына жол бербөө үчүн 20 миң дарыгерди ишке салууда. Өлкөнүн бул оорунун жайылышына канчалык даяр экендигин иликтөө үчүн өткөн июнда өкмөт эл аралык эксперттерди чакырып, конференция уюштурган. Бийликтер карыларга, боюнда бар аялдарга, эски оорусу барларга жана жаш балдарга быйыл Мекеге келбөөгө кеңеш берген.

Мындан тышкары, бийликтер аба-бекеттеринде эти ысыган жүргүнчүлөрдү аныктоочу жабдыктарды орноттуруп, ооруканалар менен чукул абалдар борборунун ортосундагы байланыштын тездигин кепилдеп, ооруп калгандарды карантинге алуучу атайын ооруканаларды ачтырды.

Ажылык момун мусулманчылыктын беш милдетинин бири, ага ылайык, бардык колунан келген динзарлар өмүрүндө кур дегенде бир жолу Мекеге ажылыкка барышы керек.

Мекеге жылына 160 өлкөдөн 3 миллиондой киши келет. Быйыл чочко тумоосуна байланыштуу, бул көрсөткүч 2 жарым миңден ашкан жок.
XS
SM
MD
LG