Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Кургак учуктан кутулуу аракетинде жылыш бар


Орусияда жана эски совет аймагында кургак учук өзгөчө абак жайларда кеңири жайылган. Нижний Новгород шаарындагы абактагылар текшерүүдөн өтүүдө. Орусия. 2001-жылдын 4-июну.

Орусияда жана эски совет аймагында кургак учук өзгөчө абак жайларда кеңири жайылган. Нижний Новгород шаарындагы абактагылар текшерүүдөн өтүүдө. Орусия. 2001-жылдын 4-июну.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кургак учукка чалдыккандарды айыктырууну жана акыр аягында бул дарттан толук арылууну максат кылган эле. Эми уюмдун ырастоосуна караганда, эң соңку маалыматтар ошол максаттын биринчиси ашыгы менен орундалганын көргөзүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кургак учук менен күрөшүүгө акыркы он беш жылдан бери кылдат көңүл бурууда.

Уюмдун эсебине караганда, ушул мезгил аралыгында 36 миллиондой адам кургак учуктан айыгып чыкты. Он жыл ашуун убакыт мурда киргизилген катаал медициналык тартиптин аркасында 8 миллиондой адамдын өмүрү сакталып калды.

Ал эми акыркы он эки айдын эсеби Саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөтмөсүнө ылайык иштеген дарыгерлер колунан айгып чыккан бейтаптардын саны мерчемделген чектен ашып кеткенин көргөзүүдө. Башкача айтканда илдеттен айыгып кеткендердин көрсөткүчү дүйнө боюнча биринчи ирээт 85%дан ашып, 87%га чыккан.

Бул “жакшы жаңылыкты” Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун “Кургак учукту токтотуу” деп аталган департаментинин башчысы, доктор Марио Равиглионе (Mario Raviglione) жана анын кесиптештери Вашингтондогу маалымат жыйыны учурунда жарыялашты. Бирок доктор Равиглионе “Азаттык жана Эркин Европа” үналгысынын кабарчысына берген интервьюсунда белгилегендей, алар жогорудагыдан да дурус жыйынтыкты күтүшкөн:

- Кургак учуктун деңгээли жылына 6-10%дын аралыгында төмөндөй баштайт деп күтүлгөн. Муну менен биз илдеттен 50-70 жылдын ичинде арылмакпыз. Ал эми азыр орун алып жаткан нерсе - биз учурдагы 87% менен программалардын жогорку натыйжалуулугуна жетишип жатабыз. Дартты табуу көрсөткүчү да жогорулады. Бирок канаатандырарлык эмес. Биз кургак учукка чалдыккан бейтаптардын орто эсеп менен үчтөн биринин илдетин таба албайбыз.

Кургак учук көйгөйү дагы эле санааркатып келет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү кошумчалагандай, кургак учук көйгөйү Орусияда, Чыгыш Европанын Беларус, Румыния, Украина өңдүү мамлекеттеринде али да оор бойдон калып жатат.

Доктор Марио Равиглионенин айтымында, Европадан өзгөчө оор абал Орусияда сакталууда:

- Кургак учук катталган учурлардын жалпы санынын 80%ы жагдайы оор жыйырма эки өлкөнүн үлүшүнө туура келет. Алардын арасында европалык жалгыз мамлекет – Орусия. Ал жерде 128 миң учур катталган. Биздин эсепте Орусияда кургак учуктан жылына 10 миң адам көз жумат.

Борбордук Азияда акыбал кандай?

Марио Равиглионе белгилегендей, кургак учук боюнча Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кырдаал да, илдеттин жайылуу көрсөткүчүн, каза тапкандар саны жогорку экенин эске алганда, жакшы эмес. Мындан да кооптуусу - бул аймакта кургак учуктун дарыга моюн сунбаган түрү өкүм сүрүүдө.

Ал эми Борбордук Европада кырдаал бир топ дурус. Аймактын Чехия, Словакия, Польша сындуу өлкөлөрүндө жана Балкан чөлкөмүндө илдеттин деңгээли Орусия менен Борбор Азияга салыштырмалуу кыйла төмөн.

Социалдык себептен улам курчуган илдет

Кургак учук социалдык илдет болгондуктан, акча тартыштыгы - ал такай өкүм сүргөн мамлекеттердин башкы көйгөйү.

Саламаттыкты сактоо уюмунун эсебине караганда, жылына илдетке каршы күрөшүү үчүн дүйнө боюнча 6 миллиард доллар талап кылынат. Бирок бул акчанын үчтөн эки бөлүгү гана табылат.

Ал эми экономикасы натыйжа бергидей реформаланбаган жана жакырчылыктан арыла албаган өлкөлөрдө, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Марио Равиглионенин айтымында, кургак учук оңой эле жайыла берет.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун стратегиясына ылайык, кургак учукка каршы күрөшүү программаларын каржылоого тигил же бул өлкөнүн өкмөтү да катышуусу керек.

Ага катар диагноз коюуда тактыкты күчөтүү, керектүү дары –дармектер менен камсыздоо, дарылоо курсун уюмдун көрсөтмөлөрүнө ылайык кылдат алып баруу жана анын натыйжасына байкоо (мониторинг) жүргүзүп тургудай механизм түзүү абзел.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG