Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Д.Туск: "Чындык эч кимди таарынтпайт"


Польшанын өкмөт башчысы Дональд Туск менен Россиянын премьери Владимир Путин Сопотто.
Польшанын өкмөт башчысы Дональд Туск менен Россиянын премьери Владимир Путин Сопотто.

Жетимиш жыл илгери 1-сентябрда вермахт Польшага басып кирип, дүйнөлүк экинчи согуш башталган. Бу датага байланыштуу Польшада атайын иш чаралар өтүп жатат.

Согушта курман болгондорду эскерүү кадаасы Вестерплаттагы эстелик жайында таң куланөөк салганда башталды.

"Дүйнөлүк экинчи согуш кандайча башталганын эстеп жүрмөйүнчө,ал жөнүндө чындыкты эстеп жүрмөйүнчө Польша,Европа жана бүт дүйнө коопсуз боло албасын билебиз",-деп айтты премьер Дональд Туск.

Дүйнөлүк экинчи согуштун биринчи огу Вестерплатт жарым аралында таңкы саат 4төн 45 мүнөт өткөндө жаңырат. Нацисттердин аскерий машыкма кемеси поляктардын ок-дары кампасын аткылап кирет. Буга удаалаш вермахт Польшага үч тараптан жапырып басып кирет. 3-сентябрда Польшанын союздаштары Британия, Франция жана башка өлкөлөр нацисттик Германияга согуш жарыялайт. Бирок алар Батыш фронтунда эч кандай активдүү аракеттерге өтүшпөйт. Муну америкалык жана франциялык журналисттер "таң каларык согуш" деп аташат жана ал ушундай ат менен тарыхка кирет.

16-сентярбда Польшанын өкмөтү жана аскерий башкы командачылыгы Румынияга качып чыгат, Варшава вермахтын колуна өтөт. Анын эртеси бул өлкөнүн "чыгыш аймактарындагы украиндер менен белорустарды коргоп калуу зарылдыгына" шылтоолоп совет өкмөтү өз армиясын Польшага киргизет.

Поляктар дал ушул кадамды Москва Молотов-Риббентроп келишиминде каралган шарттарга ылайык жасаган,аталган документ дүйнөлүк экинчи согуштун башталышына жол ачкан деп эсептеп жүрүшөт.

Дүйшөмбү күнү президент Лех Качински вермахттан "17-сентябрда Варшава менен Модлин коргонуп, Бзуреде уруш уланып, поляктар немецтерди Львовдон сүрүп салган маалда Польшага желкеден бычак сайылганын, муну Молотов-Риббентроп келишимине жараша большевикчил Россия жасаганын" айткан эле. Буга кошо ал 1940-жылы Смоленск областындагы Хатын токоюнда 20 миңдей поляк офицерлери атылып ташталганын "холокост" деп атады.

Жыйырмадай өлкөнүн өкүлдөрү, алардын ичинде немец канцлери Ангела Меркель менен бирге Гданьскидеги иш чараларга катышкан орус премьери Владимир Путин Сопоттогу маалымат жыйынында Молотов-Риббентроп пактысына да кайрылды.

Согуш дал ушул пактыдан тутанган деген көз караштарды четке кагып, ал аталган документ ошол кезде "гитлердик Германия менен европалык өлкөлөр ортосунда түзүлгөн келишимдердин эң акыркысы болгонун" эске салды. "Ага чейин 1934-жылы Польша менен Германия ошондой эле маанидеги документке кол коюшкан, кийин 1938-жылы Мюнхен келишими түзүлгөн".

Путин эгер ким бирөө эски,эбак көк баскан тарыхтын беттеринен өзүнө оңтойлуу жагын алып, калган баарын бул процесске катышкан бир тарапка гана жаба салгысы келсе,анда мындай аракет өз ара түшүнүшүүгө жана ишенимге алып келбей турганын да белгиледи.

Гданьскиге ал "дүйнөлүк экинчи согушта курман болгондордун арбайын эскерип, нацизмге каршы күрөштөгү поляк элинин эрдигине таазим кылганы" келгенин айтып, тарыхты, анын ичинде Хатындагы окуяны калыс териштирип чыгуу үчүн Россия өз архивдерин ачканга даяр экенин кошумчалады.

Поляк премьери Туск өз кезегинде Путиндин мындай сунушун кабыл алды. "Чындык ачуу жана кычыктуу болушу мүмкүн, бирок ал эч кимди таарынта албайт",-деп айтты ал.

XS
SM
MD
LG