Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Судандын президенти боюнча чечим чыкканы жатат


Судандын президенти Омар ал-Башир, Хартум, 4-март, 2009-жыл
Судандын президенти Омар ал-Башир, Хартум, 4-март, 2009-жыл

Бир нече сааттан кийин Эл аралык кылмыш соту Судандын президенти Омар ал-Баширди кармоо жөнүндө маселе боюнча чечимин жарыяламакчы. Ага өлкөнүн Дарфур чөлкөмүндөгү африкалык урууларга каршы багытталган тукум курут өнөктүгүн жүргүзгөн деген айып тагылып жатат.

Ал-Баширди камакка алуу ордери чыгарылса, ал Эл аралык сот тарабынан соттоло турган алгачкы кызматтагы мамлекет башчы болуп калмакчы. Эл аралык кылмыш соту мындан 7 жыл мурун түзүлгөн.

Соттун баш прокурору Луис Морено-Окампо ушул шейшембиде билдиргендей, ал-Баширдин кунөөсүн далилдеген «олуттуу фактылар» бар. Президент Судандын армиясын жана арабдардын согушчан топторун африкалык урууларга каршы багытталган өнөктүккө тукурган деп айыпталууда. Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, Дарфур жаңжалы башталган 2003-жылдан бери чөлкөмдө 300 миңдей киши өлтүрүлгөн, 2 миллион 700 миңге жакын киши үйлөрүнөн качууга аргасыз болгон.

Морено-Окампо Судандын лидерине геноцид, адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмыш жасаган деген айып такканы жатат. Прокурор кабарчыларга маалымдагандай, ал-Баширдин африкалык 3 урууну Дарфурдан сүрүп чыгуу өнөктүгүн өзү көзөмөлдөгөнүн 30 чакты күбө далилдөөгө даяр.

Бул аралыкта ал-Башир шейшембиде Нил дарыясында курулуган дамбанын ачылышына катышты. Ал Эл аралык соттун айыптарын четке кагууда:

- 4-мартта алар өз чечимин чыгарышат. Андан кийин керек болсо дагы 10ду чыгарышсын. Акыр аягында андай чечимдер эч нерсени билдирбейт. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши көптөгөн резолюция кабыл алып жатат. Акыркы, 1706-резолюция азыр эмне болду? Мен аларга ошол резолюцияларыңарды сууга чылап туруп бардыгын ичип салгыла дедим.

Ал-Башир сөз кылган 1706-резолюция 2006-жылы кабыл алынган жана Дарфурдагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн. Документ Улуттар уюмунун 20 жарым миңдей бейпилдик күчтөрүн Дарфурга жиберүүгө үндөгөн.

Сот чечим чыгарса, бул - Башир азыр эле камакка алына калат дегенди билдирбейт. Ал Эл аралык кылмыш сотун түзүү жөнүндөгү келишимге кол койгон мамлекеттердин аймагында гана туткундала алат. Келишимге 100дөн ашуун өлкө кошулган, алардын катарында Судан жок.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Морено Окампого Судандын Дарфур чөлкөмүндөгү кылмыштарды иликтеп чыгууну 2005-жылы тапшырган. Баш прокурор ал-Баширди камакка алуу буйругун чыгаруу керектигин былтыр эле жарыялаган. Ошондон бери Судан Африка биримдигинин жана Араб Лигасынын колдоосуна жетише алды.

Бир катар африкалык жана араб өлкөлөрү Эл аралык сотту Баширге каршы чара көрбөөгө чакырышкан. Алар президент баары бир дароо кармалбайт, чечим болсо Дарфурдагы абалдын оорлошуна алып келиши ыктымал деп эскертишүүдө.

Айткандай эле, Ажанс Франс Пресс агенттиги маалымдаганына караганда, Дарфурдагы козголоңчу топтордун бири президентти кулатуу үчүн өлкөдө зордук-зомбулукту жайылтаарын экертти. Ал-Башир Судандагы бийликти мындан 20 жылдай илгери басып алган.

Президент жеке адамга сыйынуу салтына көнгөн өлкөдө салыштырмалуу колдоого ээ. Франциянын Эларалык радиосу (RFI) кабарлагандай, акыркы апталарда баш калаа Хартумдун көчөлөрү президентти даңазалаган сүрөттөргө толуп калды.

XS
SM
MD
LG