Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:53

"Террорго каршы согуш" соңуна чыктыбы?


Президент Барак Обама Ирактагы америкалык жоокерлер менен жолугушуу учурунда.7-апрель 2009-жыл.

Президент Барак Обама Ирактагы америкалык жоокерлер менен жолугушуу учурунда.7-апрель 2009-жыл.

АКШда Жорж Буш бийликте турган сегиз жыл ичинде "дүйнөлүк террорго каршы согуш" деген айтым келмеден бетер көп айтылып турду. Барак Обаманын өкмөтү аны дээрлик оозго албай калды. Бул эмнени билдирет: террорго каршы согуштун бүткөнүбү же бул айтымдын тек гана саясий активдүү лексикадан түшкөнбү?

Өрөскөл өнөкөт

Ар кандай проблемага каршы согуш жарыялоо идеясы АКШда өткөн кылымдын 60-жылдарынан тартып өнөкөткө айланган. Бу салт 1964-жылы ашкере сердымактуу ички "Улуу коом" программасынын аңытында "жакырчылыкка каршы согуш" баштаган президент Линдон Жонсондон башталган дешет. Андан беш жылдан кийин президент Ричард Никсон "маң заттарына" согуш ачкан. Бирок алардын бири да жеңиштүү аяктаганын эч ким эч жерде жарыя кылган эмес.

2001-жылдын 11-сентябрынан тогуз күн өткөн соң конгресске кайрылган сөзүндө президент Буш "террорго каршы согуш" деген жаңы айтымды колдонгон.

"Террорго каршы биздин согуш "Ал-Каида" менен башталды,бирок аны менен эле бүтпөйт. Глобалдык масштабда террордук ар бир топ айкындалып,ооздукталып,толук талкаланып бүтмөйүнчө бул согуш аяктабайт",-деп айткан Буш.

Нью-Йорк университетинин маданий антропология жана саясий лексикалар боюнча эксперти Жефрри Фелдман "террорго каршы согуш" деген түшүнүктү Буш адегенде өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы тактикаларды жалпылаган кыска туюнтма катары колдонгон деп эсептейт.

"Өкмөттөгүлөр капыстан эле "согуш " деген сөз конституциядагы аныктама экенин, ал азыр иш жүзүндө аткарылып жатканын дембе-дем айтып калышты. Бара-бара "террорго каршы согуш " дегенди өзөктүү идея катары карманып,анын маанисин кеңейте берип, ички-тышкы саясаттагы ойломго айлантып салышты". Акырында бул айтым саясий идеологиянын жайыт-жабытына чейин таралып, Буштун тушундагы саясаттын бүткүл өңүт-өңүрүн көрсөткөн аныктама болуп калды.

Буштун тушунда Гуантанамо,ЦРУнун жашыруун абак жайлары, кыйноо ыкмалары,адам укуктарынын кысмакталышы сыяктуу маселелерди көтөрүп,аларга каршылыгын билдирген америкалыктарды өкмөт өкүлдөрү согуш маалында өлкөгө коркунуч келтирип жаткандар катары карап, айыптап турушту. Атүгүл кайсы бир сатиралык телеэпизодго куйкасы курушкан Ак үйдөгү өкүлдөрдүн бири "америкалыктардын баары азыр бийлик эмне десе, ошону айтып,бийлик эмне жасаса, ошону жасап турушу керектигин" эскерткен да учур болду.

Ислам дүйнөсүн иренжиткен айтымдар

Буш өзү да дамамат террордук ар бир топтун сары изине чөп салып куугунтуктоо зарылдыгын,ар бир террорчу "тирүү же өлүү" табылышы керектигин, аларды калкалап-каткан өкмөттөр террорчулардын иркектештери болорун, АКШ менен "бирге болбогондор ага душман" экенин эске салгандан тажаган жок.

"Америка прогресси үчүн" деп аталган борбордун илимий кызматкери Нина Хачиган мурдагы президент менен анын жардамчылары "цивилизациялуу дүйнө үчүн күрөш", "крестүүлөр жортуулу" дегендей эпитеттерди да өтө арбын колдонушуп, "эркиндик күчтөрү менен террор күчтөрүнүн ортосундагы улуу кармаш” сөзсүз "толук жеңиш" менен аяктайт деп ишендиришкенин кошумчалады.

Глобалдык масштада ар бир террорчул топту АКШнын душманы кылып жарыялаган жарлык алардын баарын өздөрүн "ыйык жоокер" эсептегенге мажбурлады, чындыгында болсо аларды өздөрүн кылмышкердей сезгенге аргасыз кылуу керек эле.

2006-жылдагы докладында АКШнын чалгындоо кызматтары Ирактагы согуш дүйнөдө ислам радикализмин күчөткөнүн ырасташты.

ЦРУнун мурдагы офицери Рагуал Марс Герехт Wall Street Journalда жарыяланган жакындагы макаласында "крестүүлөр жортуулун айтканда адатта христианчылыкты оозго албагандай эле "Ал-Каида" тууралуу сөз кылып жатып исламды аташтын кажети жок болчу" деп көрсөттү.

Бул жагынан калпыстыктар кетирилгенин кызматтан түшөргө жакын Буш өзү да агынан жарылып моюнга алды. "Биз чын эле иш жүзүндө террорго каршы согушта туура эмес аталыштарды колдонгон учурлар болду.Ал эркин коомго ишенбеген,террорду курал катары пайдаланган экстремисттик идеологияга каршы багытталышы керек эле".

"Акылдуу күч "

Бийлик алмашып,Барак Обама президенттик кызматка киришкен соң администрация өкүлдөрү Буштун тушундагы эски терминдерди дээрлик оозанбай калышты.Атүгүл өкмөттүк мекемелерге,алардын ичинде Пентагонго "террорго каршы согуш" деген аныктаманын ордуна мындан ары "чет жактардагы резервдик операциялар" деген аталышты колдонуу тууралуу тымызын көрсөтөмө берилгени айтылган эле.

Адегенде Ак үйдөгүлөр муну моюнга албай жүрүштү. Акыры мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон "администрация эски сөздөрдү колдонууну токтотконун,ушунун өзү эле көп нерсени билдирип турганын" ырастады.

Обама өзү саясий лексикадагы өзгөрүштөр жөнүндө эчтеме айткан жок. Бирок ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө "күчтүн тилин" "дипломатия тили менен" алмаштыруу зарыл экенин таасын,так көрсөткөн болчу. "Жорж Буштун сегиз жылдык апааттуу саясатынан кийин достор жана душмандар менен эч кандай шарт койбостон тикелей дипломатияга өтүүгө мезгил келди",-деп айткан ал.

Бул ыкманы мамлекеттик катчы Клинтондун "акылдуу күч" деп атаганы бар. Азыр ушул айтым акырындап саясий чөйрөгө таралып баратат. Президент Обама да жаңы саясий тилде эле сүйлөбөстөн, жаңыча кадамдарды жасай баштады. Бул жагынан эксперт Нина Хачиган ушул айдын башталышында Обама Түркияда болгон кезде "АКШ ислам менен согушуп жатпаганын жана эч качан согушпай турганын" айтып,көңкү мусулман дүйнөсүнүн көңүлүн тынчытканын абдан туура болду деп эсептейт.

Сөз жаңы,абал эски

Буштун мурдагы кеңешчилеринин бири,ушу тапта Техастагы саясий консултациялык фирмада иштеп жаткан Марк Маккиннон ар бир администрациянын өз тили,өз лексикасы болот деп эсептейт. 9-сентябрдан кийинки кырдаалда президент Буш терроризм трансулуттук коркунуч экенине, ал чек ара дегенди билбей турганына, бардык жерде кыянат жасарына дүйнөлүк коомчулуктун назарын буруп, коалиция түзгөнгө,буга башкаларды да ынандыргысы келгенге аракет кылган.

"Эски администрация колдонгон айтымдар менен аталыштар ошо мезгил үчүн ылайыктуу жана натыйжалуу эле болгон",-дейт Маккиннон.

Маккиннон термин,айтымдарга караганда саясаттын өзү алда канча маанилүү деген пикирде. "Риторика өзгөргөнү менен Ооганстанга, башка аймактарга байланышкан тышкы саясат көп жагынан баштагы бойдон эле турат”,-деп айтты ал.

Хачиган буга макул болгон жок. Президент Обама мурдагы бийликтин мурастарынан арылуу үчүн көп кадамдарды жасап жатат. Ирактан аскерлерди чыгаруу планын,Ооганстан менен Пакистандагы иштердин жаңы стратегиясын жарыялады,мусулман өлкөлөрүнө кол сунду.

Тарых - тараза

"Барып-келип эле бул администрацияны айткан сөзүнө карап эмес,кандай иштерди жасайт,алардын натыйжасы кандай болот, ушуга жараша баалашат ",-дейт Маккиннон.

Хачиган буга толук кошулат.

Тарых Буштун президенттигин жаңы эле таразалап,баалаганга киришти. Обаманы болсо алдыда чоң сыноолор күтүп турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG