Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Шеннон: Кандай гана адам болбосун, анын укугун жана эркиндигин коргойбуз


АКШ-Кыргызстан желектери.
АКШ-Кыргызстан желектери.

АКШ мамлекеттик катчысынын орунбасары Томас Шэннон Бишкекте студенттер менен жолугушкан учурда Азимжан Аскаров боюнча суроолорго жооп берди.

Борбор Азиядагы Америка университетинде өткөн жолугушууда жаштар “эмне үчүн Кыргызстанда кылмышкер деп табылган Аскаровду АКШ коргоп жатат?” деген суроо узатышты. Шэннон буга Вашингтон үчүн адам укуктарын коргоо баарынан жогору турарын жүйө келтирген жооп узатты:

-Адам укуктарын коргоо – биздин дипломатиялык миссиянын эң чоң бөлүгү. Ошондуктан, кандай гана адам болбосун, анын укугун жана эркиндигин коргойбуз.

Июнь коогасын уюштурууга айыпталып камалган Азимжан Аскаровду эл аралык коомчулук күнөөсүз экенин белгилеп келет. АКШ бийлиги ага адам укуктары жаатындагы жогорку сыйлыкты ыйгарган. Мындан улам Бишкек менен Вашингтондун мамилеси былтыр бир аз сууп, кайра калыптана баштаган.

Борбор Азияга 24-октябрда сапарын баштаган Томас Шэннон беш күн аралыгында Казакстанда, Кыргызстанда жана Өзбекстанда болот. Жолугушуулардын өзөгүн үч өлкө менен Вашингтондун өз ара кызматташуу маселелери түзөт.

Бүгүн ал Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, ортолук мамилелерди бекемдөө боюнча сүйлөштү. (SE\BCh)

XS
SM
MD
LG