Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Ирак коңшулары менен суу талашууда


Түркия суунун камын көрүп Эфрат дарыясына Ататүрк атындагы суу сактагычты курган. Бул Түштүк Чыгыш Анадолу долбоорунун бир бөлүгү.
Түркия суунун камын көрүп Эфрат дарыясына Ататүрк атындагы суу сактагычты курган. Бул Түштүк Чыгыш Анадолу долбоорунун бир бөлүгү.

Ирак бийликтери Түркия, Сирия жана Иранды чоң дарыялардан сууну ашыкча буруп алып, өлкөнү сууга таңсык кылууга салым кошууда деп күнөөлөдү.

Эгин жай футбол майданына айланды

Бүгүнкү Ирактын аймагы карт тарыхта Месопотамия же “эки дарыянын арасындагы жер” деген ат менен белгилүү. Тигр жана Ефрат дарыяларынын мол суусу байыркы Месопотамияда цивилизациянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Деңиз суусу ичкенге жарабагандыктан дыйкандар эгин эгип, мал бакканды токтотушту.

Амир Салман. губернатор

Азыр жагдай башка. Үч жылдан берки кургакчылык Иракты таза суу менен камсыздоого тескери таасир тийгизип, өлкөдө электр кубатын жана айыл чарба азыктарын өндүрүү кыскарды.

Ирактын түштүгүндөгү Амар кыштагында дыйканчылык менен жан баккан дыйкан “Азаттыктын”

Багдадга канатташ Саби Кусур шаарчасынын тургуну бар идиштерине суу толтурууда.

кабарчысына эгин жайы такырга айланып калганын айтып боздойт:

–Үч жылдан бери суу жок. Бизде айдоо жерлерибиз жана малыбыз бар. Биз жаздык жана күздүк эгиндерди тең өстүрчүбүз. Дарыяда суу 15 же 16 метр терең болчу. Менин айдоо жерим балдар топ тепкен майданга айланды.

Дарыяда суу азайган сайын Ирактын коңшулары менен чырлашуусу күчөдү. Түркиянын түштүк-чыгышынан башат алган Эфрат дарыясы Сирия аркылуу Иракка келет. Тигр Түркиядан түз эле Иракка агып, анан Эфрат менен кошулат. Ирандын батышынан да Иракка бир нече дарыядан да суу ичет.

Ирак жетекчилиги суунун тартыштыгына кургакчылык жана элдин өсүүсүнө катар суунун арзан баасы себеп болуп жатканын мойнуна алат. Ошол эле учурда Түркия, Сирия жана Иранды суу сактагычтарына жана керектөөлөрүнө сууну ашыкча көп буруп алууда деп күнөөлөп келет. Бу талаш-тынчтык эми орноп бараткан Ирактын коңшулары менен болгон мамилесин татаалдантып, региондо стабилдүүлүктү орнотууга коркунуч жаратууда.

Вашингтондо жайгашкан Жакынкы Чыгыш медиа изилдөө борборунун талдоочусу Нимрод Рафаэлинин айтышынча:

-Бул (суу) болочокто Жакынкы Чыгыш үчүн аябай олуттуу маселе болот: суунун тартыштыгы, кургакчылык, элдин көбөйүүсү-согушка алып барышы мүмкүн. Түркия, кандайдыр бир деңгээлде Сирия, Иран чоң масштабда Иракка аккан сууну азайтышты. Натыйжада, Иракка жетерлик суу келбей калды.

Деңиз суусу дыйканчылыкка жарабады

Ирактын түштүгү айла кеткенден деңизден суу алууда. Басра губерниясынын айыл чарба департаментинин башчысы Амир Салман

Эфрат дарыясы Ирактын түштүгүндөгү Кербала шаарына чукул жерде. 19-май 2009-ж.

деңиздин туздуу суусу дыйкандардын кендирин кескенин айтат:

-Маселе Тигр жана Эфрат дарыяларынан Басрага жетерлик суу келбей жатканында болууда. Ирандын Карун дарыясын буруп алганы да кырдаалды оорлотту. Фав району азыр деңизден суу алат. Деңиз суусу ичкенге жарабагандыктан дыйкандар эгин эгип, мал бакканды токтотушту.

Ирактын эсебинче, сууну керектөө 2015-жылга 50 процентке өсөт. Суу маселесин Ирак, Түркия жана Ирандын министрлери 3-сентябрда Анкарада болгон кездешүүсүндө талкуулашты. Бирок Түркия Иракка сууну көп берүүгө ынабады.

Бирок үч тарап январда Багдадда жолугалы, суунун көлөмүн ченөөчү орток станция куралы, кургакчылык жана климаттын өзгөрүүсү жөнүндө маалымат аламашып туралы деп макулдашты. Мындан азырынча ирактык дыйкандардын арыгындагы суу көбөйгөн жок.

XS
SM
MD
LG