Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

Батыш өлкөлөрү, АКШ баш болгон күчтөр Кыргызстандагы жаңы башталыштарга, процесстерге тынчсызданууларын билдирип, окуялардын өнүгүш нугун буруу боюнча кеп-кеңештерин, ал тургай бийликке өз талаптарын кыйыр билдире башташты. Миллиондогон каражаттардын келиши да ошол талаптардын аткарылышына жараша болчудай.

Бирок дале Орусиянын таасири күч, авторитардык өлкөлөрдүн кучагындагы Кыргызстан үчүн ал талаптарды аткаруу оор болчудай.

7-апрелден кийин Кыргызстанда чындап эле жаңы өлкөнү курганга мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, өлкө тарыхында жаңы процесс башталгандай болду. Башталгыч катары бийликтин бир колго топтолушун жокко чыгарган баш мыйзам кабыл алынганы менен Ош менен Жалал-Абаддагы коогалаң өлкөдөгү саясий-экономикалык кризисти тереңдетип, чындап демократиялык мамлекет курууну убада кылган жаңы бийлик алапайын таппай калды.

Саясий-экономикалык кризистин тереңдешинде сөзсүз түрдө жаңы бийликтин да күнөөсү бар.

Мелис Мырзакматов Ош шаарынын борбордук аянтында. 20.08.2010
Биринчиден, К. Бакиев таштай качкан бийликке отуруп калгандар эч качан бирдиктүү команда катары иш алып барышкан эмес. К. Бакиевге оппозиция болуп жүргөндөрдүн ар биринин амбициясы өтө чоң жана ар бири өзүн бирден-бир лидер сезип келишкен. Муну өздөрү да моюнга алып жүрүшөт.

Экинчиден, аларды К. Бакиевдин бийлигин кулатуу максаты гана бириктирип турган. Андыктан 7-апрелден кийинки бийлик чаржайыт иш-алып барып, аргасыздыктан тандалган компромисстик фигура – президент Роза Отунбаевага толук баш ийбей келатышат. Мындай абал толук легитимдүү президент шайланып, Р. Отунбаева чоң күчкө ээ болгондон кийин да уланууда. Дал ушул себептен улам эл аралык донорлор аба менен суудай керек болуп турган убада кылынган каржылык жардамын берүүгө шашпай турат өңдүү.

Ушул тапта Европа Биримдиги, АКШ сыяктуу эл аралык донорлор дүйнөлүк таасирлүү маалымат каражаттары, таанымал экперттер аркылуу Кыргызстандын бийлигине эскертүүлөрдү жиберип, чечкиндүүлүктү талап кылышууда. Ал чечкиндүүлүк ири алды борбордук бийликке баш ийгиси келбеген Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго окшогондорго, июндагы коогалаңдын иликтенишине байланыштуу. «Guardian» сыяктуу дүйнөлүк таасирлүү маалымат каражаттары жазгандай, эл аралык донорлор борборго баш ийгиси келбеген жергиликтүү чиновниктер турганда ал жакка каражат бөлүүдөн чочулашууда.

Кыргызстанга убада кылынган 1 миллиард 200 миллион доллардын басымдуу бөлүгүн АКШ менен Европа өлкөлөрү бермекчи. Бул өлкөлөрдүн тажрыйбасында дайыма боло жүргөндөй, мындай кызматы үчүн алар Кыргызстандан ишенимдүү демократиялык процесстерди, ири реформаларды күтөрү анык. Бирок азырынча кабыл алынган баш мыйзамдан башка ишенимдүүлүк, реформалык кадамдар байкалбай атат.

Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, азыр да мамлекеттик бийликте бир канча топтор өз алдынча башкарууга аракет кылышып, бирдиктүүлүк байкалбай атат. Мындай шартты байкаган батыш берилчү каражатты таасир берчү курал катары пайдаланып, борбордук бийликти чечкиндүүлүккө түртүүдө:
Марс Сариев

- Биз демократияны тандадык да. Андыктан батыштан жардам келип атканда, бул көзгө көрүнбөгөн таасир кылуу куралы болуп атпайбы. Ошондуктан алар отчет алып, билип турушу керек да баарын. Эми менин оюмча, бул жерде мындай жол бар. Кыргыздын элитасы бири-бири менен алышып, ресурстарды, бийликти талаша бербей тышкы оюнчулардын да оюнун түшүнүш керек. Бири-бири менен тил табышып, тентектерин тыйып, Кыргызстандын келечегин ойлоп кризистен чыгыш керек.

Президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиевдин айтымында, эл аралык алдыңкы мамлекеттердин Кыргызстандын толук демократиялык жолго түшүп кетүүсүн талап кылган жүрүштөрү негизинен туура, бирок айрым жетекчилер борборго баш ийбей калды деген кеп-сөздөр көбүртүп-жабыртылган:

- Мелис Мырзакматов деле чектен чыгып кеткен жок. Андан чочубаш керек. Ал эми каражат келсе мэрдин колуна барбайт. Каражатты дайыма кармап, сарптап турган өкмөттүн атайын орун басары Жантөрө Сатыбалдиев бар...
Топчубек Тургуналиев

26-августта техникалык өкмөттүн жыйынында экономикалык абал талкууланып, быйыл жыл соңуна чейин өлкө бюджетине 6 миллиард сомго жакын каражат жетпей калуусу ыктымал экени айтылган. Жыл ортосуна чейин тыштан келери пландалган 6 миллиард эмгиче жок. Анын үстүнө быйыл бюджеттин киреше бөлүгү өтө азайып, чыгымдар ыксыз көбөйүп кеткен. Каржы министри Чоробек Имашевдин айтымында, быйыл бюджеттин кошумча чыгымдоолору 12 миллиард 437 миллион сомду түзгөн.

Кыргызстанга өтө зарыл каражаттын келүү шарттарын аткаруу да оорчулукту туудурууда. Адам укуктары маселесинде катуу турган батыш Ош шаар мэри сыяктуу “ашкере улутчул” делген адамдардын кетишин талап кылса, кылдын кырындагы кырдаалды курчутууну каалабаган бийлик аны алуудан чочулап атат. Жаңы парламент келсе деле мындай кырдаалдан чыгыш үчүн жогорудагы маселелерди чечүүсү керек болот. Өлкөнүн кийинки багыты да ошол парламентке кандай күчтөр келеринен көз каранды.

Анын үстүнө кыйын учурдан пайдаланып маң заттарын ташуучулар, диний экстремисттер, криминал баш көтөрүп калганы да айтыла баштады. Буга кошул-ташыл болуп багытын өзгөрткөн Кыргызстанга авторитардык кошуналары салкын мамиле кылып, Орусия бийлиги болсо Кыргызстанды Ооганстанга салыштырган маалыматтарды байма-бай таркатууда. Эми болсо мамлекет өз милдеттерин аткара албай калуу, дефолт болуу коркунучу турганда паламенттик шайлоо өткөнү турат. Мындай оор жагдай ошол парламенттик шайлоо өтүп, жаңы өкмөт түзүлгүчө улангыдай. Анткени донорлор негизги каражатты жаңы парламент куралган соң бөлүүнү пландашкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG