Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Апта окуясы: Борборду Ошко көчүрүү демилгеси кайра козголду


Сулайман тоосундагы музей, Ош шаары.

Сулайман тоосундагы музей, Ош шаары.

Борбор Азиядагы талылуу аймак катары таанылган Фергана өрөөнүнө жакшылап көңүл бурулбаса, бир күнү барып кырдаал өз нугунан чыгып кетери көп эле айтылып келет.

Кыргызстандын экинчи борбору саналган Ош шаары да ошол талылуу аймакта жайгашкан. Жакында эле болгон коогалаң да ошол эле чөлкөмдө орун алды. Ал арада Кыргызстандын борборун Ошко көчүрүү демилгеси кайрадан жандана баштады.

Борбор шаарды Ошко көчүрүү демилгесин бул аптада Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары, Бириккен элдик кыймылы партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаров көтөрүп чыкты. Эгемендик алгандан бери маал-маалы менен көтөрүлө калчу маселе ошентип кайрадан ортого коюлду.

Оштун аркасынан Бекназаров саясий упай топтоо аракетин кылып ататбы?

Соңку жылдары Кыргызстандын түштүгүнө көңүл бурулбай калганы көп айтылып, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүнүн бирден бир жолу катары борборду Ошко көчүрүү зарылчылыгы айтылып келген. Ал тургай акыркы убактарда айрым министрликтер да Ош шаарына көчүрүлө баштаган болчу.

Парламенттик башкарууга өтүп бараткан Кыргызстанда күздө өтчү парламенттик шайлоону утурлай партиялардын саны күн санап өсүп барат. Ар кимиси шайлоого даярдык көрүп, кичинеси ирисин жандап соодалашууга өтсө, кайсы бири шайлоо маалында көзүр болуп берчү идеяларды издей башташты.

БЭК партиясынын лидери Азимбек Бекназаров да муну абдан жакшы түшүнөт. Андыктан, борбор шаарды Ошко көчүрүү керек деген идеяны колдогондордун көбү шайлоо маалында дал ушул А.Бекназаровго назар салуулары да толук ыктымал.

А.Бекназаровдун айтымында, бүгүнкү күнү Кыргызстанда кандай көйгөй бар болсо, бардыгы түштүктө. Андыктан түштүккө өзгөчө көңүл буруу керек:
А.Бекназаров


- Бүгүн Кыргызстанда эмне проблема бар десең, баары түштүктө болуп атат. Анысы аз келгенсип мынакей Ош өрттөлдү, Жалал-Абад өрттөлдү, таптакыр бүлүндү. Элдери үйсүз калды. Канча адамдар жабырланып жүрөт. Анан бүт сел болсо түштүктө болуп атат. Жери жоктор түштүктө. Бир сотых жер албагандар да бар Алай менен Аксыда. Баткенди айтпай эле коёюн. Ал жакка барыш өзүнчө эле бир тозок...

БЭКтин айланасына майда-барат партияларды топтоп алып күздө өтчү парламенттик шайлоого камынып калган А.Бекназаров ал тургай алардын партиясынын негизги талаптарынын бири борборду Ошко көчүрүү болорун айтат:

- Биздин БЭК партиясынын талабы бирөөлөргө жакса-жакпаса да сөзсүз толук түрдө борбор шаарды Ош шаарына көтөрүү болот. Президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш ошол жакта отурушу керек. Биздин партия муну талап кылмакчыбыз. Эгер биз борборду, мамлекеттик органдарды ал жакка көчүрбөсөк проблемалар чечилбейт. Анткени ал жак бүгүнкү күнү мурдагыдан да жаман абалга келип калды.Мен ал жакта болуп атам. Бүгүнкү күнү түштүк борборубуз жок болгону калды. Шаарды куруп, калыбына келтирип, элдерди жайгаштырышыбыз керек. Ал эми ушул тапта түштүктө канчалаган табигый кырсыктар болуп атат. Сел жүрүп атат, жолдорду жууп кетти, эч нерсе калбады, элдер каза таап атат. А биз баарыбыз Бишкекте отурабыз.

Ошентсе да борбор шаарды Ошко жылдырууга негиз жоктугун айткандар да бар. Маселен, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевдин айтымында, Ош шаарынан Өзбекстандын чек арасына чейинки аралык он километрге да жетпейт. Ошту борборго айлантууга азыр саясий дагы, экономикалык дагы негиздер жок. Ал эми А.Бекназаровдун демилесин М.Чолпонбаев саясий упай топтоо аракети катары баалады:

М.Чолпонбаев

- Борборду көчүрүү дегендин өзү оңой иш эмес. Ага ошончолук имарат куруш керек. Ошончолук элдер жашай турган үйлөрдү куруш керек. Анын маселеси көп. Анын ордуна чече турган чоң маселелер көп. Андан көрө кайра мурдагы Ош шаарын калыбына келтирип, оңдосок жакшы болот эле. Мына ошондо экинчи борбор шаар даана болот болчу.

Ал эми көтөрүлүп аткан демилге, бул жөн гана саясий упай алыш үчүн жасалып аткан нерсе. Шайлоого байданыштуу чыгып атат бул. Чындап келсе бардык мамлекеттер өз борборун чек арадан алысыраак жайгаштырууга аракет кылышат. Ал эми Ош шаары Өзбекстан менен болгон чек арадан болгону алты километр аралыкта турат. Ошондуктан бул болбогон нерсе.


Андан тышкары М.Чолпонбаевдин пикиринде, Кыргызстандын түштүгүндөгү көйгөйлөрдү ал жакка көбүрөөк көңүл бөлүү менен деле чечсе болот.

Борборду көчүрүү боюнча Казакстан мисалы туура келеби?

Аймагы чоң Казакстан да 1997-жылы борбор шаары Алматаны ошол кездеги Акмоло аттуу чакан шаарга көчүрүп кеткен. Акмолонун аты Астана деп өзгөртүлүп, ушул тапта ал заманбап инфраструктурасы бар бай шаар. Бул мисал эмне үчүн Кыргызстанга туура келбесин? Ошол сыңары борборду Ошко көчүрүүгө саясий-экономикалык негиздер барбы?

Акбар Рыскулов - 1996-жылдан тарта 2001-жылга чейин Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген. Казакстандын борборун ооштуруу процесси анын Казакстанда элчилик кызматты аркалап жүргөн учуруна дал келет. А.Рыскулов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Казакстандагы борборду көчүрүү мисалы менен Кыргызстанды салыштыруу туура эместигин, анткени шарттар башка экенин айтат:

Казакстандын борбору Астана шаары


- Биринчи, саясий зарылчылык болуш керек. Саясий жактан эл өзүнүн борборун көчүрүүгө, мындайча айтканда мажбур болушу керек. Казакстанда борборду Астанага көчүргөндө, алардын мамлекетинин түндүгүндө, айталык ошол эле Акмоло облусунун айрым жерлеринде жергиликтүү калк 12 пайыз эле калган райондор бар болчу. Калганы башка улуттар болчу. Анан алар референдум өткөрөбүз, антебиз-минтебиз дей башташткан. Орусиянын түндүгүндөгү орус казактары да кылычын булгап андай-мындай дей башташткан. Мындайча айтканда аларда саясий зарылчылык бар болчу.

Ал эми бизде ошондой саясий зарылчылык барбы? Ошону эске алыш керек.

Экинчи, эң зарыл шарт – экономикалык зарылчылык болушу керек. Мына, Ошко борбор көчкөндөн кийин Кыргызстан оңолуп кетеби? Кандай пайдаларды ала алабыз биз? Кандай пайда көрөбуз?

Мисалы, экономикалык жактан алганда казактардыкы туура болду. Казакстан эми жер аянты боюнча абдан чоң мамлекет да. Географиялык жактан алганда Казакстандын борбору Алматадан Астанага көчкөнү, өлкөнүн борборун карай жылуу болду. Анын үстүнө экономикалык жактан алганда тээ илгери эле темир жолдору, кара жолдор, аба жолдору так ошол Акмолонун түбүнөн байланышчу экен. Дал ошол жерден темир жолдору чыгышка, батышка, түштүккө, түндүккө Айтматов айткандай байма-бай каттайт экен. Ошол Акмолонун түбүнөн.

Ошондой эле мурдагы элчи Кыргызстан азырынча борборду которуу маселесинде шашылбоосу керектигин баса белгиледи:

- Менин оюмча андай зарылчылык жок борборду которууга. Менимче Кыргызстандын кыйналып аткан жагдайы мында болуп атат: Эчтемени ойлобогон, эчтекени эсептей албаган, эсептебеген, бирок кыйкыра билген адамдардын гана айткандары өтүп келатат. Ал эми мындай өзүнүн кызматын жакшы билген адистердин, экономисттердин пикирлери эсепке алынбай калып атат. Ошол себептүү бул маселеге азыр шашпаш керек.

Айрым талдоочулар борборду Ошко көчүрүүгө саясий негиздер бар экенин айтышат. Анткени борбор түштүккө жылса чек аралар бекемделип, маң заттары транзитин бууганга оңойураак болмок. Анын үстүнө ал жактардагы этникалык ж.б. көптөгөн көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

О.Каратаев


Тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаевдин айтымында, америкалык футурологдор бир канча жыл мурда эле Жакынкы Чыгыштагы өрт 2000-жылдары Фергана өрөөнүнө оорун айтышкан. Андыктан баарына даяр болуп, керек болсо борборду түштүккө жылдыруу процессин баштоо керек:

- “Тынч жашайм десең согушка даярдан” деген жакшы бир сөз бар. Анын сыңарындай борборду түштүккө которуу туура болот. Анткени биз баарына даяр болушубуз керек. Чек араларыбыздын баары бекем эмес болуп атат.

Баягы 94-95-жылдары эле америкалык футурологдор айтып коюшкан экен, “2000-жылдардан кийин Жакынкы Чыгыштагы талаш-тартыш, проблемалар Фергана өрөөнүнө көчүш керек” деп. Ошондуктан биз ага даяр болушу керек.


Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, өлкө борбору сөзсүз түрдө эле чоң шаарда жайгашуусу шарт эмес. Борбор шаарды Ош эмес, андан берээктеги кичине шаарларга деле жылдырса болот:

- Америкада мындай экен да, мен ойлоптурмун Нью-Йорк штаттын борбору деп. Жок андай эмес экен. Ал штаттын борбору Алабама экен, кипкичинекей шаар. Анан Вашингтонду деле Нью-Йорк менен салыштырсаң кичинекей эле айыл болуп калат. Ошондуктан борборду Ош эмес башка чакан шаарларга деле жылдырса болот.


Канткен күндө да калк жыш жайгашкан Фергана өрөөнүндөгү үлбүрөп турган кырдаал үзүлүп кетүүсүн алдын алып, Кыргызстан өлкө түштүгүнө көбүрөөк көңүл буруусу керектиги тууралуу пикирлерди “борбор көчсүн, көчпөсүн” дегендер деле айтышууда. Маселе, борбор көчсө эле түштүктөгү топтолуп калган көйгөйлөр чечиле калабы, же ал маселелерди борбор которуштурбай чечүү керекпи, мына ушунда болууда.

Табигый кырсыктар негизинен Кыргызстандын түштүгүндө көп болгондуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ошко көчүрүлгөн. Эми коогалуу окуяларды, чек арадан өтүп келе калчу экстремисттик ж.б. күчтөрдү, маң зат ташуучу мафиялык топторду эске алып, күч органдарынын өзөгүн түштүккө жылдыруу маселеси да ортого чыкчудай.

А.Мамбеталиев


Бирок Ошту айта турган болсок, эгер ал жакка олуттуу көңүл бурулбаса, ошол жакка кандайдыр бир бийлик органдарын жылдырбаса Оштон ажырап калышыбыз мүмкүн. Бул жагы турган нерсе.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG